2024-10-15
Билим
Чыңгыз Шамшиев: “Билим берүүдөгү экспорттук дараметти толук пайдаланышыбыз керек”
Кыргызстандын билим берүүдөгү экспорттук дарамети чоң. Бул багыт экономиканы гана өнүктүрбөстөн, өлкөнүн атаандаштык дараметин жогорулатып, дүйнөлүк коомчулук менен байланышууга көпүрө болуп берет.
Билим берүү экспорту Кыргызстанды интеллектуалдык жактан өнүккөн өлкө катары таанытып, билим берүүнү экспорттоо менен миллиондогон доллар киреше алып келсе болот. Үчүнчүдөн, эл аралык деңгээлге чыкканда билим берүү сапаттык жагынан да жакшырат.
Бул багытта БААУнун вице-президенти Чыңгыз Шамшиев ой бөлүшүп, билим берүүдөгү экспорттук дараметти толук пайдалануу керектигин, ал үчүн системаны жана окуу программаларды жаңылоо зарылчылыгы бар экендигин белгилейт.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда медициналык билимди экспорттоо жакшы өнүгүп келе жатат. Индия, Пакистан, Кытай, Афганистан, Иран сыяктуу өлкөлөрдөн студенттер келип окуп жатышат. Кыйырдагы кызыкчылыкты арттыруу үчүн алеки саамда билим берүүнүн сапатына санаа тартышыбыз керек. Сапат демекчи, эми Кыргызстандын жогорку окуу жайлары өзүнүн окуу программасынын үстүнөн өзү иштей турган болду. Бул билим берүүдөгү революциялык кадам. Белгилей кетсек, “Манас таануу”, “Кыргыз тарыхы” сыяктуу идеологиялык жактан маанилүү сабактар милдеттүү түрдө окутулат, - деп билдирди Шамшиев. Андан сырткары, Чыңгыз Шамшиев билим берүүнү экспорттоо алдында бир канча маанилүү кадамдар жасалышы керектигин белгилеп кетти. Мисалы, билим берүү тутумун делегирлөө, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, инфраструктура маселелери жөнгө салуу керектигин кошумчалады.