AUCA the best 2

2024-04-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

Чыңгыз Шамшиев: Студенттерди критикалык ой жүгүртүүгө үйрөтүү керек

Интеллектуалдык ресурс санариптик экономиканын эң маанилүү компоненти болуп саналат. Анын сапаттуу калыптанышы үчүн негизги жоопкерчилик билим берүү системасына жүктөлгөн. Билим берүү тармагын өнүктүрүүдө мамлекеттин ролу кандай? Ушул жана башка көптөгөн темалардын айланасында Борбордук Азиядагы Америка университетинин вице-президенти, БААУнун Инновациялык колледжинин башкы директору, Франциянын экономика илимдеринин доктору Чыңгыз Шамшиев кеп кылды. (1-БӨЛҮК)

Дүйнө жогорку технологиялар дооруна кадам таштады. Учурда дүйнөдө социалдык жана экономикалык жактан өтө терең өзгөрүүлөр болуп жатат. Бүтүндөй тармактар ​​таанылгыс болуп өзгөрүп жатат. Жакынкы 10-20 жылда кээ бир кесиптер же өзгөрөт, же таптакыр жок болот. Салттуу кесиптер болгон тейлөөчү банк кызматкерлери, бухгалтерлер жана кассирлер, юристтер жана юридикалык кеңселердин кызматкерлери, котормочулар жана күнүмдүк жумуштарды камтыган башка кесиптер жок болот.

Ушул өзгөрүүлөрдүн бардыгы билим берүү мекемелеринин алдында олуттуу суроолорду жаратууда. Адамдарды кантип жана эмнеге үйрөтүү керек? Университеттин миссиясы эмне? Коомдогу жана адам жашоосундагы билим берүү системасынын миссиясы кандай? Студент окуусун аяктагандан кийин анын компетенттүүлүгү экономика жана коом тарабынан талап кылынбай турган жагдайга туш болбошу үчүн кандай билим бериш керек? Дүйнөдөгү дээрлик бардык университеттер, айрыкча ири жана алдыңкы университеттер бул көйгөйдү чечүү жолдорун издешүүдө.

БАЗАР КЕРЕКТӨӨЛӨРҮНӨ ЖАРАША БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ

Студенттерге суроо-талапка жараша билим берүүнүн түрдүү ыкмалары бар. Алдыдагы 10-20 жылдык аралыктагы базар керектөөлөрүн прогноздоп, пландаштырып, ушунун негизинде окуу программаларын түзсө болот. Дүйнөдөгү же конкреттүү тармактардагы технологиялык жаңылыктарга карабастан, кандай кырдаал болбосун, адам коомдогу өз ордун таба алышы үчүн кандай универсалдуу компетенттүүлүктөр керек экенин аныктаса да болот. Мен, экинчи ыкманы туура деп ойлойм. Анткени 5 жылдан кийинки экономикада жана технологияда кандай өзгөрүүлөр болорун алдын-ала айтуу кыйын. Бул аба-ырайынын болжолдоолоруна окшош, жакынкы 2-3 күндүн ичинде ал аздыр-көптүр так болот, бирок узак аралыкка прогноздоо тынымсыз оңдоп түзөөлөрдү талап кылат.

Коом - бул бири-бири менен байланышкан өзгөрүүлөрү жана кокустук факторлору бар татаал система. Экономиканы бир жылга олуттуу прогноздосо болот, бирок ал туруктуу оңдоолорду талап кылат. Эл аралык ири уюмдар экономикалык өнүгүү, инфляция жана жумуш менен камсыз кылуу боюнча прогноз берүүдө ушундай кылышат. Негизги багыттарды аныктоо үчүн, жакынкы 10 жылга социалдык өнүгүүнү пландаштыруу жана прогноздоо керек. Бирок мындай божомолдорго толугу менен таянууга, андан да ушундай божомолдордун негизинде ишканаларды, мамлекеттик мекемелерди жана ЖОЖдорду түп-тамырынан өзгөртүүнүн кажети жок.

БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН МИССИЯСЫ ЖӨНҮНДӨ

Мурда экономиканын жөнөкөй түрлөрүндө, коомдук уюмдун анча татаал эмес формаларында колдонулган "кесиби боюнча иштөө" деген түшүнүктөн акырындап баш тартуу керек. Билим берүү системасынын миссиясы биринчиден, адамдарды бактылуу болууга, ар кандай тармакта өзүн табууга, тагдырдын соккуларына туруштук берүүгө, ар дайым өзгөрүп турган шарттарга көнүүгө, жаңы идеяларды жаратууга жана аларды турмушка ашырууга, башка адамдар менен оңой байланыш түзүүгө, кырдаалга жараша пландарды өзгөртүүгө жана өзгөрүүдөн коркпоого үйрөтүү болуп саналат. Биз логикалык ой жүгүртүү, кырдаалды реалдуу баалоо, узак мөөнөттүү максаттарды коюу, көйгөйлөрдү логикалык түшүнүү, жашообузду рационалдуу уюштуруу, ар кандай маселелерге критикалык көз караш менен мамиле кылуу жана башка адамдардын көз карашын сыйлоо жөндөмүн өрчүтүүбүз керек. Адамдарды адаттан тышкары ой жүгүртүүгө, оор шарттагы көйгөйлөрдү чечүүдө стандарттуу эмес мамиле кылууга, алар иштеп чыккан чечимдерди ишке ашыра билүүгө, каталар менен иштей билүүгө үйрөтүү керек. Булар мектептерде, колледждерде жана университеттерде адамдарды окутууга керек болгон негизги компетенттүүлүктөр деп ойлойм. Албетте, кесиптик адистештирүү, тармактык билим кала бериши керек, бирок аларды жогоруда айтылган универсалдуу компетенттүүлүктөр менен бышыкташ керек. Тагыраак айтканда, тармактык компетенттүүлүк универсалдуу компетенттүүлүктү колдонуу чөйрөсү катары окутулушу керек.

АДИСТЕРДИ ДАЯРДОО БОЮНЧА

Адистерди даярдоодонун бир канча түрү бар, анын ичинде бүтүрүүчү ээ болууга тийиш болгон компетенциялар бар. Де-юре, бул ыкма биздин өлкөдө ишке ашырылып жатат, бирок иш жүзүндө жогоруда айтылган кесиптик жана универсалдуу компетенцияларды окутуу жокко эсе.

Тилекке каршы бизде, көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдүүлүгү, критикалык ой жүгүртүү жана маалымат менен иштөө окутулбайт. Биздин мектеп окуучулары жана студенттер логикалуу ой жүгүртүп, жаза алышпайт демек, алар окуй алышпайт жана логикалык, структуралык ой жүгүртө да алышпайт. Ошондуктан жазуу жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүү маанилүү. Бирок буга карабастан, биздин билим берүү мекемелерибизде тесттер жана сынактын оозеки түрлөрү басымдуулук кылат. Демек, республикада мектепке чейинки, мектептик жана жогорку билим берүүнүн абалы канааттандырарлык эмес.

Ошол эле учурда, экономика үчүн билим берүү системасынын ролу өтө маанилүү - бул өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон фактор. Экономисттердин арасында көптөгөн маселелердин, ар кандай мектептердин жана тенденциялардын айланасында түрдүү талаш-тартыштар бар, бирок алардын басымдуу бөлүгү билим сапаты канчалык жогору болсо, калктын жыргалчылыгы ошончолук жогору болот деген пикирде.

Чынгыз Шамшиев,

БААУнун вице-президенти жана аткаруучу директору, экономика илимдеринин доктору, профессор.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2