AUCA the best 2

2024-04-24

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Элиза Асилбекова: Ишкерлик менен жаратман аялдар гана алектене алат

Акыркы учурда ишкер айымдар демилгелүү болуп, «ишкер айым” деген сөз модага айланды десек да болот. Сиз ишкердикке кантип келдиңиз?

“Ишкер айым” деген тренд сөз болуп жатканы абдан жакшы. Бул биздин коомдо аялзатынын орду жогорулап жаткандыгын түшүндүрөт. Биз илгертен калыптанып калган аялзатына тиешелүү баалуулуктар жана милдеттер менен кошо учурда ишкерликти да жүргүзүп келе жатабыз. Бул албетте жакшы көрүнүш. Аялдардын өзүнө болгон ишеними жогорулап, ишкеликтин жүгүн да көтөрүп, өз алдынча иш алып барып жатканы – коомдун өсүп жатканынан кабар берет.

Менин ишкерликке аралашканыма 9 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта бардык карьералык баскыстарды басып өттүм. Жыйырма жылдын аралыгында, алгач стажерлуктан баштап, башкы директорлук кызматка чейин көтөрүлө алдым. Мунун артында албетте чоң аракет жана эмгек турат. Ар бир кызмат өтөгөн мекемелерде 3-4 жылдан жигердүү иштеп, бир катар жемиштүү долбоорлорду ишке ашырууга жетиштим. Жетиштүү тажрыйба топтоп, бизнес үчүн бышып жетилгенимден соң, бала кездеги кыялдарды орундатууга кириштим. Ишкерликке консалтинг бизнеси аркылуу кадам таштадым. Бул багытта тажрыйбам бар болгондугу үчүн көп кыйынчылык болгон жок. Адам ресурстарын башкаруу боюнча ички структуралык өнүктүрүү багытында кеңеш берип, чоң жумушту баштадым. Бара-бара багытымды өзгөрттүм. Бизнес-мектеп, ресторан жана СПА салондорду ачып, ийгиликтүү иш алып баруудамын.

Ишкерлик десе эле акча табуу эмес, коомдун өнүгүшүнө да өз салымыңды кошуу деп билемин. Учурда “Курак” аялдар форумунун башкармасынын мүчөсүмүн. Ал жакта ишкер айымдарга колдоо көрсөтүп, кыз-келиндердин бизнеске аралашуусуна жардамдашып жүрөм. Андан сырткары, айымдарды спорт менен машыгууга үндөп, сергек жашоону пропагандалоого аракет кылып келем. Бул албетте ар бир инсандын социалдык жоопкерчилиги деп эсептейм.

Айымдар үчүн ишкерлик оор эмеспи?

Кайсы гана жумуш болбосун өзүнө жараша кыйынчылыктары болот. Жумушту баштаганда эле шыр жүрүп кетет деген түшүнүк жеңил ойлуулук эсептелет. Бизнесте “аракетке берекет” деген девиз менен иштегенде гана жыйынтык болот. Канчалык убакыт, акча жана жеке ресурстарыңды жумшасаң, ошончолук пайда табасың. “Жаткан таштын астынан суу акпайт” деп коёт эмеспи элибизде. Ошол үчүн аракет кылсаң эле, жетишкендиктер, ийгилик сөзсүз болот.

Албетте, бир жумушту баштоодо каржы булактарынын жоктугу кыйнайт, а бирок ошол каржы ресурстарын башкаруу түйшүгү эң биринчи маселе. Көп айымдар акчаны туура эмес колдонуудан жапа чегип, бизнестеги кыйнчылыктарга дуушар болушат. Ошондуктан, менин оюмча, бизнести баштоодон мурда кыскача бизнес тренингдерге катышып, бизнести пландоо, башкаруу жана көзөмөлдөө системасын жакшыртып, анан ишке киришсе жакшы болот.

Ишкерликтеги эң чоң тоскоолдук?

Эң чоң тоскоолдук – өзүңө ишенбестик деп айтат элем. Көпчүлүк жумушту баштап туруп, андан ары алып кеткенге эрки жетпей калабы, айтор жарым жолдон таштап кетип калышат. Балким бул мүнөзүбүзгө да байланыштуу болуп жатабы деген ой келет, себеби табиятыбыздан назик, эмоционалдуу жан болобуз да. Ошол үчүн кыйынчылыктарга туруштук берип, жеңип кеткен айымдар көп болсо экен деген үмүтүм зор. Бизнеске кирип жатканда эң эле биринчи психологиялык жактан даяр болуу зарыл. Бир аз болсо дагы айымдар бири-бирибизге колдоо көрсөтүү маданиятын көтөрсөк жакшы болот эле деген тилегим бар жана буга ишенем. Тилекке каршы, көпчүлүк аялдар өнүгүп-өсүп же окуп жаткан аялдарга каршы мүнөздөмө беришет экен. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдү карасак, аларда аялдар бири-бирине колдоо көрсөтүп турушат. Биз дагы тилектештик маданиятын көтөрсөк, коомдо чоң өзгөрүүлөр болот эле.

Азыр мамлекет тарабынан ишкерлерге жакшы колдоо көрсөтүлүп жатат. Ал эми ишкер айымдарга кандайдыр бир артыкчылыктар берилип жатабы?

Борбор Азия чөлкөмүндө аялдардын ишкерлигин колдоо үчүн көптөгөн мамлекеттик программалар иштелип чыккан. Бирок, тилекке каршы мындай программалар Кыргызстанда жок. Ишкер айымдар кайратмандык менен гана бардык тоскоолдуктарды жеңип, жаратмандык менен ишкерликти жүргүзүп келе жатабыз. Бизди кандайдыр бир ассоциациялар же уюмдар колдошу мүмкүн.

Учурда ар кандай иш-чаралар аркылуу мамлекет менен диалог түзгөнгө аракет кылып жатабыз. Бирок, мамлекеттен такыр эле жардам жок дегенден алысмын. Мисалы, былтыр Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү демилге көтөрүп, ишкер айымдар менен жолугуп, атайын конференция өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында, мамлекет менен ишкер айымдардын ортосунда жогорку деңгээлдеги диалог түзүлдү десем жаңылышпайм. Бул мамлекеттин бизге көрсөткөн колдоосу. Бирок, ишкер айымдарды колдоо программасы иштелип чыкса, андан да жакшы болмок. Мындай шартта биз дагы да дем-күч алып, өзгөчө шыктануу менен иштейт элек. Айрыкча, айыл жериндеги ишкер айымдарга өзгөчө колдоо көрсөтүлсө дейм.

Спорт жагында да эмгектенип келесиз? Бул тармакка кандай себептер менен аралашып жүрөсүз?

Спорт менен окуучулук кезде жигердүү машыктым. Бүт Кыргызстанды кыдырып, турнирлерде алдыңкы орундарды багындырган активдүү окуучу элем. Мектепти аяктап, окуу жана турмуш-тиричилик менен алаксып спорт калып кеткен эле. Арадан 22 жыл өтүп, волейболго кайра келдим. Спорттун организмге гана эмес, акыл-эске да тийгизген оң таасирин эске алып, спортту сүйгөн 35 жаштан улуу аялдардын лигасын негиздедик. Учурда “Дилгир” волейболду сүйүүчү кыз-келиндер лигасында 140-150 адам ойнойт. Көпчүлүгү алыскы аймактарда жашаган айымдар. 2019-жылы республикалык масштабдагы бир катар турнирлерди өткөрдүк. 2020-жылга карата командалардын санын көбөйтүүнү максат кылып турабыз, сунуштар да жок эмес. Спортту, өзгөчө спортко кызыккан айымдарды колдогон демөөрчүлөр да табылат деген зор ишенич бар.

Бош убактыңыз болобу?

Мен бир учурда 5-6 тармакта иштегеним үчүн бош убакыт көп болбойт. Анүстүнө, социалдык жоопкерчилик багытында да иш алып барганым үчүн графигимде бош сааттар абдан эле аз. Бирок, ага карабастан жуманын аягындагы эки күндү балдарым менен өткөргөнгө аракет кылам. Эне болуу да бул өзүнчө чоң жумуш. 

2019-жылды кандай ийгиликтер, жетишкендиктер менен узаттыңыз? 2020-жылга пландардыңыз?

2019-жыл бир аз татаал кечти. Бизнесте да бир канча кыйынчылыктар болду. Бирок, мунун баары тажрыйба катары кала берет. Ага эч качан чөкпөш керек. Бардык нерсенин позитивдүү жактарын гана көрүү зарыл. Ошол эле учурда көптөгөн долбоорлорду ишке ашырдым. Жаңы идеялар менен иштедим. Бул жылы уулум робототехника боюнча олимпиадада жакшы жыйынтыктарга жетишти. Бул биздин үй-бүлөнүн чоң жетишкендиги деп айта алам. Жаңы жылда жаңы долбоорлорду ишке ашыруу тапшырмасы турат. Андан сырткары, спорт жагынан да ийгиликке жетүү пландарым чоң.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2