AUCA the best 2

2024-04-20

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Жанар Тургунбекова: Монтессори билим берүү – дисциплина жана эркиндик

Монтессори билим берүү жөнүндө уксаңыз керек? Биз Монтессори-педагогика жана анын Кыргызстандын билим берүү системасындагы орду тууралуу кененирээк билүү үчүн Монтессори-педагог Жанар Тургунбекова менен маектештик. Алгач, BILIMKANA – Кыргызстанда 6-9 жаштагы жеткинчектер үчүн Монтессори мектеп ачкан биринчи уюм экендигин белгилеп кетүү зарыл. Буга чейин Монтессори бала бакчаны бүтүргөн наристелер Монтессори мектеп жок болгону үчүн системадан сырткары окуп келишкен. Жанар Тургунбекова дүйнөдө абдан популярдуу жана көпчүлүк өлкөлөрдө кабыл алынган Монтессори системасы тууралуу айтып берди.

- Алгач, бул тутум жөнүндө укпаган окурмандар үчүн айкындык киргизип кетсек. “Монтессори” – адам, методика же кубулушпу?

- Монтессори – бул италиялык психотерапевт, педагог, антрополог Мария Монтессори негиздеген билим берүү системасы. Бул тутум жүз жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргызстанга келгенине 10 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта Монтессори бала бакчада көп наристелер тарбияланды. Бирок, алардын билим алуусун улантуу үчүн Монтессори мектеп жок болгондугуна байланыштуу системадан сырткары билим алып жатышты. BILIMKANA Монтессори мектебинде учурда 6 жаштан 9 жашка чейинки жеткинчектер билим алууда. Тагыраак айтканда, жалпы билим берүүчү мектепте 1-, 2-, 3-класста окуй турган балдар Монтессори системасы боюнча баары бир класста окуп калышат. Алардын ар бирине жекече мамиле жасалат. Бул системада билим алып жаткан балага өзгөчө көңүл бурулат. Биз билим берүү тутумунда биринчи тепкичте мугалимди көрүп көнүп калганбыз. Андан кийин окуу китептери, акырында окуучуну тизмектейбиз. Монтессори системасында көңүл борборунда окуучу, андан соң билим берүүчү чөйрө жана мугалим турат. Монтессори билим берүү чөйрөсү бир канча аймакка бөлүнөт: табият таануу, практикалык жашоо, сенсордук аймак, тил жана математика. Бардык усулдук материалдар бир гана нускада коюлган. Демек, окуучулар өз ара келишүүнү, кезек күтүүнү жана башкаларды сыйлоого үйрөнүшөт. Ошондой эле, окуп жаткан учурда балдар бири-бирине тоскоол болбойт. Окуучулар тамакты да өздөрү куюшат, ичип бүткөн соң идишин жууп кетет. Муну менен алар өз алдынчалыкка үйрөнүп, өзүнүн барктуулугун сезишет. Айтканга оңой болгону менен иш жүзүндө окуучудан да, мугалимден да жогорку көрсөткүчтү талап кылат. Монтессори системасында билим алган белгилүү инсандардын катарында бизнесмен Жефф Безос (Amazon компаниясынын негиздөөчүсү), Сергей Брин жана Лэрри Пейдж (Google компаниясынын негиздөөчүлөрү) бар. Алар интервьюларында Монтессори мектеби ийгиликке жетүүгө негиз болуп бергенин айтышат. Ошондой эле, дүйнөгө атагы чыккан Жаклин Кеннеди, Уильям жана Гэрри канзадалар жана кыргызстандыктар сүйүп окуган жазуучу Габриель Гарсия Маркес Монтессори системасында билим алган.

- Бул система окуучу жана ата-энелер үчүн эмнеси менен кызык?

- BILIMKANA мектебинин негизги максаттарынын бири – жаш муунга глобалдык дүйнөдөгү атаандаштыкка туруштук бере алчу татыктуу билим берүү. Буга байланыштуу Монтессори мектебин ачуу идеясы ишке ашып жатат. Бул тутум салттуу билим берүү системасында жетишпей жаткан – өз алдынча билим алуу, өз алдынча окуу, тандоо укугу жана эркин аракеттенүүгө үйрөтөт. Монтессори билим берүү - бала тарбиялоо ыкмасы ишеним, эркиндикке жана өз оюн билдирүүгө негизделген. Мындай кишинин жашоого болгон кызыгуусу эч убакта солгундабайт. Монтессори системасында бала өз багытын өзү тандайт.

- Бала өз багытын өзү тандаганы кандай?

- Мария Монтессори баланын өнүгүүсүнүн активдүү мезгилдери жана бир нерсеге кызыгуусу күч ала турган учурлар болорун айткан – сензитивдүү же сезимтал мезгилдер. Бүгүнкү күндө жаш өзгөчөлүк психологиясы муну тастыктап турат. Бала кандайдыр бир багытка кызыгуусу күчөгөн мезгили болот, ал эми Монтессори системасы дал ушул учурга ылайыкталган. Монтессори-класста окуу балдар үчүн абдан кызык. Анткени, ар бир билим берүү тепкичи жаш куракка карап түзүлгөн. Монтессори системасында сабак 3 саатка созулат. Бул убакыт ичинде окуучу өзүн эркин алып жүрө алат.  

- Монтессори системасында дагы кандай өзгөчөлүк бар?

- Монтессори “Мен муну өзүм жасай алам, болгону жардам бер” деген ураан менен иштейт. Биз баланын жаш өзгөчөлүгүн эске алып, өз алдынчалыкка үйрөтөбүз. Монтессори – бул эркиндик деп айтышат, туура. Бирок, бул жерде тартипсиздик же башаламандык жок. Мында окуу процесси жогорку уюшкандыкта өтөт жана дисциплина менен эркиндикти параллелдик түрдө алып барабыз. Монтессори системасынын дагы бир өзгөчөлүгү – бул уникалдуу жана кымбат баалуу билим берүү материалдары. Монтессори-педагог презентациялык мүнөздөгү материалдарды окуучуларга жеткирүү сырларын жакшы өздөштүргөн. Ар бир презентация кыска, бирок нуска түзүлгөн. Көрсөтмө куралдарды колдонуу менен окуучу өзүнүн чеберчилигин жогорулатат. Биздин мектепте ката кетирүүгө жана алардын негизинде тажрыйба арттырууга жол берилет. Мария Монтессори түптөгөн билим берүү чөйрөсүндө окутуу менен биз өзүнө-өзү ээ боло алган “жаңы” адамды тарбиялап чыгарабыз. Бул Монтессоринин дагы бир принциби – нормализациялоо. Мария Монтессори ар бир балага өзүнчө мамиле жасоо керектигин айтат. Мисалы, биздин мектепте балдар бири-бирине окшобойт, ар биринин жөндөмдүүлүгүнө жараша окутулат. Биринчи жарым жылдыкта окуучуларыбыз абдан жакшы көрсөткүчкө жетише алды. Биздин балдар 4 тилде сүйлөй алышат: кыргыз, орус, англис жана кытай тилдерин жакшы өздөштүрүшкөнүн көрүп, жаңы жылдык кечеге келген ата-энелер, коноктор абдан таң калышты. Ошондой эле, биздин окуучулар шахмат боюнча өткөн мелдештерде байгелүү орундарды алып келишет.

- Мындай мамиле универсалдуулук жактан өнүгүүгө канчалык таасир бере алат?

- Мария Монтессоринин ыкмасы бардык балдарга ылайыкталган жана бир канча жыл ичиндеги ийгиликтүү иштин жыйынтыгы менен бүт дүйнөдө эң натыйжалуу система катары сунушталып жатат. Көпчүлүк балдар жаңы дүйнөнү таанууга абдан куштар болушат, мен Монтессори-педагог катары мына ушул кызыгууну солгундатпай, тескерисинче окуучуларга дем-күч берип турушум кажет. Заманбап балдар өзү кызыккан тармакка болгон шык-жөндөмүн арттырууга колдоо таппай калышат. Монтессори ыкмасы бул жөндөмдү оңой жол менен жөнгө салууга негиз болуп берет.

- Сиздердин класска баланы кантип киргизсе болот?

Монтессори мектеби Чүй проспекти, 121 дарегиндеги Bilimkana Chinese School мектебинин имаратынын эң үстүңкү кабатында жайгашкан. Бул жерде мурда Билайн компаниясы иштеген. Биздин класстар бардык заманбап жабдыктар менен жабдылган. Ал эми тамактануу, спорт жана балет менен машыгуу Bilimkana Chinese School мектебинин базасында өтөт. Биз экскурсия уюштуруп, мектеп менен тааныштырууга дайыма кубанычтабыз.

Байланыш номерлерибиз: +996 (557) 00 35 08, +996 (705) 00 35 08, Instagram @montessori_bilimkana. Балаңызга ар тараптуу билим берүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2