AUCA the best 2

2025-10-29

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

Борбор Азиянын университеттеринин мыкты ондугуна кирген БААУ

Борбор Азиядагы Америка университети Эл аралык, көп профилдик билим берүү мекемеси болуп саналат.

БААУнун миссиясы – Борбор Азиядагы кайра куруулуар үчүн америкалык гуманитардык билим берүүнүн мыкты салттарында жаңы, билимдүү, жетектөөчү кадрларды даярдоо. БААУ – гуманитардык илимдер тармагында америкалык система боюнча окуткан Борбор Азиядагы алгачкы университет. Ошондой эле ал Quacquarelli Symonds (QS) рейтинги боюнча Борбор Азиядагы мыкты 10 университеттин катарына кирет. Окутуу программалары АКШда Bard College менен өнөктөштүктө аккредитацияланган. БААУнун бүтүрүүчүлөрү бир учурда 2 дипломго ээ болушат: кыргыз мамлекеттик үлгүсүндөгү жана АКШда аккредитацияланган дипломдорго.

Биздин университетте бакалавриаттын төмөнкү багыттары боюнча билим алууга болот:

“Антропология, технология жана Эл аралык өнүктүрүү”;

“Колдонмо геология”;

“Эркин искусстволор жана илимдер”;

“Европа таануу”;

“Журналистика жана массалык байланыштар”;

“Телевидение, кино жана медиа искусстволор”;

“Эл аралык жана бизнес укук”;

“Эл аралык жана салыштырма саясат”;

“Колдонмо математика жана информатика»;

“Психология”;

“Программалык инженерия”;

“Социология”;

“Бизнес башкаруу”;

“Экономика”.

Магистрдик программаларды төмөнкү адистиктер түзөт:

“Антропология, урбанизм жана Эл аралык өнүктүрүү”;

“Социология”;

“Бизнести башкаруу” (MBA);

“Экономика”;

“Борбор Азияны иликтөө”;

“Журналистика”;

“Педагогика”;

“Колдонмо психология”;

“Укук” (LL.M.)

“Таланттарды башкаруу жана уюмдарда адамдык потенциалды өнүктүрүү”.

БААУда бакалавриат программалары боюнча акысыз бекер окууга да мүмкүн. Ал үчүн төмөнкү шарттардын бирин аткаруу керектелет:

  • • Жалпы республикалык тестирлөөнүн Алтын сертификаты
  • • Англис тили боюнча республикалык олимпиадада I орун
  • • Кирүү сынактарында эң жогорку упай (“Антропология” жана “Социология” программалары үчүн гана)
  • • БААУнун донорлорунун гранттык программалары
  • • БААУ тарабынан жыл сайын өткөрүлчү Brain ring жана Streamсынактарында жеңишке жетишүү.

БААУда 1300 студент билим алса, алардын 70% КРнын жарандары. Калган 30% төмөнкү мамлекеттердин жарандары болуп саналат: АКШ, Франция, Канада, Германия, Норвегия, Англия, Монголия, Түштүк Корея, Кытай, Казакстан, Тажикистан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Ооганстан.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2