2024-12-22
Интервью
Кирилл Мазазолин: Адам өмүрү үчүн жоопкерчилик алуу – оңой оокат эмес
Апам фармацевт болгону үчүн бала кезден дары-дармектин жытын таанып чоңойдум. Жогорку класста окуп жүргөндө, медициналык билим алууга өзгөчө шыктанып калдым. Адамдарды дарылап, дарттан арылтып, өмүр үчүн күрөшүүнү самадым.
Мектепти аяктап, Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин медициналык факультетине тапшырдым. Жогорку окуу жайды кызыл диплом менен бүтүрдүм. Андан соң, белгилүү хирург Эрнст Акрамовдун жетекчилиги астында Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө эмгектене баштадым. 15 жылдык эмгек жолумда аздыр-көптүр тажрыйба топтодум.
ХИРУРГДУН БИР КҮНҮ
Менин күнүм эртең мененки 5 мүнөттүк жыйналыштан башталат. Устатыбыз Эрнст Акрамов баарыбызды чогултуп, иш-мерчемдер менен тааныштырат. Ким кайсы бейтапка операция жасарын устат өзү чечет. Бардык оорулуулардын дарт баяны менен тааныштырып, дарылоо жолдору көрсөтүлөт. Ошентип, дарыгердин иш күнү бейтаптарды текшерүү менен башталат. Эгер оор абалда киши келип калса, анда ал оорулуунун абалы турукташканга чейин жанында болууга туура келет. 2-3 күн жанынан чыкпай дарылап калган учурлар да болот. Бейтаптын өмүрү үчүн жооптуу болгондон кийин, мүнөт сайын текшерип отурган күндөр, түндөр да көп өттү. Иш графиги дегенди дээрлик унутуп да калабыз. Айрым операциялар бир күн кечке же таң атканга чейин созулат. Мындайда эс алуу эмес, тамактанганга убакыт жок болуп калат. Бир чөйчөк кофе ичип алып, кайра баш-отуң менен жумушка кирип кетесиң.
ТАШТАП КЕТИП КАЛГЫМ КЕЛГЕН УЧУРЛАР БОЛОТ
Мындай учурлар да болот. Жан аябай, түн уйкуңду кечип коюп иштеп жатсаң, дарыгерлердин дарегине айтылган терс пикирлер жан кейитет. Кээде социалдык тармактарга баш багып калам. Ал жакта биз жөнүндө жазылган ой-пикирлерди окуп, мээнетиме күйүп кеткен учурларым көп эле болот. Адамдын өмүрү үчүн жоопкерчилик алуу - бул оңой жумуш эмес. Миң кырдуу азапты көрөсүң. Анын үстүнө айлык маянанын аздыгы да кесиптен колду суутат. Коомчулуктун жакшы эмес мамилесине кошумча мамлекеттин да көңүлкош карашы дарыгерлерди кээде иренжитиши турган кеп.
ДАРЫГЕРЛЕР МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН КОРГОЛГОН ЭМЕС
Коомдун дарыгерге болгон терс мамилесине бир гана себеп бар - мамлекет медицина кызматкерлерине ушундай макамды түзүп берип койду. Дарыгерлер мамлекет тарабынан корголгон эмес. Мисалы, ооруканага ар кандай кишилер келет. Түнкүсүн мас абалында келип алып, дарыгерлерге кол көтөргөн учурлар да жок эмес. Мындай учурда албетте мамлекет медицина өкүлдөрүн коргошу зарыл. Атайын мыйзам кабыл алыппы же өзгөртүү киргизүү аркылуу мамлекет өз дарыгерлерин коргоп алышы керек.
ЖАРДАМ БЕРЕ АЛБАЙ КАЛГАНДА ЖАРЫЛА ЖАЗДАЙМ
Чындыгында, айрым учурларда дарт менен алышууда медицина алсыз болуп калат. Жардам бере албай калганда жарыла жаздайм. Бейтаптын өлүм менен алышып жатканын көрө туруп, эч нерсе жасай албай калган учурда өзүмдү-өзүм жемелегенге чейин барам. Кээде, оорулуулар дарыгерге жок жерден жиндене беришет. Албетте, баарына медицинанын тилинде окуянын чоо-жайын түшүндүрө албайсың. Мындайда бейтап же анын жакындары бүт агрессиясын дарыгерге жүктөй салат. Кандай кырдаал болбосун, түшүнүү менен кабыл алууга аракет кылам. Анткени, тандап алган кесибим буга милдеттендирет. 15 жылдан бери иштеп, мунун баарына үйрөнүп да калат экенсиң. Баягы айтканымдай, кофе ичип алып кайра жумушка киришип кете берем.
ХИРУРГИЯ ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫ ТАЛАП КЫЛАТ
Хирургия – чыгармачылыкты талап кылган медицинанын багыты. Ар бир операция өзгөчө мамилени, өзгөчө чыгармачылыкты талап кылат. Бир эле операция ар кандай жол менен жасалышы мүмкүн. Окшош операция болбойт.
ЖӨНӨКӨЙ ОПЕРАЦИЯ БОЛБОЙТ
Профессор устатым Эрнст Акрамов айткандай жөнөкөй же оңой операция болбойт. Мисалы, ошол эле аппендицитти алалы. Ар бир бейтапка түрдүү ыкмалар менен жасалат. Айрым учурда кыска убакыт аралыгында операция жасап коёсуң, кээде 5-6 саатка созулуп кетет. Эң жөнөкөй операцияда эң татаал кырдаалдар жаралып калышы толук ыктымал. Көпчүлүк бычак сайылган жерди дарылоо жеңил деп ойлошот. Тескерисинче, бейтап ооруканага түшкөндө эч кандай анализи же текшерүүсү жок эле дароо операцияга аласың. Ар кандай кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн.
ДАРЫГЕРЛИКТИН ТУЗУ ООР
Медицинага келүүнүн алдында абдан жакшы ойлонуш керек. Бул тармактын татаал ашууларын талбай ашып өтөм деп, өзүнө ишенгендер гана бул жүктү көтөрүп кете алат. Көкүрөктөгү каалоо жүрөктү жарып чыгайын дегенде гана келсе болот. Мисалы, биздин курста 140 студент бар эле. Алардын 20 чактысы гана дарыгерликте калышты. Калганы медицинанын жүгүн көтөрө алган жок.
“ХИРУРГИЯ” ДЕГЕН ИСКУССТВОДО ИЗ КАЛТЫРГЫМ КЕЛЕТ
Спорт менен досмун. Тыным албай машыгып, спорт менен демдүү жүрөм. Негизи, сак-саламат жүрүүнүн сыры спортто деп билем. Искусствого да көңүл бургум келет, бирок убакыт жоктугунан жана жумушумдун татаалдыгынан кол жетпей жүрөт. Мен “хирургия” аталышындагы чоң искусстводо из калтыргым келет.