AUCA the best 2

2024-07-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Пандемияда пайдасы тийген таластык азаматтар

Кыргызстанда коронавирус илдетине байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал курчуган учурда Таластын азаматтары көп өмүрлөрдү сактап калды. Алар кимдер? Макаланы окуңуз.

УЛАН ИСАКОВ: Ар бир секунда маанилүү болду

Таажы вирусу күч алып жатканда WhatsApp тиркемесинен жан ачыткан тасма келди. Абдан таасирленип кеттим. Ушул эле тиркеме аркылуу башка тайпаларга жиберип, жардам берели деген сунуш киргиздим. Нурсултан Майназаров баштаган бир катар жигиттер менен дароо жолуктук. Биздин катарга дагы бир канча кишилер кошулду. WhatsApp тиркемесинен өзүнчө тайпа түзө калып эле ишти баштап жибердик. Ыктыярчылык аракетибиз Талас облусуна жардам берүүдөн башталды.

Алгач таңкы саат 5те Таласка бардык. Облустук ооруканаларга барып, башкы дарыгерлер менен сүйлөшүп, кычкылтек концентраторлорун тараттык. Биз барган убакка 6-7 киши каза болуп калган экен. Дарыгерлер абдан кубанышты, анткени эч кандай даярдык болбоптур. Жадагалса, медицина кызматкерлеринин коргоочу кийимдери, каражаттары жок жүрөт. Элге чакырык таштап, айылдагы бүт активисттер жапа тырмак жардам берип, керектүү нерселердин баарын алдык. Жакындан тааныган кишилер эле ажалга моюн сунуп коюп жатышты. Мындайда ар бир секунд маанилүү болду. Кызыл зонада да аралашып эле жүрдүк. Арасында ооруп калып жаттык. Өз өмүрүң, ден соолугуң үчүн коркунуч болот экен. Бирок, кыйналып жаткан элди көрүп, ийне сайдырып алып кайра жардамга ашыгасың. Биздин аракетибиз менен көп кишилер илдеттин тузагынан кутулуп чыгышты. Сыймыктанчу жагдай.

Пандемия жашоонун баалуулуктарын баалоого, барктоого үйрөттү. Материалдык байлыктын күнү келсе адамга эч кандай пайдасы тийбей калат. Өмүрдө эң кымбаты – адамдар экенин туйдум. Үй-бүлөмдү, жакындарымды мурункудан ашык жакшы көрө баштадым. Бул бизге Кудай тараптан берилген чоң сабак деп кабыл алдым. “Бирге болгула, бири-бириңди барктагыла, адамдык касиетти жоготпогула” деген таризде чоң сыноо болду. Ал мени сабырдуулукка, жоомарттыкка, айкөлдүүлүккө, биримдикке үйрөттү.

БИЛИМБЕК МАЙНАЕВ: Элге керек болгонубуз үчүн катуу оорубадык окшойт

Мен алгач бардык кыргызстандык ыктыярчыларга ыраазычылык билдирем. Пандемияда ыктыярчылык аракеттериме “канткенде мамлекетке пайдам тиет” деген ой түрткү болду. Биринчи бир топ жигиттер менен иштеп баштадык. Бара-бара башкалар да катарыбызга кошулду. Кыйын кырдаалга элиме аз болсо да пайдам тийгенине кубанам. Вирус жуктургандар менен аралашып эле жүрүп, ооруп да калып жаттык. Бирок, бат эле баш көтөрүп кайра эле жардамга чуркап жүрдүк. “Сен бирөөнүн муктаждыгын чечсең, кудай сенин муктаждыгыңды чечет” дегендей, ошол учурда адамдарга керектигибиз үчүн кудай өзү жардам берди окшойт.  Акыркы учурда элдин пейили кетти деп жүрдүк эле. Кудайга шүгүр, андай эмес экен. Бул биздин башыбызды бириктирип, бири-бирибизге абдан керек экендигибизди аңдаткан сыноо болду. “50 сом болсо да кошом” деген кишилерди көрүп жүрөк жылыды. Буга чейин дагы кайрымдуулук иштери менен алектенип келгем. Ооруканаларга, карыялар үйүнө колдон келген жардамды берип жүрөм. Мындан кийин да токтотпойбуз.

СОВЕТБЕК БЕКМАНБЕТОВ: “Ооруп калам” деген ой болбоду

Биз чогулган ыктыярчылар тобу пандемиянын эпкини күчөп жатканда элге кыйла калканыч болду. Башка сыноо түшкөндө бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, илдет менен күрөшүп жаткан кишилерге жардам берип жүрдүк. Биздин ыктыярчылар тобу медициналык мекемелерге абдан чоң жардам көрсөтүп, ал ишибизге канааттанып, сыймыктанып жатабыз. Элге жардам берүү мындан кийин да уланат. Алдыда атайын программалардын алкагында кайрымдуулук иштерин жүргүзөбүз.

Биз жардам берип жүргөнүбүз үчүн “ооруп калам” деген ой болбоптур. Бардык нерсе Алладан. Ден соолукка анча-мынча көңүл бурганыбыз болбосо, ооругандардын жанында эле чуркап жүрдүк.

Мен Саламаттык сактоо министрлигинин алдын-ала даярданбаганына абдан нааразы болдум. Дүйнөдө эпидемиологиялык абал курчуп баратканын билип турса да, эч кандай иш-чараларды өткөрбөгөнү өкүндүрдү. Мунун айынан канча киши өмүр менен кош айтышып кете берди. Дагы бир нерсе, дары-дармектин баасынын кескин өсүп, анын мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынбаганы көңүлдү чөктүрдү. Буга мен эле эмес, бүт кыргыз эли нааразы болду.

РАМИС АЛЫБЕКОВ: 6-7 сааттын ичинде миллиондон ашык каражат чогулттук

“Кантип элге жардам бере алабыз?” деген ой менен аракет кылып жатып, 6-7 сааттын ичинде миллиондон ашык каражат чогултуп ишибиз башталып кетти. Дары-дармек, коргоочу каражаттарды тынбай ооруканаларга жеткирип турдук. Обсервация ачканга да жетиштик. Өз чөнтөгүбүздөн да кошуп, керекке жаратып жаттык. Бардык кылган ишибизди Кудайдын ыраазычылыгы үчүн жасадык.

Албетте, өз өмүрүң үчүн коркуу сезими болот экен. Бирок, кырдаал абдан курч болчу. Аны ойлогонго чамабыз келбей жатты. Кызыл зонага кирип жатсак да, кудайга шүгүр ооруган жокпуз.

Кыргыз элиме абдан ыраазы болдум. Бир да адам четте карап турган жок. Керек болсо кичинекей наристерлер чогулткан акчасын бергенин көрдүк. Айрымдар жок дегенде жакшы сөз айтып турду. Жүрөк жылыйт. Бул илдет менен ынтымакта, биримдикте жапа тырмак күрөшө алдык. Улуу элдин урпагы экендигибизди дагы бир жолу далилдедик десем болот.

КАНАЙ АНАРКУЛОВ: Заманбап оорукана курууну пландап жатабыз

Кыргызстанда карантин жарыяланган күндөн тартып эле бала-чакабыз менен айылдагы үйгө барып, чарба иштери менен алектенип, обочолонууда болдук. Эки айдын ичинде жакын тааныштарыбыз, досторубуз иштебей калып, каржы жактан кыйынчылыктар пайда боло баштады. Бул учурда күнүмдүк оокат кылгандарды, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди ойлоп, жарандык сезимдер ойгоно түштү. Мындай кырдаалда үйдө жатып алууга адамдык парзыбыз жол берген жок. Бир туугандар, достор менен жоого аттангандай чыгып, колдон келген жардамды берүүгө аракет кылдык. Ибрагим алейхи салам пайгамбарыбызды фараон отко ыргытабыз деп жатканда кумурска оозу менен суу ташып, отту өчүрүүгө аракет кылган экен. Аны көргөн жаныбарлар эмнеге мындай кылып жатканын сураганда, кумурска: Мен колумдан келген жардамды берип жатам”, - дептир. Ата-энебиз элдин уулу болушубузду тилеп чоңойткондон кийин, калк башына ушундай оор күн түшкөндө үйдө жатып алганыбыз жигитчиликке жатпайт эле. Пандемияны кадимки эле согушка салыштырсак болот. Чындыгында, ушундай эле болду. Кыйынчылыкты бирге гана жеңебиз деп, колдон келген аракетти кылдык.

Кыйналып жаткан адамдарга жардам берип, ак халатчандардын оорун колдон, жеңилин жерден алып, Ала-Тоонун чокусун кара булут каптап турган кезде элдин жүгүнүн бир бурчун көтөрүү, мындай кырдаалда аз болсо да пайдаң тийип турса, мындан өткөн бакыт жок. Элге кылган эмгегиңдин ырахатын сезүү бардык коркунучту жоюп коёт экен. Калкка калканыч болууга ашыгып жаткан улан-кыздарды көргөндө коркунуч жөнүндө унутуп да калат экенсиң. Күнү-түнү кызматта жүрүп, үйгө келгенде бир аз коркунуч болуп жатты. Үй-бүлө менен бардык санитардык эрежелерди сактап жолугуп жаттык. Кудай деген кур калбайт экен, жараткандын колдоосу менен чоң жетишкендикке жетиштик.

“Бир өлкөнүн келечегин көргүң келсе, ошол өлкөнүн жаштарына көз сал” дейт экен. Буюрса, алакандай кыргыз жеринде Ала-Тоодой бийик жаштар өсүп келе жатыптыр. Базарда иштегени да, такси айдаганы да, кийим тиккени да, ири бизнес жасаганы да колунан келген жардамды берип жүрдү. Үйгө, автоунаага топтоп жүргөн каражатын берген жаштарды көрдүк. 5 миң сом пенсия алып, анын жарымын кайрымдуулукка жумшаган чоң ата, чоң апаларды көрдүк. Мына ушундай айкөл, берешен элибиз барда, өлкөбүздүн келечеги чоң. Мен ушуга абдан ыраазы болдум.

Тааныган эле, жаныңда жүргөн эле кишилер “ыктыярчылыктан канча каражат таптыңар?”, “канча иштеп алдыңар?” деген суроолорду берип жатышты. Мен ушуга абдан нааразы болдум. Адам өзү кандай болсо, башкаларды да ошондой ойлойт экен да.

Эми саясатка баруу ниетибиз жок, сыйлык алалы деген оюбуз жок, куру сөз менен алдайлы деген кара санатайлыгыбыз жок. Эч кимден эч нерсе үмүт кылбайбыз, кылганыбызды милдет да кылбайбыз. Болгону, алдыга чоң пландарды коюп жатабыз. Ар тараптан чогулган, пандемия учурунда таанышкан санаалаштар менен заманбап оорукана курууну максат кылдык. Андан да чоң долбоорлорду ишке ашырууга белсендик.

ЭРЖАН КАДЫРБЕКОВ: Менин жардамым дүйнөнү аз болсо да жакшы жакка өзгөртүшүнө ишенем

Илдет Жер шарын кучагына алганда кол шилтеп коюу, менимче, адамдыкка жатпайт. Азыр кимдир бирөөнү күнөөлөй турган мезгил эмес, адамдын бир гана таянычы адам экендигин аңдап жете турган учур. Элим кыйналып жатканда карап тура албадым. Менин жардамым дүйнөнү аз болсо да жакшы жакка өзгөртүшүнө ишенем. Пандемиянын бир гана жакшы жагын сезе алдым: адамдарды бириктирип, ынтымактуулукка, сабырдуулукка, ак ниеттүүлүккө жана жөнөкөйлүккө үйрөттү. Азыр жашоого болгон көз карашым түп-тамырынан өзгөрдү. Эсенчиликтен өтөөр байлык жок экен. Жашоодо эң маанилүүсү - жакындарыңдын саламаттыгы, алар менен бир абадан дем алып, сүйлөшүп, өзүңдү коопсуз чөйрөдө сезүү. Ошондой эле, аларга болгон сезимдерди ачыктап, көбүрөөк убакыт ажыратуу да керек экен.

«Абалыңды сурап турган, бул күндө адамга адам керек». Менин сезимдерим ушул саптарда жатат. “Кыйынчылык мезгил күчтүү адамдарды жаратат, жайчылык кишилерди алсыздандырат” деген цитата менен сөзүмдү жыйынтыктайм. Менимче, биздин ысымдарыбыз тарыхта жазылып калса керек. Биз тарыхый, улуу бир мезгилдин бир бөлүгү болуп калабыз.

Интервью

 

Жаңылыктар

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

БААУга тапшыруу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк - соңку сынактар ачык

АУЦА и Университет Аризоны предлагает летний курс

На Иссык-Куле прошел международный бизнес-форум ОТГ

Түрк мамлекеттер уюму Кыргызстанда эл аралык бизнес форум уюштурат

БААУ Makerspace Learning and Design Center борборун ачты

Какими будут школы в будущем и почему важно вносить изменения

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2