2024-12-22
Интервью
БАКТЫГҮЛ МОМБЕКОВА: Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуудагы мендеги бир эле маселе...
- "Мээрим" телекөрсөтүүсүнө катышкан балдарды өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолуктуруп, белектерин алып, эмгегиңиздин үзүрүн көрүп турган чагыңыз. Куттуктайбыз! Бул жакшылыкты башынан баяндап берсеңиз...
- Биринчиден сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Мен да өтө кубанычтамын. "Мээрим" көрсөтүүсүнө катышкан балдарды өлкө башчысына жолуктуруу биздин башкы кыялыбыз эле. Анткени, биз көрсөтүүнү эфирге тарта баштаганда эле Президентке жолугууну каалаган балдар, кыздар көп болгон.
Алар балдар үйүндө жүргөндө эле өлкө башчысына кат жазышчу экен. Көрсө, мурунку президенттер балдар үйүнө барып балдар менен жолугуп турушкан экен. Көрсөтүүбүздүн алгачкы катышуучуларынын бири Назик президентке жолугууну самап келгенин айтып бергенден кийин мамлекет башчысына жолуктуруу планын иштеп чыктык. Мүдөөбүз ишке ашып, Президент менен жолуктук. Балдар абдан ыраазы болуп, бүгүнкү күнгө чейин таң калып бүтө элек. Өлкө башчысынын белектерин алгандагы балдардын кубанычын сөз менен түшүндүрүп бере албасам керек. Ошол жолугушуу “Мээрим” көрсөтүүсүнүн чыгармачыл жамаатын шыктандырып, андан ары жемиштүү иштөөгө негиз болду. Биздин президент өтө жөнөкөй, адамгерчилиги бийик инсан экендигин байкадым. Биздин жолугушуубузду уюштурууда кол кабыш кылгандарга ыраазычылык билдирем. Өзгөчө Жыпара Рысбекова эжекени белгилеп кетет элем. Эми мындан ары да балдар менен иштеп, алардын кыялдарын ишке ашырууга болгон аракетибизди жумшай бермекчибиз.
- "Мээрим" телекөрсөтүүсү кайрымдуулук долбоор катары качантан бери эфирге чыгып келе жатат? Канча баланын тагдырына таасир этүүгө үлгүрдүңүз?
- «Мээрим» долбоорунун негизделгенине жети жылга аяк басты. Биздин долбоор алгач ирет 2013-жылдын 3-майында балдарга жардам берүүчү социалдык долбоор катары Коомдук биринчи каналдын эфиринен элге тартууланган. Ал берүүнү балдар айылынан жасап баштадык. Алгач жыйырма эки баланы кастинг аркылуу сүйлөгөнүнө, окуганына карап, социалдык жагдайын эске алып тандап алганбыз. Себеби биздин максатыбыз - атасынан да, энесинен да ажырап калган, бирок жашоого умтулган, мыкты окуган, майыптыгы жок балдарга жардам берүү планы болгон. Биринчи эфирибизде балдар айылынын тарбиялануучусу Элдияр Касиет уулун Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен жолуктурганбыз.
- Азыр көпчүлүк журналисттер автордук программа чыгарууда саясий багытка көп кайрылышат. А сиздин алып чыккан көрсөтүү таптакыр башкача өңүттө. Жан дүйнө менен байланыштуубу?
- Негизи эле мен жашоодо чыгармачыл адаммын десем болот. Себеби 4-классымдан баштап чыгармачыл чөйрөдө өстүм. Алгач мектепте дубал гезиттин редактору болуп, класстагы активдүүлүктөн тышкары ар кандай ийримдерге катышып жүрдүм. Ыр жазам. Ырларымдын жыйнагы китеп болуп басылып чыккан. Бирок ошого карабай мен теледе, гезитте, радиодо, теленин ар бир баскычын басып өттүм десем болот. Алгач жаңылыктар бөлүмүндө, андан кийин “Жаштар” студиясында, кийин саясий программаларда иштеп, маданият тармагында да эмгектенип калдым. Балдар каналында да иштедим. Учурда “КТРК Спорт” каналында эмгектенип келем. Ал эми “Мээрим” программасынын режиссёру Бекбол Кылычбеков да мендей жан дүйнөсү таза адам. Экөөбүз адамдын жан дүйнөсүн ачып бере турган көрсөтүүлөрдү жасаганды жактырабыз. “Муун кайталанат тура, экөөңөрдөй эле ээрчишип жүрө берген таланттар мурда да болгон. Экөөң бирге жасаган долбоорлор жемиштүү болот”, - деп кесиптештерибиз да айтып калышат. Буга ыраазы болуп калабыз. Саясатчылар болобу, кайсы тармактын өкүлү болбосун жан дүйнөсүн эңшерип, бала дегенде ичкен ашын токтотуп коё турган денгээлге жеткирсек деген ойлор бар. Балдардын тагдырына кайдыгер карабай, жетекчилик кызматтарда иштеген кишилердин жүрөгүндө жашаткыбыз келет.
- Өзүңүз тууралуу да кеп көтөрсөк. Коомдук биринчи каналда көптөн бери иштеп келесиз, журналисттик ишмердүүлүгүңүз жөнүндө кабарыбыз бар. Ал эми ушул чөйрөгө алыскы Баткенден кантип келип калдыңыз?
- Балалыгым Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Талаа анан Жаңы-Жер айылдарында өттү. Биздин айыл өрүкзар менен курчалган өрүкзарлуу мекен. Жайында лагерде эс алганча өрүк терчүбүз. Беш бир туугандын улуусумун. Төрт иним бар. Кыздардан жалгыз, эркемин. Мен апама Фрунзеге же Оренбургга (агам ошол жакта окучу) окууга барарымды, ал жакта окуу менен бирге тамакты аз жеп, сулуу болуп, бой-келбетиме келишкен кийимдерди кийип эфирге чыгарымды көп айтчумун. Үй жыйнап жатканда күзгүнүн жанына туруп алып, шыпыргыны микрофон кылып өзүмдүн жазган ырларымды жатка айтып, “Урматтуу телекөрүүчүлөр”,- деп өзүмдү-өзүм жылдыз элестетип сүйлөп жүрдүм. Ошентип жүрүп, үй иштерин убагында бүтүрбөй далай ирет апамдан тил уктум. Атам менен апам жөнөкөй бирок түшүнүктүү, ар тараптуу адамдар болгон. Эфирге чыгам деп жүрүп турмушка да кеч чыктым. Мээрим кызым азыр 11 жашта, экинчи кызым Ясмина бир жарым жашка келип калды. Жолдошум Кылычбек жеке иштери менен алек. Билесизби, жаштын тилегин берет дегенге ишенем. Мактана кетсем, айылдагы мектептин биринчи студенти болуп, тарых жараткан адаммын десем болот. Мага чейин биздин мектепти бүтүргөн бир да бүтүрүүчү жогорку окуу жайына окуган эмес экен. Мектептин кире беришинде президенттин сүрөтүнүн жанында сүрөтүм илинип тураар эле. Тилегим орундалып, Бишкек гуманитардык университетинде “Түркология” факультетинин референт-котормочулар бөлүмүн бүтүрдүм. Азыр мен окуган мектептен көптөгөн билимдүү кыздар, балдар чыккан. Өлкөбүздүн туш тарабында, чет жерде да билим алып жүрүшөт. Мектебим, айылым менен сыймыктанам. Максатка умтулуп шаарга келип, талантым аркылуу кесибимдин ээси болдум.
- Журналистикада эң кыйыны эмне?
- Журналистика кесип да, өнөр да болуп эсептелет. Анткени журналисттер атайын көндүмдөргө таянып, жалпы стандарттарды тутунушат. Калыптанып калган же жаңыдан өөрчүп келаткан демократия маалыматтуу жарандардын макулдугуна көз каранды болот, ал эми басма сөз элдин өзүн-өзү башкаруусу үчүн зарыл болгон маалыматтын негизги булагы болуп эсептелет. Журналисттердин эркин маалымат берүүсүн камсыз кылуу үчүн көп өлкөлөр укуктук жактан коргоп турушат. Эркин коомдо журналисттердин укугу менен бирге жоопкерчилиги да болот. Кээ бир өлкөлөрдө бул жоопкерчилик ачык жазылган, ал эми башкаларында болсо ачык айтылган эмес. Бирок дээрлик бардык учурда аларда бир эле нерсе айтылат: журналисттер тышкы таасирлерге көз каранды болбостон, болгонун болгондой так маалымат берүүгө жоопкер. «Журналистиканын негизги максаты – эркин коомдо жашаган жарандарды так жана ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу» деген жалпы тыянакка келген. Эң кыйыны - тактык жана бейтараптуулук болсо керек, менимче.
- Мээримдүүсүзбү?
- Мен негизи турмушта өтө эле боорукермин. Менде тууганчылык катыштарым өтө көп. Алардын баарына бирдей мамиле кылып, колумдан келген жардамды берип жүрөм. Айылдаштарым келсе да үйүмдө коноктойм, ал эмес биздин программага катышкан балдардын да көпчүлүгү менин үйүмдө түнөп калышат. Бир тууганга болсо жанымды берүүгө даярмын. Кыргыз дегенде патриотмун. Керек болсо, “Мээрим” көрсөтүүсүнө катышкан бардык балдарга колумдан келишинче жардам берип, жан дүйнөмдөн, жүрөгүмдөн орун берүүгө ашыгам. Эфирден сырткары да көйгөйлөрүн чечип берүүгө дайыма даярмын жана буга чейин дагы чечип берип келдим. Кээде, мээримдүүлүгүмдөн улам байыбасам керек деп ойлоп калам.
- Амбициялуу кишисизби? Алдыга кандай пландарды койгонсуз?
- Амбициялуу элемин. Келечекте чоң бир каналды башкарсам дейм. Элдин таламын талашып, журттун жүгүн аркалап, кээ бир мансаптуу, акчалуулардан айырмаланып, эл өкүлү болсом деген тилектерим бар. Элиме эмгек сиңирүү деген ичкен ашымды жерге коюп, бир топ эле амбициялуумун. Пландарым да чоң. Балдардын кыялдарын Кыргызстандын ичинде эле эмес, сырт жактан да орундатканга жетишип, дүйнөлүк масштабта иш алып барып, долбоорго дүйнөлүк ири компаниялар демөөрчүлүк кылгандай деңгээлге жетип, балдарга жаркын келечек куруп берсек дейм. Максатым – ар бир баланын татыктуу жашоодо жашашын камсыздоо.