AUCA the best 2

2024-12-22

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Дамира Алимжанова: Ийгиликке жетүү үчүн бекем эрктүү, өжөр жана күчтүү болуш керек

Дамира Алимжанова  аялзатындагы бардык мыкты сапаттарды алып жүргөн, кандай жумуш болбосун  жеткире аткарган, баштаган ишинин аягына чыкмайын  жаны тынбаган, өжөр жана күчтүү кыргыз айымдардын катарын толуктап турат. Мыкты  жана уюштургуч жетекчи, өмүр шеригинин ардактаган айымы, балдардын мээримдүү энеси. Азыр ал балдарга бай, анткени, иштеп жаткан  мекемедеги жүздөн ашуун бала аны “апа” деп аташат. Сыртынан угуп,  элдин жакшы пикиринин негизинде Дамира айымга  собол таштап, жооп алганга аракет кылдык.

 

- Дамира айым, адегенде Сиз менен жакындан таанышалы, кыскача өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?

- Мен Өзгөн районунун Куршаб айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулгамын. Атам Курсан Алимжанов кезинде партиялык,советтик кызматтарда иштеп, бир топ жерде жетекчилик кызматтарды да аркалаган  болду. Апам болсо  жети уул-кызды тарбиялап, ошондой эле соода тармагында иштеп келди. Атам сырттан туруп тарбияласа, апабыз үйдө энелик мээримин берип,  ички тарбияны колуна алды. Уул-кыздары жаман чыкпады.  Бардыгыбыз жогорку окуу жайларынан билим алдык. Кесиптери боюнча ар кыл тармактарда иштеп жатышат. Атамдын уюштургуч, лидерлик , жетекчилик сапатын  мен көбүрөөк алган окшоймун, мектеп партасынан эле лидер болчумун . Ош мамлекеттик университетинин музыка факультетин аяктап, эмгек жолумду турмуш шартка байланыштуу Токтогул районундагы  Бримкулов атындагы орто мектепте мугалим, андан кийин директордун орун басары, директор болуп иштедим. Мектептеги эмгегим бааландыбы, Токтогул райондук администрациясынын аппаратына кызматка чакырышты.  Андан кийин  Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп иштедим. Шаардык  билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, учур талабына жараша билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө өзүмдүн  күчүмдү үрөдүм. Ошол кызматта иштеп жүргөнүмдө Жалал-Абад облустук администрациясынын башчысы-губернатордун орун басарлык кызматына чакырышты. Кызматыма жараша кошумча билимди жогорулатайын деп, Кыргызстан Эл аралык университетинен “Юриспруденция” адистиги боюнча билим алдым.

- Губернатордун орун басары болуп иштегенде кайсы багытка басым жасадыңыз?

- Мага негизинен  социалдык тармакты тейлөө милдети тагылды. Ал эми жашоонун маңызынын  өзү социалдык тармакка кирет. Адам баласы төрөлгөндөн берки, анан бала бакчага баруусу, мектептен билим алуусу, кесипке ээ болуусу, жашоодогу орду, үй-бүлө, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар  жана аялдар маселеси...дегинкиси иш көп. Тармак чоң. Демократиянын шарданыбы, айтор, үй-бүлөдөгү майда-барат маселени деле даттанып келишет. “Бийлик чечиш керек... бийлик жасаш керек... алар олтурушат... эч нерсе иш кылышпайт...” деген калыпка салынган түшүнүк бар эмеспи. Көп арыз даттануулардын кучагында калган учурлар да болду. Бирок, мен  элге жакын болгонго аракет  жасадым. Аймактарга көп чыгып, жеринен элдин үнүн угуп, элди жакшы жакка үндөгөнгө, калктын маданиятын көтөрүүгө көптөгөн жаңы иш-чараларды жасап турдук. Мисалы, “Ыр кесе” сынагын райондук гана эмес, айыл өкмөттөрдүн деңгээлине чейин жеткирдик. Себеби, чыныгы таланттар калктын калың катмарында жүрүшөт. Аларды колдогон жан жок. Өздөрү суурулуп чыга алышпайт. Мына ошондой эл ичиндеги керемет таланттарды таанытуу максатында маданий иш-чараларыбыз көп ийгиликтердин башаты боло алды. Анан  элет жериндеги айымдарга жакын болдум. Турмуш туткасын кармап турган айымдарыбыздын ар тараптуу экендигин таанытуу үчүн тажрыйба алмашуу семинарларын уюштуруп жаттык. Аялдарга кошумча билим берүү, алардын активдүүлүгүн көтөрүү, тажрыйбасын жогорулатуу максатындагы  ишибизди облустук, республикалык  деңгээлге  көтөрүп, алыскы Ала-Бука, Токтогул,Чаткал жана Тогуз-Торо райондорунда республикалык семинарларды уюштура алдык. Мектептер, Жогорку окуу жайлар менен тыгыз иштештим. Мени ойлондурган маселе - окуучу кыздардын хиджабчан мектепке келүүсү эле. Айрым диндешип кеткен аймактарда мугалимдер да жоолукчан сабак өтүшөт. Мен ушул нерсеге каршы туруп, катуу күрөштүм. Биздин өлкө светтик же динден ажыратылган мамлекет экени Баш мыйзамыбызда жазылып турса да, айрым исламдашкан күчтөр ага баш ийгиси келбейт. Кыздарын мектепке жөнөтпөй коюшат же жоолук салып жиберишет. Бардык билим берүү мекемесинде бирдей Мыйзам иштеп, бирдей талап , бирдей мектеп формасы колдонулуш керек деген маселенин үстүндө катуу иштедим. Ошол эле мезгилде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы, аялдардын ролун көтөрүү, активдүүлүктөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн  колдоно билүү, саясатка жана жетекчилик кызматтарга тартуу, гендер саясаты боюнча да бир топ иштерди алып бардык.

- Ушул аракетиңизден кандай натыйжа ала алдыңыз?

- Негизи социалдык тармак оор жана татаал да. Андагы бир маселени чечсең, экинчиси чыга берет. Дагы биринин түбү жок. Антсе да, өзүм ыраазы болгон  жагдай - элет жериндеги аялзатынын активдүүлүгү болду. Алар өз укуктарын түшүнүп, кандай маселе болсо да мыйзамдуу жагын издешип, көз караштары өзгөрө баштады. Мурдагыдай өнөрүн ичке каткандар, эми ачыкка чыгып, кароо-сынактарга катышып, дараметин көтөрүүнүн үстүндө иштеп калганын байкап жаттым. Анан баягы мектепке жоолук салынып келген окуучулардын, мугалимдердин катары азайды. Мектептерде бирдей форма талап кылынып, ишке ашты.

- “Ар ким эле чыныгы аялзаты боло албайт” дешет го?

- Туура, ал эмес, ар ким эле Адам  боло албайт десек да болот. Ал эми аял болуш тим гана сен кыз болуп төрөлүп калышыңдан эмес да. Кыз атыңды сактоо, анан ошол айымдык сапаттарга ээ болуу, аялзатынын бардык түйшүгүн көтөрө билүү ырасында да ар кимдин колунан келе бербейт. Эне болуу балким оңойдур, а бирок, чыныгы эне болуш өтө оор. Мен бир акылмандын айтканын окуп калдым: “Аял киши жашоодо үй-бүлөсү, баласы үчүн  жасаган кызматына  эч качан акы албайт экен. Анын мээнети эч нерсе менен бааланбайт тура”.

- Азыркы иштеп жаткан балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемеге жетекчи болуу менен сиз кандай  жумуштарды жасай алдыңыз?

- Жалпыга маалым, бул мекемеде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кароого алынган жана тарбияланат. Анда төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балдар бар. Өзү 110 орундуу. Республиканын бардык аймагынан келет. Ар кимиси ар кандай дартка кабылгандар. Ата энеси барлар, ата-энеси  таштап кеткендер же таптакыр эч кимиси жоктор. Бул мекемеде иштеген ар бир адамдын башкача бир мээрими болуш керек. Антпесе иштей албайт. Мекемени кайтарып  дарбазада кызматын кылып жаткан кароолчудан тартып, жетекчиге чейин мээримдүү, кайрымдуу, боорукер, өзүн эмес, ушул жердеги балдардын тагдырын ойлогон адам болуш керек. Бизде ошондой. Ар бир бала үчүн жүрөгүбүз ооруйт. Эми бул мекемеге келгенден берки жасаган ишимден кеп салсам, мактангандай болбоюн. Антсе да, айрымдарын айта кетейин. Бул мекеме өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары уюшулган. Имараттары болсо андан да мурдагы, бөлүнүп-бөлүнүп салынган, эски жайлар. Айрымдарына  эки кылым деле болсо керек.  Тоо түбүндө ыңгайсыз жерде салынган эски имараттарды жаңыртуу, шарттарды жаратуу аракетин баштадым. Эң эле биринчи  имараттардын ичине суу киргиздим. Ысытуу жабдыктарын оңдоп, жаңылап чыктык. Мамлекеттин кароосунда болсо да, ички материалдык-техникалык базаны чыңдоого мамлекет берген каражат жетишпейт. Ошондуктан сырттан демөөрчү издеп, долбоор жазып, инвестиция тартуу аракетинде болдум. “Ас-Салам” эл аралык фондусу тарабынан 30 орундуу жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди.. Кошумча тиш дарыгеринин кабинетин ачып иштеттик. Жабдыктарыбызды жаңыртып жатабыз.  Имараттын айланасы асфальтталып, таза суу киргизилди. Тегерек четибизге долбоордун негизинде бак тиктик. Ички шартыбызды жакшыртып,  ойноочу, уктоочу бөлмөлөр иретке келди.  Кыргыз Өкмөтүнүн жана  Евросоюз уюмунун ортосундагы келишимдин негизинде   наркы 115 миллион сомдук жаңы имарат курулду. Бул да иштин жемиштүү жагы болду. “Бала ыйлабаса...” демекчи, абалыбызды айтып, жазып, туш-тарапка кайрылуубуздун натыйжасы десем болот. Жакында жаңы имаратка көчүп кирсек, эң ыңгайлуу, заманбап шартта жашап калабыз. Ал жерде бардыгы бар. Жабдыктарга да акча каражаты бөлүнүп эмеректер алынып келе баштады.  

- Бул мекеменин статусун жогорулатуу аракеттери болуп жатыптыр?

- Ооба, мурдагыдай жатак жай катары же туруктуу кароого алынган балдар үчүн гана эмес, күндүзү да кабыл алына турган реабилитациялык мекеме болуу алдында турабыз. Жаңы имаратыбызда шаардан же шаарга жакынкы айылдардан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды күндүз кабыл алып, аларды окутуп, тамактандырып, ден соолугун бекемдөө  кызматтарын көрсөтөбүз. 

- Көз жетсе да, кол жетпеген  учурлар  болот. Сизде да ошондой жагдайлар барбы?

- Албетте, ойдо көп нерсе бар. Кыялыңда  көп жакшы ишти жасасам, жаңылык киргизсем деген түпсүз ойго батасың. Бирок, аны ишке ашырууда ар кандай себептер болуп калат. Азыркы менин негизги максаттарымдын бири - өзүм жетектеп жаткан мекеменин статусун жогорулатып, анан жаңы имаратка толук көчүп кирип, ушул жердеги балдар үчүн сонун шарт жаратуу. Алар дагы типтүү, жаркыраган жаңы имаратта, жаңы  жабдыктардын кучагында асыралса. Алар дагы ата-эненин кучагында жүргөн балдар сыяктуу эле шарты жакшы жайда жашаганга акысы бар да. 

- Мекемеде кандай кескин өзгөрүү болсо деген ниетиңиз бар?

- Негизи мындай мекеме болбой  эле койсо кана? Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болбосо кана? Жарык ааламга келген ар бир бала алты саны аман жаралса, анан алардын бактылуу күлкүсүн гана көрсөк кана? Ден соолугу чың, төгөрөгү төп келген балдарды асырап, алар үчүн эмгегибизди, мээнетибизди жумшасак кана?

- Күчтүү айымга дем, күч берген анын үй-бүлөсү дешет?

- Туура, анын чындыгы бар. Мен турмушта да жолдуу айыммын десем болот. Жакшы атанын, акылман эненин тарбиясын алып, дал аларга окшош үй-бүлөгө келин болдум. Кайын энем да өтө акылман аял болчу. Өмүр шеригим күч органынын адамы. Үйдө темирдей тартип. Бирок, мени ар тараптан колдоп турат. Мага күч, дем, кайрат берген ошол киши. Кабагым ачылса, кошо сүйүнөт, кабагым бүркөлсө, кошо кейийт. Жардамын аябайт. Эки кыз, бир уулду тарбиялап, беш неберенин чоң ата, чоң эне, тайэне, таятасыбыз.

- Күчтүү, мээнеткеч айымдын эмгеги да бааланып турса керек?

- Албетте, жергиликтүү мамлекеттик органдардан тартып, жогорку мамлекеттик сыйлыктарга жетиштим. Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасын алдым. Министрликтин бир нече сыйлыктары, төш белгилери бар. Баарына каниет кылам.

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2