AUCA the best 2

2025-10-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Makerspace Learning Center – AUCA: Келечек муундардын жыргалчылыгы үчүн

2-декабрда 2022 жылы Окутуу-конструктордук борборунун “Makerspace Learning Center –AUCA” (MLC) жаңы имаратынын курулушуна убакыт капсулаларын салуу аземи болупөттү. Долбоор АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID), Бард Колледж жана БААУ тарабынан каржыланууда.

Капсула салуу расмий салтанатына USAID`дин Кыргызстандагы миссиясынын директору Кайя Адамс, БААУнун президенти жана Бард Колледждин вице-президенти ДжонатанБеккер, БААУнун вице-президенти жана “Мейкерспейс – БААУ” долбоорунун жетекчиси Чыңгыз Шамшиев, БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин мүчөсү Назира Бейшеналиева, “Кармис” курулуш компаниясынын директору Абдумуса Куттуков, “Арх-Идея” архитектуралык жана дизайнердик компаниясынын жетекчиси Марат Абдрахимовдор катышты.

Келечек муундарга жолдонгон убакыт капсулалары 30 жылдан кийин 2052-жылы ачылып, коомчулукка жарыяланмай болду. Мындай мезгил жөн жерден алынган жок – эмки жылы БААУ 30 жылдыгын белгилейт. Салтанаттын алдында анын катышуучулары долбоордун архитектуралык жана дизайнердик өзгөчөлүктөрү, ошондой эле курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышышты. Курулуш иштерин 2023-жылдын декабрь айында аяктоо пландаштырылган.

Долбоордун жыйынтыгында Бишкекте БААУнун аймагында уникалдуу билим алуу, чыгармачылык жүргүзүү жана жеке ишкерлик үчүн мейкиндик жаралат. Анда БААУнун студенттери жана коомчулугунун башка өкүлдөрү инновациялык азыктардын прототиптерин иштеп чыгуу жана өндүрүү, идея алмашуу, баарлашуу, инвесторлорду тартуу үчүн жогорку технологиялык шаймандардын кызматтарынан пайдалана алышат. БААУнун Мейкерспейсинин эшиги Кыргызстандын бардык окумуштуулары, инженерлери, жеке ишкерлери жана иштеп чыгуучулары үчүн дайыма ачык болот.

Инновациялык идеялардын иш жүзүнө ашуусу үчүн мейкерспейс атайын цех менен (3D-принтерлер, лазер кескичтер, робототехника боюнча топтомдор, тигүүчү машиналар)жана кубаттуу графикалык станциялары бар компьютердик лабораториялар менен жабдылат. Ошондой эле анын борборунда мээ чабуулу, окутуу кабинеттери, ири конференц-зал, баарлашуу жана жекече иштөө үчүн аймактар үчүн мейкиндиктер каралган. Кымбат баалуу кол жеткис жабдуулар студенттер, ойлоп табуучулар, жеке ишкерлер жана башка инноваторлор үчүн тобу менен жана өзүнчө жеткиликтүү болмокчу.

Мейкерспейстин имараты БААУнун башкы кампусунан бир нече ондогон метр аралыкта жайгашат. Имарат заманга жараша энергетикалык эффективдүүлүктүн, экологиялык жанаклиматикалык коопсуздуктун талаптарына ылайык курулат. Ошондой эле ал ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын суроо-талаптарына да жооп берет. “БААУнун Мейкерспейси” окутуу-конструктордук борбору БААУнун ачык, жеткиликтүү жана жашыл кампустун идеясын кармануусунун мыкты уландысы болмокчу.

“БААУнун Мейкерспейси” окутуу-конструктордук борбору БААУнун студенттери үчүн гана ачылбайт. Ал өз эшигин коомдун ар кандай катмарларынан чыккан адамдар, алардын ичинде аялдардын, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана башка заманбап технологияларга жете албаган топтордун жарандары үчүн ачмакчы. Долбоордун катышуучулары өз билимдерин башкалар менен бөлүшүп, өз кезегинде башкалардан да үйрөнүп турушат.

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2