AUCA the best 2

2024-04-20

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Жылдыз Нишарапова: Студенттин окуудагы жетишкендигинде ата-эненин ролу чоң

Эгер ата-энелер балдарына окууда көмөктөшсө, жетишкендиктер бир кыйла жогору болору белгилүү. Ага карабастан, бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн өлкөлөрдө мунун күнгөй-тескейи изилденип келет. Ата-энелер окуу жараянына кандай тартылышы мүмкүн жана бул баланын жүрүм-турумуна, ден соолугуна, ийгилигине, дегеле жашоосуна кандай таасирин тийгизет. Бул тууралуу биздин журналга Борбордук Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжинин академиялык маселелер боюнча PhD директору Жылдыз Нишарапова айтып берди.

Ата-энелердин мектептин ишмердүүлүгүнө тартылышы – мугалимдер менен биргеликте окуу шарттарын жакшыртуу, окуучулардын ден соолугун колдоп, өнүгүүсүнө шарт түзүүнү шарттайт. Андан сырткары, ата-энелер үй тапшырмаларын аткарууга катышуусу, мугалимдер менен жолугушуусу, балдарга үй шартында ыңгайлуу жай түзүп берүүсү, шыктандыруу, класстык иштерге катышуусу, жадагалса мектепке тиешелүү маселелерде үн кошуусу да зарыл болот.

Ата-энелердин мектептин ишмердүүлүгүнө аралашуусу – бул жалпы жоопкерчилик. Буга байланыштуу мектептер ата-энелер менен болгон байланышты бекемдөөгө умтулушат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, ата-энелердин мектептин жашоосуна кийлигишүүсү балдардын ден соолугу жана билимине жакшы жагынан таасир эте алат. Ата-энелер менен бирге иш алып барган мектептин окуучуларынын жетишкендиктери да арбын болуп, балдардын сабакка катышуусу жогорулаганын бир катар изилдөөлөр тастыктап турат. Ата-энелердин окуу жараянында катышуусу өспүрүмдөрдүн сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолугунун таза болушуна да негиз болот. Андан сырткары, окуучулар алардын мектептеги чөйрөсү жагымдуу шарттар экендигин жана ата-энесинин катышуусун сезген учурда таксикомания, ВИЧ инфекция сыяктуу дарттар менен байланышкан жаман адаттардан алыс болушат. 

“Бардык жерде критикалык ой жүгүртүү” – БААУнун Инновациялык колледжинин философиясы

Ата-энелердин баланын билим алуусуна аралашуусу жакшы жыйынтык берерин көрсөттү, бул жаңы ачылыш эмес. Тилекке каршы, биздин өлкөдө ата-энелердин балдарынын окуу жараянына катышуусу абдан төмөн, бул баланын окуудагы жетишкендиги жана мотивациясына терс таасирин тийгизет. “Канада мамлекеттик мектептериндеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуудагы аракеттер – окуу программаларын жакшыртуу, отчёттуулук жана башка демилгелер – окуучулардын билимин көтөрө алган жок. Акыркы 50 жылда жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянсак, окуучулардын жетишкендигинин көрсөткүчүнүн жогорулашын камсыздоо үчүн педагогдор ата-энелердин күчүн колдонушу зарыл”.

Борбордук Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжи да ушул принципти карманат. Башкача айтканда, ата-энелердин колдоосу жана кийлигишүүсүсүз алдыга жылуу жана келечекте ийгиликке жетүү татаал болот. БААУнун Инновациялык колледжи түптөлгөн күндөн баштап, ата-энелер менен тыгыз иштешип келет: алар менен жолугушуулар байма-бай уюштурулуп, окуу жайдын артыкчылыктары тууралуу маалыматтар берилип жатат. Колледждин академиялык модели башка мекемелерден абдан айырмаланат. Бизде билимге караганда студенттин жөндөмү маанилүү. Ансыз биздин заманда жумуш табуу, ийгиликтүү жана бактылуу болуу татаал. Бардык дисциплиналар критикалык ой жүгүртүү жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмүнө негизделген. Ошондой эле, презентациялоо, командалык иш, стресс жана тайм менеджмент, проектик ой жүгүртүүнүн негиздери, оратордук искусство, эл алдына чыгып сүйлөө жана башка багыттар боюнча да окутуулар жүргүзүлөт. Андан сырткары, биз коомго өз үнүн кошо ала турган, активдүү жарандарды тарбиялоону да максат кылып алганбыз. Бул философияны ата-энелер жакшы түшүнүп, колдоо көрсөтүшү керек.

Жогоруда айтылган максаттарга жетүү үчүн биз балдарды гана эмес, ата-энелерди да окутууну демилгеледик. Бирок, көпчүлүк жумуштан бошой албай калганына байланыштуу мүдөөбүз ишке ашпай турган. Ал эми карантин учурунда шарт болуп, ата-энелер менен бир катар онлайн тренинг-семинарларды өттүк.

БААУнун Инновациялык колледжи апрель айынын жетисинен он бешине чейин ата-энелер үчүн онлайн семинар уюштурду. Онлайн семинар үч бөлүктөн турду: студенттердин жетишкендиктери жана онлайн окуунун форматы, карантинде балдар менен баарлашуу жана үй шартында колдоо. Семинарга 10 топко бөлүнгөн 200дөн ашык киши катышты. Карантинде балдар менен баарлашуу боюнча семинарды Инновациялык колледждин психологу өтүп, ата-энелерге депрессия, стресстен арылуу, коркуу, өзүн-өзү изоляциялоо тууралуу кенен маалымат берди. Айрыкча, өспүрүм курактагы депрессия жана андан кантип чыгуу жолдоруна өзгөчө көңүл бурулду. Бул темага кайрылууга өлкөдө карантин учурунда жанын кыйган балдар себеп болду. Изоляция учурунда балдар үйдө отуруп, стресске кабылды. Биз да студенттерибизден кабатыр болуп, ата-энелер үчүн онлайн иш-чараларды өткөрдүк.

Үй шартында окууда балдарды колдоо боюнча да семинар өтүлдү. Программанын алкагында ата-энелер балдар менен сүйлөшүү жолдору, биргеликте үй тапшырмаларын жасоо, ачык суроо берүү, диалогду колдоо боюнча маалымат алышты.

“Үй шартында сапаттуу билим жана тарбия берүүнү уюштуруу үчүн критикалык ой жүгүртүүнүн инструменттери” деген темада Инновациялык колледждин окутуучулары жана академиялык маселелер боюнча директорлору тарабынан иштелип чыккан ата-энелер үчүн онлайн тренинг 4 академиялык саатка ылайыкталган (50 мүнөттөн).

Семинардын максаты – пандемия учурундагы көнүмүш жашоо образын, күнүмдүк турмуштун тартибин өзгөртүп, “комфорт зонасынан” чыгууга көмөктөшүү. Бул убактагы белгисиздик көп кишилердин ойлонбой туруп чечим кабыл алуусуна негиз болду. Колледждин студенттерин колдоо үчүн мини-тренинг иштелип чыкты. Программа критикалык ой жүгүртүүдөгү негизги техника жана инструменттер жөнүндө маалымат алууга негизделген. Аталган тренингден өткөн ата-энелер баласына керектүү учурда керектүү жардам берүүгө үйрөнүштү. Ошондой эле, семинарлардын негизги максаты - “турмуштагы критикалык ой жүгүртүү” философиясы болду. Себеби, карантин учурунда балдардын ата-энеси менен тил табышуусу абдан маанилүү.

Ар бир сабак өзгөчө ыкмалар менен өтүлдү: имитациялык оюндар, кейсти түшүнүү, презентация – маселенин теориясы, дискуссия. Семинарда ата-энелер да сунушталган интерактивдүү тапшырмалардан кабардар болуп, материалды бат өздөштүрүшүнө өбөлгө түзүлдү. Андан ары ата-эне баласына өзү кам көрө берет.

Тренинг учурунда 4 чоң темага токтолдук: критикалык ой жүгүртүү үчүн эмне тоскоол болуп, эмне жардам берип жатат. Демек, критикалык ой жүгүртүүгө скептицизм, объективдүүлүк, стереотиптер кирет.

Кийинки тема: Балдар менен “чоңдорчо” кантип сүйлөшүү керек жана кантип рационалдуу аргументтештирүү боюнча болду. Үчүнчү тема: Ой жүгүртүү үчүн “текчелер” эмне үчүн керек? Баланын оюн кантип калыптандыруу керек жана Де Бононун “6 шляпа” техникасы. Ийгиликке жетүү үчүн кандай жөндөм керек жана “4К” концепциясы тууралуу акыркы темада кеп козголду.

Аягында тренингдердин натыйжалуулугу тууралуу ата-энелер арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Мындай тренингдер кийинки окуу жылында биздин программанын ажырагыс бөлүгүнө айланат. Жогоруда айтылгандай, баланын билим алуу процессине ата-энелердин катышуусу оң жыйынтык берет. Карантин учурунда студенттердин окуудагы жетишкендиктер тууралуу ата-энелер менен бир канча онлайн жолугушуулар уюштурулду. Тилекке каршы, онлайн окууга жана тренингдерден өтүүгө кызыкпаган ата-энелер да болду. Жарандык окуу, физика, критикалык ой жүгүртүү предметтери боюнча үй тапшырмалар берилди.

Жаңы академиялык жылдын башталышы менен бул сыяктуу онлайн же оффлайн жолугушуулар байма-бай болуп турат. Учурда ата-энелер менен биргеликте студенттердин окуудагы жетишкендиктерин жогорулатуу үчүн чоң программа иштелип чыгууда. Башка жолдор да изделүүдө.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2