2024-12-23
Түрмөк
Карашев: Экономиканы көтөрүүдө бийлик менен бизнестин диалогу болушу керек
Бишкекте өткөн “Бизнестеги жана инвестициялык климаттагы актуалдуу маселелер” аталышындагы тегерек столдо парламенттин мурдагы депутаты экономиканын өнүгүшү үчүн мамлекет менен бизнестин ортосунда диалог болушу керектигин белгиледи.
Бизнес-омбудсмендин милдетин аткаруучу, Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчилиги, мамлекеттин өкүлдөрү, ишкерлер жана серепчилер катышкан иш-чарада Карашев экономиканын өрүш алышына негиз боло турчу идеяларды тизмектеди.
Парламенттин мурдагы депутаты мыйзамдуу жана практикалык мүнөздөгү экономикалык эркиндикти кеңейтүүгө багытталган бир катар сунуштарын берди:
Күч органдарынын ашыкча ресурсу бизнести мүмкүн болгон текшерүүлөрдөн сак болууга түртөт
Салык кодекси жана бир катар укуктук-ченемдик документтердин талаптарын аткарууда ишкерлик субъекттерине негизсиз текшерүүлөргө тыюу салуу жолдорун кароо. Анткени, укук коргоо органдарынын ашыкча ресурстары бизнести мүмкүн болгон текшерүүлөрдөн чочутат жана чет элдик инвесторлорду өлкөгө инвестиция салуудан коркутат.
Салык ставкаларынын туруктуулугу
Мен депутат катары кесиптештерим менен чогуу бул маселени изилдеп чыккам. 2019-жылы эле Салык кодексине 20дан ашык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Бизнес тынчтыкты жана туруктуулукту сүйөт – анын табияты ушундай. Кыргызстанга инвестиция салган чет өлкөлүк капиталы бар ишканаларга 5-10 жылга чейин салыкты жана милдеттүү төлөмдөрдү көтөрбөөгө тыюу салуу чарасы.
Инвесторлорду мамлекеттик колдоо
Инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик колдоонун милдеттүү механизмдерин киргизүү зарыл. Ошондой эле, экспорт үчүн киреше салгын жоюу кажет.
Инвесторлордун мүлкүн камакка алууга жана конфискациялоого тыюу салуу
Инвесторлордун мүлкүн камакка алууга же конфискациялоого тыюу салуу. Бул үчүн көз карандысыз (эл аралык) арбитраждык соттун чечими болушу зарыл.
Инвесторлордун укуктары экономикалык жана юридикалык жактан корголушу керек
Инвесторлордун укуктары экономикалык гана эмес, юридикалык жактан да корголушу керек. Ар бир инвестор (анын ичинде жергиликтүүлөр) ага берилген уруксат кагаздарынын мыйзамдуулугуна байланыштуу маселелерде корголушу керек. Лицензия же жердин төмөндөтүлгөн баада берилгени үчүн чиновник өзү жооп бериши керек жана бул инвесторлордун ишине терс таасирин тийгизбеши кажет. Инвестор шайлоолорго, өкмөттүн алмашуусуна жана кандайдыр бир саясий өзгөрүүлөргө көңүл бурбай, кандай кырдаал болбосун, мүлкү ишенимдүү корголушуна жана өлкөдө ээн-эркин иштеп, жумуш орундарын сактап, кирешесин көбөйтө аларына ишениши керек.
Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарды түп-тамырынан бери кайра карап чыгуу
Мамлекет менен жеке сектордун өнөктөштүгү жана концессиялар жөнүндөгү мыйзамды түп-тамырынан карап чыгуу зарыл. Мамлекет инвесторлорго алардын товары, жумушу жана кызматы бардык тараптан камсыздалышына кепилдик бериши керек.
Жаштар эмгек рыногунда талап кылынган кесипке ээ болушу керек
Кесиптик билим берүү системасын бизнеске жакындатуу зарылдыгы көп жылдан бери айтылып келгени менен конкреттүү механизмдер иштелип чыккан жок. Жаштар эмгек рыногу талап кылган кесиптерге ээ болушу керек. Ошондуктан, кесиптик-техникалык колледж жана орто билим берүү мекемелеринин ишин күчөтүү зарыл. Бул окуу жайларын бүтүргөн жарандарды кепилденген ишке орноштуруунун жана минималдуу кепилденген эмгек акынын механизмин иштеп чыгуу. Ал эми жакынкы жылдарда адистерди даярдоо боюнча мамлекет менен жумуш берүүчүлөрдүн бирдиктүү келишими болушу керек.
Аткезчиликке катуу тыюу салуу зарыл
Жагымдуу инвестициялык климатты жаратуу үчүн рыноктун бардык катышуучуларына бирдей шарттарды түзүү зарыл. Аткезчиликке катуу тыюу салып, ЕАЭБ жана Кыргызстандын мамлекеттик чек арасында товарларды өткөрүүнүн электрондук системасын ишке киргизүүнү аягына чыгаруу кажет. Ташылган жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн камераларды орнотуу сунуштары болгон, бирок унаалардын ичинде эмне бар экенин көрүүгө мүмкүн эмес болуп чыкты. Казакстанда жана ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин тажрыйбасын пайдаланып, атайын сканерлерди орнотуу зарыл. Ушундай жол менен гана бизнестин мамлекетке болгон ишенимин арттыра алабыз.
Акыркы учурда мамлекет бизнести көзөмөлдөп, экономикага көбүрөөк көңүл бурган тенденция байкалууда. Кыргызстандын жаңы тарыхында мындай көрүнүш буга чейин да болгон. Биз мындай ыкмадан өз учурунда баш тартканбыз, анткени мамлекет дайыма эле натыйжалуу менеджер боло албайт. Мындан тышкары, мамлекеттин экономикалык мамилелерди регулятору жана экономикалык субъект катары болушу коррупциялык фактор эсептелет.
Бизнес чөйрөсүнөн мамлекеттик органдарга түшкөн кайрылуулар жана сунуштар дайыма мониторинг болуп турушу керек
Ишкердикти өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди, сунуштарды мониторингдеп карай турган көз карандысыз топ түзүү зарылчылыгы да бар. Аталган топтун мамлекет менен тыгыз байланышта көз карандысыз иштеши абдан маанилүү.
Сапаттуу чечимдерди бизнес коомчулугу менен толук кандуу диалог аркылуу гана кабыл алууга болот
Мамлекет менен бизнестин биргеликте иш алып баруу механизминин иштелип чыгышы зарыл. Мамлекеттик органдардын бизнес чөйрөсүнө болгон таасири чоң. Өкмөттүн ар бир чечими бизнести же жакшыртат, же артка тартат. Маанилүү чечимдер бизнес коомчулугу жана ассоциациялар менен диалог болгон учурда гана кабыл алынат.
Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун макулдашууда бизнес-ассоциациялардын пикири эске алынышы керек деп ишенем. Мына ушунда гана алар сапаттуу иштей алышат.