AUCA the best 2

2024-04-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

ЭРБОЛ СУЕРКУЛОВ, балдар дарыгери: Эң кымбаты – бала өмүрү

- Биздин журнал балдар дарыгери менен биринчи жолу маек куруп жатат. Өзүңүз жана балдар менен иштөөдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу айтып берсеңиз...

- Мен Эне менен баланы коргоо улуттук борборунда Бет-жаак хирургиясы бөлүмүндө илимий кызматкер болуп эмгектенем. Биздин бөлүм 15-16 жашка чейинки өспүрүмдөргө бет-жаак оорулары боюнча медициналык жардам көрсөтөт. Чоңдорго караганда балдар менен иштөөнүн бир канча өзгөчөлүктөрү бар, албетте. Ар бир балага жекече мамиле керек.

Жеткинчектер кабинетке киргенден баштап эле текшерүү башталат. Ал эшиктин сыртында отурганда эле, маанайына карап туруп дарыгер катары абалын түшүнөсүң. Сөзсүз түрдө ата-энеси менен баарлашып, илдетин аныктоодо анын күнүмдүк адатына чейин билүүгө туура келет. Мунун баары баланын эмне менен ооруп жатканын так айтууга жардам берет. Баланы атайын эреже менен тиш дарыгерине көрсөтүп туруу кажет. Биз балдар менен иштөөдө түрдүү ыкмаларды колдонобуз. Пациенттин тилин табуу үчүн оюнчук менен ойноого да туура келет.

- Тилекке каршы, таажы вирусу балдарга да жуккан учурлар катталууда. Сиз мындай учурга кез келген жоксузбу? Дегеле, баланы вирустан коргоо үчүн эмне кылуу керек?

- Ырас, биз пандемияга байланыштуу өлкөдөгү жана дүйнөдөгү кырдаалды күзөтүп жатабыз. Учурда 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында таажы вирусун жуктуруп алган 40 учур катталды. Ооруп калгандардын үчөө бир жашка чейинки балдар. Наристелер жакындары менен жакын байланышта болгондугу үчүн вирусту жуктуруп алган. Жалпылап айтканда, учурда бардык наристелердин абалы туруктуу жана дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө. ДСУнун маалыматында, балдар бул оорунун жеңил формасы менен оорушат . Ал эми биздин бөлүмдө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандар катталган жок. Бизде эшиги сырттан ачылган 2 палата обсервация катары даярдалып коюлган. Бет-жаак оорулары менен келген жеткинчектерди алгач обочолонгон палаталарда кармап жатабыз. COVID-19 илдети барбы-жокпу аныктап, атайын анализ алып, оору тастыкталбагандан кийин гана бөлүмгө которулат. Бул процедуралар Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп чыккан атайын буйрукка ылайык жүргүзөбүз.

Балада илдеттин белгилери байкалган учурда биринчи кезекте аны обочолонтуу керек. Профилактика үчүн “Назоферон” препаратын колдонуу зарыл. Бул дарынын курамында таажы вирусуна каршы күрөшүүчү интерферон альфа-2b бар. Муну чет өлкөлүк окумуштуулар тастыктаган.

- Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу көпчүлүк дарыгерлер өз ыктыяры менен бекер иштеп берүүгө бел байлашууда. Сиз мамлекетке кандай жардам көрсөтө аласыз?

Биздин бөлүмгө келген балдарды акысыз кабыл алам. Бул инфекция тууралуу бардык жарандарга бекер кеп-кеңеш берип жатам. Үгүттөө иштерин жүргүзүп, дары-дармек, ИВЛ аппараттарын сатып алууга демөөрчүлөрдү издеп, колумдан келишинче аракеттемин. Дарыланууга абдан муктаж болгон колу жука үй-бүлөлөр кайрылган учурлар да болууда. Мындай учурда өз чөнтөгүмдөн дарылайм, анткени баланын өмүрү эң кымбат.

- Дарыгерлер бул кесипке бала кезден кыялданып жүрүп ээ болгонун айтышат. Сиз медицинага келүүгө качан чечим чыгарыңыз?

- Дарыгер болуу тууралуу ой 10 жашымда пайда болду. Бала кезде жайкы эс алууну көбүнчө Ат-Башынын Бирлик айылында, апамдын сиңдиси Турар эжемдин үйүндө өткөрчүмүн. Ал жергиликтүү фельдшердик-акушердик пунктунда иштеп, мени жумушуна жетелеп алчу. Эжеме айылдыктар ар кандай оорулар менен кайрылчу. Бейтаптардын абалын көрүп, абдан жүрөгүм ооручу. Үйгө кайткан учурда Турар эже мага оорулууларга кантип туура жардам берүү керектиги тууралуу көп нерселерди айтып берди. Ошондо келечекте дарыгер болорумду түшүнгөм.

- Жумушуңузда эң кыйыны эмне?

- Биздин ооруканага республиканын бардык аймактарынан оор абалдагы балдар келет. Жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө түшкөндөр да аз эмес. Менин жумушумдагы эң кыйыны – бейтаптарга жардам бере албай калган учурлар деп айтат элем.

 



Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2