AUCA the best 2

2023-03-25

Интервью

ШАКИР ТАЙЧАБАРОВ: Пандемияда улуттар аралык ынтымак дагы да бекемделди

Жалал-Абаддык ишкер Шакир Тайчабаров жана анын жүздөн ашык айылдаштары коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө чоң эрдик көрсөтүштү. Эпидемиологиялык кырдаал курчуп турганда өздөрү кычкылтек берүүчү аппараттарды жасап, элге дары-дармек жана азык-түлүктөн көп жардам берген ишкер пандемия учурундагы аракеттери тууралуу кеп козгоду.

- Жалал-Абадда ыктыярчы катары илдет менен күрөшүүдө элге чоң жардам берип жатасыз. Кайсы аймактарга кандай жардам көрсөтүлдү?

- Жалал-Абадда эпидкырдаал курчуй баштаганда аракеттене баштадык. Четте карап туруу эр жигиттик сапатка туура келбес. Ар улуттун өкүлдөрү аймактагы мечитте чогулуп, 24 кычкылтек концентраторун өз колубуз менен жасадык. Бул заводдо чыгарылган аппаратка караганда 100 пайыз кычкылтек бере алат. Катарыбыз улам толуктап отуруп, 100гө жакын ыктыярчы көмөк көрсөтө баштадык. Башында Клексан дарысы аябай тартыш жана кымбат болуп, 8 миң сомдон сатылып бейтаптарды, алардын жакындарын кыйла түйшүккө салып койду. Бул кырдаалды да жөнгө салууну колго алып, дарынын баасын 3,5 миңге түшүрө алдык. Андан соң, “Садака жарыя” фондунан жардам болуп, бекер тарата баштадык. Аймактагы оорукана эмне жардам сураса, баарын чечип бергенге аракет кылып жаттык.

Карантин алгач ирет киргизилгенде, калкка азык-түлүк жагынан жардам көрсөттүк. “Бирге жеңебиз!” деген ураан менен атайын штаб ачылды. Мамлекеттин атынан келген жардамды мамлекеттик социалдык мекемелер көзөмөлгө алып, таратып жатты. Ал эми штаб каражат табуу иштери менен алектенди. Кайрымдуулук фонддор, уюмдар жана жарандар менен кызматташып, жардамга абдан муктаж болуп жаткан 4 миңге жакын үй-бүлөгө азык-түлүк жеткирди. Ал учурда милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков Жалал-Абаддын коменданты болуп дайындалган. Мына ушул штабдын ачылышы жана ишин жүргүзүүдө Жеңиш Жоробековдун салымы абдан чоң. Штаб 2 ай иштеп, бул аралыкта анын иши системалык деңгээлде уюштурулду. Бул сыналган тажрыйба үчүн Жеңиш Жоробековго ыраазычылык билдирем. Ал киши бизге калкка жардам берүү жолдорун жана мамлекеттик кызматтар менен кандай кызматташуу керектигин үйрөттү. Учурда бул тажрыйбаны ыктыярчылар жана калк менен иштөөдө колдонуп жатабыз.  

- Каражат жагы кандай болду?

- Ортодо болду. Баарыбыз колдон келген сумманы кошуп жаттык. Биздин демилгени колдоп кеткендер да көп болду. Жалал-Абад шаары жана Сузак райондорунан көп жардам берилгендиктен, бул жагынан маселе жаралган жок.

- Колго жасалган кычкылтек концентраторлорун кызыл зонага кирип коюп берип жаттыңыздар, өз өмүрүңүз үчүн корккон жоксузбу?

- Албетте, кооптонуу болот экен. Бирок, ал учурда жарандык жоопкерчилик жана атуулдук милдет маанилүү болду.

- Сузакта абал кандай болду?

- Биздин аймакта алдын-ала чаралар өз учурунда көрүлгөндүктөн, пандемиянын эпкини бат басаңдады. Кудайга шүгүр дейбиз.

- Пандемиянын толкуну кайтты. Азыр эмне менен алексиздер?

- Учурда 14 кычкылтек концентраторун акысыз ижарага берип жатабыз. Илдетти илештирип алгандардын үйүнө барып, аппаратты коюп, колдонуу ыкмаларын үйрөтүүдөбүз. Ошондой эле, вируска каршы күрөшүүчү дары-дармектерди сурагандарга бекер таратып жатабыз. Белгилей кетсем, дарылар элден чогулган каражатка сатып алынган.

- Эң кыйыны эмне болду?

- Элибиз мурда мындай кырдаалга туш болбогондуктан, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө кыйынчылыктар жаралды. Башка тоскоолдуктар дээрлик болгон жок.

- Пандемия кандай сабак берди?

- Эң эле биринчи сабырдуулукка, берешендикке үйрөттү. Бул апаат бири-бирибизге канчалык керек экендигибизди, үй-бүлөбүз канчалык кымбат экендигин көрсөттү. Менин кубанганым: таажы вирусунун пандемиясы улуттар аралык ынтымакты дагы да бекемдеди.

Мектеп

Жалал-Абадда ишкердикти өнүктүрүү боюнча эл аралык конференция өттү

Жалал-Абадда 14-15-сентябрь аралыгында Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасынын жана BOOST программасынын алкагында “Регионалдык кызматташтык — Фергана диалогу” аталышындагы эл аралык конеренция өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күздө Sinopharm жана Pfizer вакциналары келиши күтүлүүдө

Күздө Sinopharm жана Pfizer вакциналары келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдиргендигин коронавируска каршы Республикалык штаб маалымдады.

Орхан Инанды Кыргызстандын да, Түркиянын да паспортторун колдонуп жүргөн

Бишкек ШИИББдин тергөө кызматы Орхан Инандыны уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Тележурналистика курсу

Тележурналистика курсу:

☑️ Телевидениеде иштөөнүн өзгөчөлүктөрү⠀
☑️ Сюжет жана репортаж даярдоо⠀
☑️ Текст менен иштөө⠀
☑️ Үн коштоо, сүйлөө техникасы⠀
☑️ Интервью⠀

Конвергенттүү журналистика

Конвергенттүү журналистика - бул мультимедиалык контентти түрдүү медиаплатформада таратуу🤯 Бул түшүнүк журналистика кесибинин универсализацияланышына байланыштуу пайда болгон. "Универсал" деген сөзгө маани бериңиз 👆 Конвергенттүү журналистикага кросс-журналистика, мультимедиа түшүнүктөрү синонимдешип келет. Демек, "Конвергенттүү журналистика" курсунда эмнелерди үйрөнө аласыз.

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2