AUCA the best 2

2024-04-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Жибек Молдоева: Ок атуу спортунун чемпиондорун таптап жатабыз

Кыргызстандын Ок атуу спорту федерациясы 1992-жылы ок атуу спортун жайылтуу максатында негизделген. Федерациянын учурдагы президенти Саламат Эргешов аталган спортту өнүктүрүүдө арыштап, заманбап ок атуу комплекстерин куруп, ок атуу боюнча келечектин чемпиондорун өстүрүүдө. Бул спорт айрыкча быйыл абдан жанданып, Кыргызстанда эл аралык биринчиликтерди өткөрүүгө жетишилди. Ок атуу спортун жайылтууда федерациянын Башкы катчысы Жибек Молдоеванын да салымы чоң. 

- Жибек, Франциядан Кыргызстанга келип иштөө чечимин кабыл алуу оңой болбосо керек?

- Францияда билим алып, туризм тармагында эмгектендим. Жумушум, жашоо шартым, айлык акым баары жакшы болчу. Бирок, ички дүйнөм бош жүрдү. Мекенимди сагынганымды өзүмдөн өзүм жашырганга аракет кылып жүрдүм. Бир күнү жумушта жетекчилик менен түшүнбөстүктөр болуп кетти. Араң турган жаным дароо Кыргызстанга кетүү чечимин кабыл алдым. Тезинен билет алып мекениме учуп келе бердим. 

- Кыргызстанда туризм тармагында эмес, спорт жагында иштеп калыптырсыз. Спорт дүйнөсүнө кандай жол менен келип калдыңыз?

- Кыргызстанга келгенден кийин туризм тармагындагы алдыңкы ишканалардан сунуштар абдан көп болду. Эмнегедир, көңүлүм келбей койду. Максатты бийигирээк коюп, эл аралык деңгээлде иш жүргүзгөн компанияларга өзүм жөнүндө маалымат жибере баштадым. Жумуш издеп жүргөндө Кыргызстан Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов мырза менен таанышып калдым. Ал мага Ок атуу спорту федерациясы тууралуу айтып берди. Федерациянын президенти катары алдыдагы пландар жөнүндө кеп салып, башкы катчылык кызматты сунуштады. Мен макул болуп, мага тааныш эмес спорт дүйнөсүнө кадам таштадым. Мага чейин бул кызматта машыктыруучу иштеп келген экен. Машыктыруучу деген спортчуларды машыктыруу менен гана алектениши керек эмеспи. Андыктан, административдик жумуштарды аткаруу, каражат табуу, федерацияны таанытуу, спортчуларга шарт түзүү жана федерациянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу милдеттери мага жүктөлдү. 

- Спортко келгенден кийин спорт менеджменти багытында эл аралык магистратураны аяктадыңыз. Азырынча Кыргызстанда бул багытта билим алган жалгыз аял жана экинчи магистр экенсиз. Биринчиси ким?

- Мага чейин Кыргызстанда биринчилерден болуп Саламат Эргешов бул багытта магистратураны аяктаган экен. Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан колдоого алынып, спорт менеджменти боюнча адистерди даярдай турган программага тапшыруумду Саламат мырза сунуштады. Анткени, бул программада тил билгендерге гана мүмкүнчүлүк берилет. Чынын айтканда, абдан көп ойлондум. Анткени, буга чейин алган билимим мага жетиштүү болчу. Анүстүнө спорт жагында окуу – мен үчүн өзгөчө тандоо болду. Ойлонуп көрүп, программанын француз тилиндегисине тапшырдым. Бир айдан кийин мени кабыл алышты. Чындыгында күтпөгөн элем. Дүйнөнүн төрт бурчунан келген спорттук адистер менен Франция, Андора жана Бельгияда бир жыл окудук. Бул аралыкта спорт тармагынын мурда-кийин укпаган, билбеген сырларын окуп үйрөндүм. Караңгыда көз тапкандай эле болдум. Азыркы жумушумда мына ушул билим аскатып жатат. Магистрдик даражага ээ болуу үчүн илимий ишимди Швейцарияда жактадым. Жалпылап айтканда, бул аралыкта башка мамлекеттердин спортчуларды даярдоо деңгээли таң калтырды. Башка мамлекеттердин спортчулары бир гана спорт менен жашайт экен. Аларга түзүлгөн шарттарды көрүп, суктандым. Кыргызстанда да спортчуларга ушундай мамиле болсо деп кыялдандым. Азыр кыялдар максатка айланып, кыргыз спортун өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. 

- Түшүнүктүү. Спортчулар менен иштөөдө кандай кыйынчылыктар болот?

- Мен федерациянын бардык спортчулары жөнүндө бардык маалыматты билишим керек деп эсептейм. Анткени спортто майда, биз көңүл бурбаган нерселер чоң роль ойнойт. Ар бир спортчунун жеке жашоосундагы көйгөйлөрү, эмне жеп, канча саат уктап, канча саат машыгууда, маанайы, психологиясы – мунун баары абдан маанилүү. Биздин спортчулар көп ачыла бербейт. Айрыкча, машыктыруучусунун жанында ашыкча сүйлөй алышпайт. Ошондуктан, жекече отуруп сүйлөшкөнгө аракет кылам. Спортчулар менен иштеп жүрүп, психолог да болуп калдым. Эмне үчүн психолог деп атам, бир кызыбыз машыгуу залында абдан жогорку көрсөткүч көрсөтүп, эмнегедир мелдештерге барганда ооруп кала берет. Азыр анын себебин аныктоо үчүн психологиялык абалын изилдеп жатам. Негизи, спортчуларга талапты абдан катуу коём. Анткени, өзүмө болгон талабым жогору. 

 -  Спортчулардын негизги көйгөйү эмне?

- Баягы эле каражат маселеси. Биз азыр өзүн-өзү каржылоого далалаттанып жатабыз. Жакында эле, спорттук ок атуу комплексин ачтык. Ал жерден түшкөн каражат спортчуларга шарт түзүүгө жана чет өлкөлөргө мелдештерге чыгууга жумшалат. Тир Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичтин колдоосу менен курулду. Бул жерде Саламат Эргешовдун дагы салымы абдан чоң. Жакында бул комплексти Эл аралык ок атуу спорту федерациясынын президенти Владимир Лисин келип көрүп, абдан жогорку баасын берди. Бул комплексте бир нече ирет эл аралык мелдеш өткөрүүгө жетиштик. Шарт түзүлүп, спортчуларда кандайдыр бир шыктануу пайда болду. 

- Жыйынтык кандай болуп жатат?

- Жеңиштин даамын татып баштадык. Октябрь айынын акырында биздин спортчу Аскат Токмоков Казакстанда өткөн эл аралык турнирде тапанчадан атууда экинчи орунду ээледи. Ошондой эле, Алматы шаарында болгон карабин мылтыгынан атуу мелдешинде 17 жаштагы кыргызстандык спортчу Денис Зуев жана сеньор Олег Пантенков күмүш медалга ээ болушту. Ал эми Шымкентте өткөн турнирде Анастасия Щуковская пневматикалык куралдан атуу боюнча 3-орун, Бактыгүл Махмадова 2-орунга ээ болушту. Биздин спортчулар Европага чейин барып келишти. Апрель айында республика биринчилиги, андан кийин Бишкек биринчилиги өттү. Сентябрь айында Борбордук Азиядагы алгачкы машыгуу сбору Кыргызстанда өттү. Ага Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана биздин өлкө болуп төрт мамлекеттин спортчулары катышты. Машыгуулар “9х19” ок атуу комплексинде болуп, андагы шарттар четтен келген спортчуларды таң калтырды. Алар мындай деңгээлдеги турнирлер Борбордук Азияда биринчи ирет өтүп жатканын айтып бизди кубандырды. Мына ушул мелдеште жогорку көрсөткүчкө ээ болгон спортчуларыбыз Катарда өтө турчу мелдешке даярданып жатышат. 

- Чет өлкөгө спортчуларды өзүңүз коштоп барып жатсаңыз керек...

- Ооба, Германияга коштоп бардым. Чынын айтсам, кыргыз спортчуларын аяп кеттим. Эч кандай колдоо жок, дем-күч жок. Ишенесизби, чемоданга кийим-кече эмес, тамак-аш салып барышат экен. Спортчу да ошондой тамактанат беле? Курал-жаракты чек арадан алып өтүү, документ жасоо сыяктуу жумуштар менен алектенип жатып, мелдешке бараткан спортчулар жолдон эле чарчап калышат экен. Мунун баарын уюштурган киши болушу керек да. Ал эми мелдеш учурунда биздин спортчулардын таламын талаша турган эч ким жок. Же алар тил билбейт. Анан кайдагы жеңиш? Мен Германияга дал ушул көйгөйлөрдү көрүп, чара көрүү максатында бардым эле. Азыр чет өлкөгө чыга турган спортчуларга бардык шартты түзүп бергенге аракет кылып жатабыз. Андан сырткары, комплексте ар кандай окутууларды өткөрүп турам. Ар кандай программаларды издеп таап, тил жагынан да жардам берүүгө далалат кылып жатам. Спорт – бул абдан маанилүү социалдык кубулуш, ал коомдун өнүгүшүнө чоң таасир тийгизет. Спорт бириктирүүчү күчкө ээ, ошондуктан улуттук идеологиянын деңгээлинде карашыбыз керек. Спорт аркылуу күчтүү мамлекет курууга болот. Ок атуу спорту боюнча кыргызстандык Олимпиада чемпиону Александр Мелентьев сыяктуу спортчулардан уучубуз куру эмес. Мен буга бөркүмдөй ишенем. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2