AUCA the best 2

2024-12-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Шайлообек Атазов: Спортко болгон сүйүү адам менен кошо төрөлөт

- Саламатсызбы, Шайлообек мырза? Качан караба мелдештерде жүрөсүз. Учурда эмне менен алексиз?

- Саламатчылык. Ооба, туура айтасыз. Машыктыруучулар тынымсыз машыгып, мелдештерге байма-бай барып тапталып турушу керек. Тажрыйбанын молдугу жаңы жеңиштерге жетелейт. Беттеш учурунда спортчунун кемчиликтерин байкап, ошонун үстүнөн иштейбиз. 2020-жылдын май айында Францияда бокс боюнча дүйнөлүк чемпионат болмок. Ал жерден Токиодо өтүүчү Олимпиадага лицензия берилмек. Биз бул биринчиликке абдан даярданган элек. Бокстан жок дегенде эки жолдомо алабыз деген илгери үмүт бар болчу. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Олимпиада 2021-жылга жылдырылды. Учурда спортчулар физикалык гана даярдыктардан өтүүдө.

- Машыктыруучу болуп иштегенден бери кандай ийгиликтер жаралды?

- 2006-жылдан бери машыктыруучу болуп иштеп жатам. Бул аралыкта чоңдор арасында кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионун жана бокс боюнча жаштар арасында Азия биринчилигинде күмүш, коло медаль ээлерин өстүрдүм. Андан сырткары, мен машыктырган ондон ашык спорт чеберлери жана эки жүздөй спорт чеберчилигине талапкерлер суурулуп чыкты. Ошондой эле, миңден ашуун массалык спорт разряддарын тарбияладым. Жаштарды жөн гана физикалык жактан машыктырып койбой, мекенди сүйгөн инсандарды тарбиялоо – менин негизги максатым. Бул аракеттерим жемишин берип, бир канча колумда машыккан жигиттер мамлекеттик кызматтарга дайындалып, өз ишинде өзгөчөлөнүп мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат. Бир канча жылдан бери Ошто, Бишкекте туруктуу иштеп, тажрыйба арттыруу үчүн Орусия, Корея, Таиланд, Монголия, Финляндия сыяктуу мамлекеттерге барып алардын ишмердүүлүгүн көрүп келдим. Алардын тажрыйбасын көрүп, баланы жаш кезинен тарбиялап, тартибин оңдоп, руханий дүйнөсүн байытып, адебин өстүрүү керектигине күбө болдум. Мунун баары машыктыруучунун колунда. Бизде машыктыруучу десе эле, физикалык жактан машыктырган кишини түшүнүшөт. Жок, машыктыруучу спортчунун маданияты, психологиялык абалы үчүн да жооптуу. Мамлекет тарабынан жетиштүү колдоо болбогону үчүн көптөгөн таланттуу спортчулар турмуш-тиричиликтин айынан чет өлкөгө кетип калышат. Абдан машыктырып, чемпиондук курду алууга даяр болгондо, спортту таштоого аргасыз болушат. Бул мени абдан өкүндүрөт. Ошондуктан, бизге спорт меценаттары абадай керек. Кыргыз спортунун өнүгүшү жана жаштардын өсүүсүнө көмөктөшүп келе жаткан Раимбек Матраимовго ыраазычылык билдирет элем.

- Машыктыруучулуктагы негизги көйгөй?

- Машыктыруучу алгач таланттуу, эмгекчил, спортчуну сезе билүүсү керек. Ошондой эле, интеллект, адеп-ахлак да абдан  маанилүү. Ал эми материалдык маанайды айтсак. Көпчүлүк машыктыруучулардын үйү жок, эмгек акысы аз. Бул ишиңдин жыйынтыгына сөзсүз таасирин тийгизет. Үй-бүлөсүнүн күнүмдүк каржысын камсыздай албай жатып, чемпион өстүрүп жаткан машыктыруучулар бар. Мамлекеттин патриоттору жана өз ишинин фанаттарына терең ыраазычылык.

- Кыргызстанда тажрыйбалуу машыктыруучулар аз дешет. Айрым федерациялар күчтүү машыктыруучуларды сырттан алып келип жатканын да көрүп жүрөбүз. Сиздин оюңуз?

- Көп изденип, көп эмгектенген адам тажрыйбалуу эсептелет. Кыргызстанда тажрыйбалуу машыктыруучулар абдан көп болгон. Тилекке каршы, СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучуларынын көзү өтүп кетти. Карылыкка моюн сунгандары, ооругандары бар. Ийгиликтүүлөрү чет өлкөгө келишимдин негизинде иштеп кетишти. Азыркы жаштар болсо түйшүктүү, тузу оор кесипке кызыгышпайт. Негизи, кыйын машыктыруучулар бар. Кудайдан берилген талантын талыкпаган эмгеги менен таптап, бир топ ийгиликтерди жаратып жатышат. Машыктыруучуну саяпкерге салыштырат элем. Ат күлүк болорун тай кезинен билишиң керек. Дүйнөдө спорт атылган октой бат өнүгүп жатат. Демек, машыктыруучулар да заман талабына ылайыкташышы керек. Ал үчүн көп окуп, көп изденүүгө туура келет. Машыктыруучу бир эле учурда педагог, психолог, дарыгер болууга тийиш. Белдүү федерациялар чет өлкөдөн машыктыруучуларды алып келип жатышат. Бул абдан жакшы. Себеби, ал кыргыздын жигиттерин машыктырып жатпайбы.

- Бирок, акыркы он жылдыктарда Олимпиада чемпиону чыга элек...

- Туура айтасыз. Кырдаалды жөнгө салса болот. Президент Сооронбай Жээнбековдун спортко болгон мамилеси көңүл жылытаарлык. Болгону калган мамлекеттик мекемелер, кишилер мамлекеттик деңгээлде жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу керек. Биринчиден, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Өкмөттүн алдындагы мекеме катары түзүлүп калган. Бюджети башка мамлекеттик мекемелерге караганда эки эсе аз. Албетте, мындай мамиле шаабайды суутуп коёт. Агенттик эмес, министрлик катары иш алып барса деген тилегим бар. Кичинекей ишкана болгону үчүн да, көңүл бурулбай жатат. Министрлик болгондо гана спортчулардын эмгеги бааланат го. Экинчиден, Олимпиада чемпионун өстүрүү үчүн УОК жана Улуттук Федерациялар абдан жигердүү  иштеши керек. Жылдар бою иштебей жаткан федерациялар бар. Үчүнчүдөн, Олимпиада спорт мектептерин облустарга да ачуу кажет. Облустук спорт мекемелеринин ишин жандандыруу мезгилдин талабы болуп турат. Кадрлар баарын чечет. Айрым аймактарда спорттук мектептерди химия мугалими жетектеп калган. Бул абдан уят көрүнүш. Мекенчил ишкерлер спортко инвестиция салып, колдоп турса кыргыз спорту бат өсүп кетмек. Өзгөчө машыктыруучуларга көңүл бурулушу зарыл, анткени азыр өлкөдө машыктыруучулардын тартыштыгы чоң маселеге айланып барууда.

- Спорттук карьераңыз жөнүндө кеп салсаңыз...

- Спорт менен студенттик мезгилде достошо баштадым. Спорт жөнүндө ойлонуп уктап, кайра ошол ой менен ойгонот элем. Бокс, кикбоксинг түрлөрүн абдан жакшы көрдүм. Бокс кол кабын жаздыгымдын алдына катып уктаган күндөрүмдү эстейм. Дүйнө чемпиондорун идеал тутуп, машыгууларына чейин изилдеп жүрдүм. Бир күндө 3-4 саат машыгып, денемди чыңап баштадым. Мен спортко болгон сүйүү адам менен кошо төрөлүп, кошо кетет деп ойлойм 2001-жылы облустук мелдеште биринчи пьедесталга көтөрүлгөндөн чоң спортко кадам таштадым. Көкүрөктө үмүт шамы жанып, бир катар эл аралык мелдештерде жеңишке жеттим. Андан соң, республикалык беттеште алты жолу чемпион болдум. Азия жана дүйнөлүк аренага чыктым.

- Бир катар мамлекеттик кызматтарда иштедиңиз. Андагы ишмердүүлүгүңүз жөнүндө айта кетсеңиз?

- 2012-2014-жылдары мамлекеттик кызматты аркаладым. Транспорт, тазалык, спорт, билим берүүдөгү бир катар орчундуу маселелерди чечүүдө салым коштум. Өзгөчө жаштарга көңүл бурдум. Сыймыктанып айта турчу иштерим. Өлкөбүз өнүксүн, мамлекетибиз бекемделсин деген тилектер менен кудай алдында ак эмгек кылдым. Бирок, пендечилик да көп болот экен. Баягы эле кызганыч, көрө албастык. Ал кезде Атамбаевдин бийлиги күч алып, кошоматчылык күчөп турган мезгил. Чындыкты айтканым үчүн күч органдары тарабынан бир канча кысым болду. Жадагалса, ден соолугума зыян келтирүүгө да аракет кылышты. Ак ийилет, бирок сынбайт деген кепке бөркүмдөй ишенип калдым. Канчалык кыйын болбосун, ак экенимди далилдедим. Апамдын канча көз жашы акты. Мындай жолду басып өткөндөн кийин мамлекеттик кызматта кандайдыр бир ийгиликке жетүү үчүн команда керек экен деген жыйынтыкка келдим. 2015-жылы чемпиондорду өстүрүү максаты менен кайра спортко келдим. Азыр дүйнөлүк аренада мекенди даңктоо мүдөөсү менен иштеп жатам. Спортту мамлекеттик идеологиянын бутагы катары жайылтуу кажет. Спорт Кыргызстанга абадай керек, анткени биздин мамлекеттин өнүгүшүндө адам ресурсу чоң роль ойнойт. Калктын саламаттыгы – мамлекеттин байлыгы! Учурда спорт десе эле, эрежесиз эр уруш сыяктуу түрлөрдү элестетип, спорт билектүүлөр үчүн гана деп түшүнүп калышты. Футбол, баскетбол, сууда сүзүү, теннис, бокс түрлөрүн жандандырууга мезгил келди. Буга кошуна Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жакшы мисал боло алат. Натыйжада, жаштардын спортко болгон кызыгуусу арткан. Кытайда болсо бала бакчадан баштап спортко олуттуу мамиле жасалат. Бизде жетиштүү көңүл бурулбаганы үчүн калктын саламаттыгы начарлап кетти. Спорттук комплекстер курулуп жатат, бирок өтө аз. Аз болгону үчүн дарыкана, оорукана куруп жатабыз. Анткени, талап бар да. Көп оорулар жашарып баратат. Бул абдан кейиштүү абал. “Спорт эркектер үчүн” деген стереотип да бар. Кыздардын активдүү жашоого көп катышпаганы өкүндүрөт. “Улутту сактайм десең, кызыңды тарбияла” деген сөз спортко да тиешелүү. Алар келечектеги апалар, улут энеси да.

- Спорттон кетүү жөнүндө ойлонгон учурлар болду беле?

- Болгон эмес. Спорт дайыма мени менен жүрдү, жүрө берет.

- Кандай максаттар менен жашап жатасыз?

- 2018-жылы “EREM” спорт клубун ачтык. Спорт комплексинин ачылышында Кыргызстандын мекенчил уулу, меценат Матраимов Раимбек Исмаиловичтин салымы өтө чоң, ыраазычылык билдирем. Ал кишиге жолугуп, идеям менен бөлүштүм. Менин буга чейин жараткан ийгиликтеримди таразалап туруп, заманбап спорт клубду ачууга чоң көмөк көрсөттү. “EREM” спорт залы замандын талабына ылайык курулган, бардык шарттар бар. Учурда 200дөн ашык өспүрүмдөр машыгып жатат. Раимбек Исмаилович спортчулардын чет өлкөгө чыгуусуна да каражат жагынан жардам берип келет. Мисалы, былтыр жыл ичинде 9 өлкөгө чыгып келдик: Таиланд, Корея, Финляндия, Монголия, Азербайжан, Чехия, Орусия, Түркмөнстан, Казакстан жана башка мамлекеттерде өткөн биринчиликтерде Кыргызстандын намысын коргоп келдик. Максаттар жөнүндө айта турган болсок, пенделик милдеттерди аткаруу – мендеги башкы максат. Аны менен катар Олимпиада чемпиондорун өстүрүү. Мамлекетибизди дүйнөгө спорт аркылуу даңазалоо жана мекенчил жаштарды тарбиялоо. Келечек билимдүү жаштардын колунда. Спорт менен машыккан адамдын жан дүйнөсү да чыйрак, өзү да дайыма оптимисттик маанайда болот. Чыныгы спорт күйөрманы гана бардык тоскоолдуктарды, кыйынчылыктарды жеңип өтө алат. Билим менен спорт – адамдын эки канаты. “Чың денеде, чың акыл” деп бекеринен айтылган эмес. Денеси чың адам эр жүрөк жана тырышчаак болуп, дисциплинасы мыкты болот. Жаштарга кайрылат элем, спорттун кайсы түрү менен болсо да машыккыла! Өзүңөрдүн үстүңөрдөн иштегиле! Убакыттын кадырын билели. Адамды жаман жолго баштай турчу нерселерге азгырылбай, спорт менен машыгып, китеп окуп, руханий дүйнөбүздү байытып, колдон келишинче жакшы иштерди жасап, мекенибиздин өнүгүшүнө салым кошолу!

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2