AUCA the best 2

2024-04-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

Борбордук Азиядагы Америка университетинде ачык эшиктер күнү өттү

2020-жылдын 9-февраль күнү Борбордук Азиядагы Америка университетинде ачык эшиктер күнү өттү.

Иш-чаранын расмий бөлүгү БААУнун вице-президенти Чыңгыз Шамшиевдин сөзү менен башталды. Ал сөзүнүн башында окуудагы ийгиликтерге негиз болгон жаңы, инновациялык имарат тууралуу айтып өттү. Университеттин коомго ачыктыгы - БААУнун философиясынын бир бөлүгү эсептелет.

Ч. Шамшиев белгилегендей, БААУ башка университеттерден өзүнүн студенттерин бактылуу кылууга умтулуусу менен айырмаланат. Ал эми окуу жайдын негизги максаты – коомду жакшы жакка өзгөртүү. Дүйнө бизге олуттуу чакырыктарды таштоодо. Технологиянын бат өнүгүп жана жасалма интеллекттин доору жакындаган сайын, алдыдагы 10-20 жылда азыркы кесиптер түп-тамырынан өзгөрүп же таптакыр жок болуп кетүү ыктымалдыгы 60 пайызды түзүүдө. Маалыматтын чоң көлөмү жана гаджеттер адамдардын таанып-билүү жөндөмүн төмөндөтүүдө. Бул дагы бир чакырык.

Социалдык теңсиздик жана социалдык адилетсиздик, дегенибиз 20 адам жер жүзүндөгү калктын 50 пайызы ээлик кылган мүлктөн да көп байлыкка ээ болуусу да чоң көйгөй. Климаттын өзгөрүүсү жана айлана-чөйрөнүн деградацияланышы да БААУ маанилүү деп эсептеген чакырыктардын бири.

Чыңгыз Шамшиевдин БААУнун ачык эшиктер күнүндө сүйлөгөн сөзү:

“Урматтуу достор! Урматтуу болочоктогу студенттер!

Сиздер менен университеттеги маанилүү деп эсептелген иш-чарада, ачык эшиктер күнүндө көрүшүп турганыбызга абдан кубанычтамын. Мына бул имарат Борбордук Азиядагы алдыңкы инновациялык курулуш эсептелет. Бул көбүртүп айткандык эмес. Чындыгында, БААУнун имараты Борбордук Азиядагы мыкты жана ар тараптуу ыңгайлаштырылган курулуш болуп саналат жана анын эшиги баарыңыздар үчүн ачык. Бул Кыргызстан жана Борбордук Азиянын бардык жаштарынын жалпы үйү.

Өткөн жылы биздин окуу жайга 100 миңден ашык конок келип кетти. Быйыл болсо бул көрсөткүч 120 миңге жетет деген үмүтүбүз бар. Кампуста түрдүү конференция, тегерек стол, көргөзмө-жармаңкелер уюштурулат. Бул имараттын эшиги дайыма ачык. Маани берген болсоңуздар, бул жерде дубал, турникет же башка тоскоолдуктар жок. Биз эч кимден жашырынбайбыз. Каалоочулар келип, биздин үйүбүздө убактысын текке кетирбей достору менен баарлашып, билим ала берсе болот. Бул университеттин философиясы жана баалуулугу: ачык болуп, мүмкүн болушунча көп кишиге билим берип калуу. Бүгүн сиздердин бул жерде экендигиңиздер – биздин университеттин алдыңкы окуу жай экендигин далилдеп турат. Жакшы жана жаман университеттер болот. Жаман университет – өзү үчүн гана иштеген окуу жай. Жарандар үчүн эшиги дайыма жабык. Ал айрым кишилердин айлык алышы жана кээ бир адамдардын жөн гана “кагаз”, диплом алышы үчүн гана жашайт. Мындай окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү резюмесине “мен бул окуу жайды бүтүргөм” деп жазыш үчүн гана окушат. Жакшы университет – алдыга бир гана максатты коёт – студентти бактылуу кылуу. Ал кесиби боюнча иштейби же иштебейби маанилүү эмес. Канча айлык алышы дагы мааниге ээ эмес. Эгер ошол адам университетти бүтүргөндөн кийин жашоосуна ыраазы болуп, бактылуу жашаса демек ал окуган окуу жай өз максатына жетип жатат. БААУнун максаты – урматтуу абитуриенттер, сиздерди, сиздердин ата-энеңиздерди бактылуу кылуу. Мына ошол максатта мен ушул жерде турам, ошол үчүн окутуучулар жана кызматкерлер иштеп жатышат.

Өзүңөргө суроо берип көргүлө: “Бактысыз коомдо адам бактылуу болуп жашай алабы? Өнүгүп өсө алабы?”. Албетте жок. Ошондуктан, ар бир жакшы мүнөздөлгөн, олуттуу университет коомду жакшыртууну максат кылып алат. Өзүнчө кишиге эмес, жалпы коомго багыт алат. Жакшы окуу жай жамандан мына ушунусу менен айырмаланат, муну эске сактап алууну өтүнөт элем.

Борбордук Азиядагы Америка университети да мамлекеттеги коомдук көйгөйлөр эмоция, түркөйлүк, ар кандай ишенимдер, жаңылыш көз караштар менен эмес,  акыл-эс менен жөнгө сала турган коомду бактылуу жана идеалдуу коом деп эсептейт. Бул абдан олуттуу долбоор. Менимче, жер жүзүндө бардык көйгөйлөр акыл менен гана чечилген бир да коом болбосо керек. Илим менен иш алып барган бир да коом жок. Бирок, буга умтулуу керек. Айтайын дегеним, жакшы университеттер адамдар жашаган планетаны аз болсо да жакшы нукка салуу үчүн иштешет. Студенттерди көйгөйлөрдү туура жол менен чечүүнү үйрөтмөйүн коомду бактылуу кыла албайбыз. БААУда дал ушул жагына басым жасалат. Көйгөйлөрдү чечүү жөндөмү – БААУнун академиялык моделинин негизи. Кайсы кесип, багыт, факультет, сабакты тандаганыңыз маанилүү эмес. Бул жерде сиздер көйгөйлөрдү оптималдуу жол менен чечүүнү үйрөнөсүз. Демек, сиздер рационалдуу, логикалуу жана илимий ой жүгүртө алышыңыздар керек. Биздин окуу жайда эң эле биринчи сын көз караш менен ой жүгүртүүгө үйрөнөсүздөр.  Тагыраак айтканда, эң жөнөкөй суроонун да бир канча жооптору болушу ыктымал. БААУда ар кандай көйгөйдү стандарттан тыш жол менен чечүү үчүн фантазияны өнүктүрүүнү окутат. Ошондой эле, биз студенттерди толеранттуулукка, башкалардын пикирин сыйлоого, улутуна, жынысына, жаш курагына, динине жана башка факторлорго басым жасабай мамиле кылууга багыт беребиз.

Мунун баары, көп аракетти, көп эмгекти жана дисциплинаны сактоону талап кылган окуу процессин биз зордоп сиңирүү жолу менен эмес, ынтызарлуулук менен үйрөтөбүз. Себеби ынтызарлык – таанып-билүү процессинин негизи. Адам бир нерсеге абдан кызыгып, күйүп-бышып турса максаттарына сөзсүз жетет.

Көбүнчө ата-энелер бизге келип айтышат: “Сиздерде окуу жеңил болсо керек. Себеби, менин балам мурда окуудан кыйналчу, түнгө чейин сабак жазчу. Ал эми сиздерде окуп баштагандан бери бардык сабактарын 2-3 саатта эле окуп бүтүп коёт”. Мен буга мындай жооп берет элем, кеп тапшырманын көлөмүндө же татаалдыгында эмес. Чындыгында, биздин тапшырмалар абдан татаал. Кептин баары окууга болгон каалоодо. Биздин академиялык моделдин негизинде студенттин билим алууга болгон каалоосун ойготуу, тырышчаактуулукту калыптандыруу, дүйнө таанууга умтулуусун күчөтүү бар. Мына ушул негизде окутуучулар иштеп, аудиториялар жабдылган. Биздин парталардын баары дөңгөлөктүү. Өзүңүз каалаган жерге, каалаган калыпта жылдырып алып окуй берсеңиз болот. Мунун мааниси кандай? Сабак учурунда студент эркин болушу үчүн.

БААУ башка университеттерден дагы эмнеси менен өзгөчөлөнөт? БААУ чындыгында XXI кылымдын окуу жайы. XX кылым эмес, ал доор өтүп кетти. Көпчүлүгүбүз XX кылымда төрөлгөнбүз жана ошол кылымдын талаптарына ылайык түзүлгөн университетти мыкты деп тааныйбыз. Бирок, доор алмашууда. Айрыкча, акыркы 15 жылда заман зымырап өзгөрүп барат. Борбордук Азиядагы Америка университети заманбап окуу жай болууга умтулуп барат. Бул бүгүнкү күндүн чакырыктарына ылайыкташуу. Учурдун негизги чакырыктары төмөнкүлөр:

Биринчиден, жасалма интеллекттин тездик менен өсүп баратышы: компьютердик программалар, эсеп чыгаруучу тутумдар, роботтордун жардамы менен жөнөкөйлөштүрүлгөн системалар. Дал ушул компьютерлер адамдар аткарчу жумуштарды бир канча эсе мыкты аткарып калды. БУУ жана Дүйнөлүк банктын божомолунда акыркы 10-15 жылда компьютердик технологиянын киришүүсү менен 60 пайыз кесиптер жок болуп жана таанылгыс болуп өзгөрөт. Айрыкча, күнүгө кайталанма жумуш аткарган кесиптер жакынкы жылдарда толугу менен жок болушу ыктымал. Буга байланыштуу ар бир олуттуу университет билим берүү системасын кайра карап чыгышы керек. Бүгүнкү күндүн талабы менен окутуп койсок, 10 жылдан кийин биз окуткан адистер коомго кереги жок болуп калышы мүмкүн. Бул абдан олуттуу чакырык. Биз, БААУ чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү буга мыкты жооп болот деп эсептейбиз. Компьютер адам сыяктуу чыгармачыл объектке айланышына али көп убакыт керектелет. Ошондуктан, чыгармачыл жөндөмдү өстүрүү жана тарбиялоо биздин негизги максатыбыз эсептелет. Экинчи чоң чакырык – бул технология. Технологиялык өзгөрүүлөр чоң ылдамдык менен жүрүүдө. 1-2 жылдын ичинде эле технология болуп көрбөгөндөй өзгөрүп жатат. Мунун айынан миллиондогон кишилер стресске кабылып, жумушсуздукту жаратууда. Ошондуктан, дүйнөлүк абройлуу окуу жайлар, анын ичинде БААУ дагы адамдарды ийкемдүүлүккө, бат өзгөргүч шарттарга ылайыкташууга жана өмүр бою өз алдынча билим алууга үйрөтүү зарылдыгын түшүнүп турабыз. Бул жерде сиздер 4 жыл окуйсуздар. Дагы 2 жыл магистратурада окуп калышыңыздар мүмкүн. Биз сиздерге бардык нерсени үйрөтө албайбыз. Бул мүмкүн эмес. Дүйнөдө маалыматтын көлөмү ушунчалык чоң болгону үчүн эч бир университет анын баарын окутуп бүтө албайт. Биз сиздерге үйрөнүүнүн сырларын окутабыз. Окуу жайды бүтүргөндөн кийин кайсы чөйрөдө иштеп калсаңыз дагы, бардык нерсени өз алдынча үйрөнүп кеткенге шык-жөндөмүңүз болот. Мына ушул касиетиңиз менен башкалардан айырмаланып турасыз.

Дагы бир олуттуу чакырык – бул гаджеттер. Алар адамдын таанып-билүү жөндөмүн төмөндөтөт. Социалдык тармактар, видео, улам алмашып турган сүрөттөр – концентрация жөндөмүн солгундатат. Муну миңдеген илимий иштер далилдеп койду. Бул адамзат үчүн олуттуу тобокелчилик. Бул планета коомунун көпчүлүк бөлүгүн түпөйүлдүккө жетелейт. Бир жагынан технология татаалдашат, экинчи жагынан адамдар түпөйүл ой жүгүртө баштайт. Биздин университет башка дүйнөлүк окуу жайлар сыяктуу эле ой топтоону жөнгө салуу үчүн узун тексттер менен иштөөгө үйрөтөбүз. Көйгөйдү чечүү жолун табуу жана аны аргументтештирүүгө жол ачабыз.

Адамзат алдында турган дагы бир олуттуу чакырыктын бири – маалыматтын көптүгү. Акыркы 100 жылда маалыматтын көлөмү киши башына миллиард эсеге жогорулады. Мындан 2000 жыл мурда таанып-билүү процессинин негизги тоскоолдугу – маалыматтын жетишсиздиги болсо, учурда анын көптүгү жабыркатууда. Кайсы маалымат чын жана кайсынысы жалган экендигин айырмалоо да абдан кыйын болуп калды. Ар бир киши өзүн кайсы бир чөйрөдө серепчи деп эсептейт. Жадагалса, “Интернет экспертизаны жокко чыгарды” деген китептер басылып чыгууда. Эксперт деген түшүнүк маанисин жоготуп барат. Баары эле Google же Facebook тармагынан кандайдыр бир маалыматты окуп алып, өзүн эксперт деп эсептей берет. Маалыматтын көптүгү маалыматты өлтүрөт.

Биз БААУда маалымат менен иштөөнүн сырларын үйрөтөбүз. Чоң көлөмдөгү татаал маалыматты талдап, сапатын текшерип, чындыкты табуу маанилүү. Жакынкы жүз жылдыкта бул абдан керектүү багыт болуп калат.

Ошондой эле, бүгүнкү күндө 15-20 киши планетанын калкынын жарымынан да бай. Болжол менен 3,5 миллиард адамдан 20 адам байыраак жашайт. Мындай кырдаалды нормалдуу деп атоого болобу? Жок! Мындай теңсиздик XIX кылымда да болгон эмес. Зээниңди кейите турчу көрүнүш. Мындай кырдаалда күрөшүү үчүн калктын социалдык адилеттүүлүк жана жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл. Ар бир адам жеке өзүнүн гана эмес, коомдун көйгөйүн чечүүгө умтулушу керек. Алар өзү жашап, иштеп жаткан чөйрөдө жоопкерчилигин сезиши зарыл. Биздин университет да жарандык жоопкерчиликти жогорулатууга басым жасайт жана бул үчүн атайын борборлор бар. Бул багытта студенттер ар кандай долбоорлорго катыша алышат.

БААУ маанилүү деп эсептеген акыркы чакырык – бул климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнүн деградацияланышы. Айланабызда кандай окуялар болуп жатканын көрүп-билип турабыз. Жакында эле Австралияда миллиарддаган жаныбарлар күйүп кетти. Учурда Бишкекте абанын булганышы олуттуу маселеге айланды. Биз 30 жылдын ичинде мындай абалга кантип келип калдык? Бир убакта биздин жер бейиштин төрүндөй болчу. Ал эми азыр биздин аба планетадагы эң кир шаарлардын катарына кирип отурат. Коронавирус. Эң эле биринчи бул экологиялык көйгөй. Планетанын калкынын санынын өсүшү, жаныбарлар менен байланыштын көбөйүшү – мунун баары мутацияга алып барат. Акыркы он жылдыкта ар кандай вирустардын пайда болушу жана СПИД илдетинин тарашы калк жыш жайгашкан аймактарда күч алып жатышы да жөн жерден эмес. Мунун баары экологиялык проблемалар. Биз эч жакка качып кете албайбыз, биз мына ушул чөйрөдө жашоого мажбурбуз. БААУнун окутуучулары студенттер менен дал ушул темаларда сабактарды алып барышат.

Заманбап кишинин этикасы, баалуулуктары – айлана-чөйрөгө кам көрүү. Ал эми БААУнун студенттери дал ушул баалуулуктарды өздөштүрө алат”.

Андан соң, иш-чарага атайын чакырылган конок, Улуу Британиядан келген актёр Майкл Боди сөз сүйлөдү. Майкл ал үчүн актёрдук чеберчиликти үйрөтүүчү мектепти тандоо жашоосундагы маанилүү баскыч болгонун айтып берди. Ал Лондондогу LAMDA театралдык академиясында окуган.

“Ачык эшиктер күнү баарыңыздарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат деп ишенем. Башка бирөөлөр үчүн эмес, сен үчүн. Бул сенин жашооң, аны татыктуу жаша!”, - деп белгиледи Майкл.

Ачык эшиктер күнүнүн программасы абдан бай болду. Бир эле учурда университеттин форумунда, конференц-залда жана аудиторияларда иш-чаралар өтүп жатты. Абитуриенттер жана алардын ата-энелери окуу программасынын өзгөчөлүктөрү жана студенттик жашоо менен таанышты.

Иш-чаранын конокторун ыктыярчы студенттер окуу жайдын кире беришинде маалымат кагаздарын таратуу менен тосуп алышты. Бул күнү ыктыярчылар маанилүү милдетти аткарышты: келгендердин кызыктырган суроолоруна жооп берип, маанайын көтөрүп жатышты. Кампустун ичине экскурсия уюштуруп, керектүү аудиторияларды таап берип жүрүштү.

БААУ бир канча жылдан бери Кыргызстандын алдыңкы университети эсептелип, аймактагы мыкты окуу жайлардын катарында. Биздин бүтүрүүчүлөр эл аралык эмгек рыногунда абдан бааланат жана алар: Google, Microsoft, Lloyds Banking Group, HSBC, Bloomberg, Unicef, The World Bank, Kumtor, OSCE сыяктуу ири компанияларда иштешет.

БААУ – дүйнөлүк университеттерге жолдомо алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Университет дүйнөдөгү 60тан ашык эл аралык окуу жайлар менен кызматташат жана 24 өлкөдө 50дөн ашык программалары иштейт.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2