AUCA the best 2

2024-04-24

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Таттыгуль Мадымарова: Биздин мектепте балдардын билими гана эмес, жеке прогресстерине да көңүл бурулат

Заманбап окуу мекемелеринин директорлоруна оңой эмес. Татаалдыгы – жашоонун, замандын тез өзгөрүп баратышында. Эмнеге умтулуп жатабыз? Кимди тарбиялап жатабыз? Жыйынтыгы кандай болот? Заманбап билим берүү процессинин “продукту” кандай болушу керек? Заманбап башкаруучу – бул стратег, ишкер жана дипломат.

- Электрондук күндөлүктүн кадимки күндөлүктөн кандай айырмасы бар?

- Учурда ар бир адамга интернет жеткиликтүү, буга байланыштуу Билимкана фондунун мектеби заман талабына ылайык иш алып барат. Санариптештирүү доорунда окуучулардын күндөлүгү да электрондоштурулду. Мурда ата-энелер баласынын окуудагы ийгиликтери менен таанышуу үчүн мектепке барышы керек болсо, эми бардык маалыматты телефон аркылуу эле билип койсо болот. Баалар, үй тапшырмалары, окуучунун жүрүм-туруму, сабактардагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр – баары электрондук күндөлүктө жазылган. Ошондой эле, өтүлүп жаткан сабактардын мазмуну тууралуу да маалыматтар бар. Мында кат алмашуу менен ар кандай мүнөздөгү маселелерди чечип алууга болот. Электрондук күндөлүк ата-энелердин да, мугалимдердин да убактысын үнөмдөйт деп айтсак болот.

- Баланы онлайн кантип мектепке киргизүүгө болот?

- Билимкананын бардык мектептерине www.bilimkana.kg сайты аркылуу баланы мектепке киргизсе болот. Сайтка арыз калтырса, мектеп кызматкерлери ата-энелер менен өздөрү байланышат. Андан сырткары, Facebook жана Instagram социалдык тармактарында да активдүү иш алып барабыз. Ал жактагы расмий баракчалар аркылуу да каалаган учурда байланышууга болот.

- Азыркы балдарды билим алууга кантип шыктандырса болот?

- Ал кандай бала? Эмнени каалайт? Эмне эргүү берет? Деген суроолорго жооп алган учурда гана баланы шыктандырууга мүмкүн болот.  

Илим жана техника туруктуу өнүгүп жаткан заманда ар бир баланын ар тараптуу өнүгүшү маанилүү. Негизи эле, балдар абдан тырышчаак, ачык мүнөздүү. Аларды түшүнгөн жана сыйлаган чөйрөдө гана билим алгысы келет. Баланын мүмкүнчүлүгүнө жараша тапшырмаларды берип, мактап, аракетин жакшы баалар менен алкоо – ага чоң мотивация берет. Мугалим да, ата-энелер да дайыма алкыш айтып, багыт берип, шыктандырып, анын кызыкчылыктарын колдоп турушу керек. Окутуучулар жана ата-энелер тарабынан көрсөтүлгөн колдоо жана түшүнүү – дем-күч берип турат.

- Кайсы капитал маанилүү: адамдыкпы же социалдыкпы?

- Адамдык капитал – бул сабаттуулук, тарбия, билим жана адамдын жөндөмдөрү. Ал эми социалдык капитал – коммуникативдүүлүк, ыңгайлашуу жөндөмү жана жамаатта иштей билүү. Кайсынысы маанилүү экендигин анык айтуу татаал. Бул эки капиталды айкалыштыруу менен адам жогорку көрсөткүчкө жетип, ийгиликтерди жаратса болот. Билимкананын окуучулары билим алуу менен гана чектелбестен, түрдүү долбоорлорго катышып, ыктыярчылык менен алектенип мектептеги ар кандай иш-чараларды уюштурууга жардамдашат. Муну менен балдар адамдык капиталын өстүрүп, ал эми сабактан тышкары социалдык капиталын бекемдейт. Мүнөт сайын өзгөрүп турган коомго жаңы идеялар керек. Мектеп баланын өзүнө болгон ишенимин бекемдеп, личностту өстүрүп чыгарышы керек. Ийгиликтин көрсөткүчү – бул сабактагы жакшы баа жана олимпиададагы жеңиш эле эмес, мамиле куруу, ишендирүү жана достошуу жөндөмү менен бааланат.  

- Окуучулардын өз алдынча билим алуу жөндөмүн өнүктүрүү, башкаларга кулак салуу, кадимки тапшырмаларды аткаруу жана креативдүү ой жүгүртүүсүн өстүрүү үчүн мектепте кандай шарттарды түзүү керек?   

- Окуучунун билим алуу жана өнүгүүгө болгон каалоосун пайда кылуу үчүн албетте жагымдуу шарттарды түзүү кажет. Бул шарттар ишеним жана өз ара түшүнүүнүн негизинде курулушу зарыл. Балдардын психологиясын түшүнүп, өзүн табууга жардамдашуу маанилүү. Окуучунун аракеттерин колдогон учурда гана ал өзүнүн кетирген катачылыктарынын үстүнөн иштей баштайт. Адам табиятынан талапчан болот, ошондуктан кандай гана маалымат болбосун кызыктуу жана интерактивдүү форматта жеткирүү керек.  Билимканада балдар сабактарды өз алдынча даярдашып, презентацияларды жасашып, талкууларга катышып, керек болсо мугалимдин ордуна сабак окутуп тажрыйба топтоп башташат. Мектепте күн сайын ар кандай кызыктуу окуялар болуп турат. Мүмкүн, өзгөчөлүгүбүздүн сыры да ушунда.

- Өсүп келе жаткан муундун тилин таап, керектүү билимди бере ала турган мугалимдерди кантип даярдоо керек?

- Мугалимдик – бул абдан татаал, ошол эле учурда кызыктуу жумуш. Бул кесип тынымсыз өзүн-өзү өнүктүрүп турууну талап кылат. Дайыма окуп, өзүнүн үстүнөн иштеп, кесипкөйлүгүн арттырып турган мугалимдин сабагы окуучулар үчүн кызыктуу болору талашсыз. Азыр ресурстар абдан көп: интернет сайттар, тренингдер, семинарлар. Тактап айтканда, маалымат булактары арбын. Мына ошол эбегейсиз маалыматтык базадан эң керектүүсүн алып, балдарга берүү да жогорку чеберчиликти талап кылат. Биз мугалимдерди кагаз иштеринен бошотуп, креатив үчүн убакыт бөлүп жатабыз. Билимкана фонду педагогдордун квалификациясын жогоруталуу үчүн тренинг жана семинарларды байма-бай өткөрүп турат. Мугалимдер тынбай окуп турушу зарыл.

- Ата-энелер сиздердин мектепти эмне үчүн тандашы керек, Билимкананын башка мектептерден кандай артыкчылыгы бар?

- Биздин мектепте окуучулардын билимине гана эмес, жеке прогресстерине да көңүл бурулат. Алардын жөндөмдөрүн өнүктүрүп, өз алдынча билим алууга, максат коюуга жана аларга жетүүгө, жеке жетишкендиктерин коргоого, критикалык ой жүгүртүүгө, кызматташууга, креативдүүлүгүн жана ийкемдүүлүгүн көрсөтүүгө, жеке окуу стратегияларын талдоого, тырышчаактыкка, ката кетирүүдөн коркпоого жана анын пайдалуу жагын алууга үйрөтөбүз.

- Мектептин педагогикалык курамы тууралуу айта кетсеңиз?

- Bilimkana Chinese School мектебинде жалпы 35 мугалим иштейт. Баары жогору билимдүү, 6 педагогдун магистр даражасы бар, бир мугалим илимдин кандидаты, экөө Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктылары. Жаш, креативдүү жана тажрыйбалуу мугалимдер да бар. Жалпы коллектив өз ара тажрыйба алмашуу менен тыгыз кызматташтыкта иштешет.

- Биздин окурмандар Билимкананын билим берүүсүнүн сапаттуулугунан шек санап, кандайдыр бир күмөнү болсо, кимге кайрылып жооп алса болот?

- Эгер күмөнүңүз болсо, анда биздин мектепке келип окуучулар менен мугалимдердин ортосундагы кызматташтыкка жана жылуулукка күбө болуп кетсеңиздер болот. Биздин мектеп – балдарды сүйгөн жана күткөн жай.

- Мүнөт сайын өнүгүп жаткан заманда жаңы типтеги мектептерди башкаруунун сыры эмнеде?

- Заманбап окуу мекемелеринин директорлоруна оңой эмес. Татаалдыгы – жашоонун, замандын тез өзгөрүп баратышында. Эмнеге умтулуп жатабыз? Кимди тарбиялап жатабыз? Жыйынтыгы кандай болот? Заманбап билим берүү процессинин “продукту” кандай болушу керек? Заманбап башкаруучу – бул стратег, ишкер жана дипломат. Ар бир жетекчинин өзүнүн чыйыр жолу бар. Жаңы типтеги мектептердин директорунун ийгилик сыры – туура максат коё билгендигинде.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2