AUCA the best 2

2024-12-21

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Жылдыз Полотова: Ак ниет эмгектин үзүрү – элибиздин бакубат жана бактылуу жашоосу менен кайтат

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары, социалдык коргоо жана социалдык кызматтар боюнча эксперт Жылдыз Полотова социалдык тармакта алып барган ишмердүүлүгү жөнүндө маек курду.

- Саламатсызбы, Жылдыз айым. Сиз социалдык өнүгүү тармагында ар бир тепкичти басып жана көп жылдар бою эмгектенип келдиңиз. Бул аралыкта сиздин оюңузча, тармакта өзгөрүүлөр болдубу?

Саламатчылык. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери жана базар экономикасына өтүүдө негизги ролду социалдык коргоо системасы дагы ойноду. Советтер Союзу мезгилинде эмгек рыногунда толук жумуштуулук каралып, социалдык коргоо толугу менен социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдөн жана муктаж болгон топторго каралган кошумча накталай эмес жеңилдиктерден негизделчү. Ошондон калыптанып калган жана көп каражатты талап кылган бул тармакта, замандын талабына жана мүмкүнчүлүктөргө жараша, даректүү социалдык жардамдын жаңы иш-чаралары, эмгек рыногунда стратегиялар, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча программалар киргизилди. Жакырчылыкты жоюу, ошондой эле жумуштуулук, эмгек миграциясы жана жумушсуздук боюнча камтыган, улам чыгып келген бир топ көйгөйлөрдү чечүү үчүн социалдык коргоо системасы үзгүлтүксүз өзгөрүүлөргө учурады. Мамлекеттик жөлөкпулдар системасында, ошондой эле кызматтарды даректүү көрсөтүү, жеңилдиктерди оптималдаштыруу максатында жеңилдиктерди алмаштырган акчалай компенсацияларды төлөө киргизилип жана башка багыттар боюнча реформалар болду. Албетте, эл аралык донордук коомдук жана жарандык сектордун катышуусу менен. 

- Министрдин орун басары болуп турган мезгилде алдыга коюлган тапшырмалар ишке аштыбы? Бүгүнкү күнү алардын жыйынтыктарын көрө алдыңызбы? Аткарылган болсо, өз максатына жетти деп ойлойсузбу? Кайсы долбоорлорду баса белгилеп айтып кетет элеңиз? 

- Ооба, бир канча тапшырмалар ишке ашты, бул албетте кубандырат. Мисалы, быйыл Беловодск жана Жалал-Абаддагы балдар психоневрологиялык социалдык стационардык балдар мекемелеринде заманбап жабдыктар менен жабдылган реабилитациялоо борборлордун ачылышы болот. Аталган борборлордун курулушу 2017-жылы башталган. Курулуш иштери башталганга чейин реабилитациялык борбордун зарылдыгы далилденип, азырынча Борбордук Азияда аналогу жок долбоордук-сметалык документациялар даярдалып, каржы бөлүнүп арбын жумуштар аткарылды. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдында мындай борборлор алгач ирет курулуп жатат. Албетте, аталган реабилитациялык борборлордун ишмердүүлүгүн заманбап усулда алып баруу максаты да коюлганын белгилеп кетүүм керек. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар борборго белгилүү бир убакытка келип, реабилитациялык кызматтарды алып, кайра үйүнө бара турган шарттар түзүлүш керек. Ал эми дайыма ошол жерде адистештирилген кызматка муктаж болгон оор дартка чалдыккан балдар өзүнчө жакшыртылган шарттарда каралат.   Майыптык жөнүндө кебимди улай, акыркы жылдары бул багытта көптөгөн жумуштар аткарылганын айтып өтөйүн: түрдүү программалар ишке ашырылды, эл аралык эрежелерди эске алуу менен майыптыкты аныктоочу медициналык-социалдык эксперттик тутуму өзгөртүлүп жана жакшыртылды, нормативдик-укуктук актылар иштелип чыгып, кабыл алынды. 2019-жылдын март айында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдогу жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий укуктарын коргоочу БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндөгү Конвенция ратификацияланды. 2018-жылдын ноябрь айында чечим кабыл алынып багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызматынын киргизилиши да бул тармактагы чоң жетишкендик деп эсептейм. Бүгүнкү күндө мындай балдарды баккан ата-энесине, мыйзамдуу өкүлүнө же жакын тууганына жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө бекитилген тартипте, калктын жан башына туура келүүчү жашоо минимумунун өлчөмүндө акы төлөнүп берилүүдө. Албетте, балдарды коргоо жана улгайган жарандарды колдоо боюнча да бир катар алгылыктуу иштер жасалды. Кабыл алынган мыйзамдар, нормативдик укуктук актылар жана стратегиялык программаларды ишке ашыруу үчүн дагы талыкпай иштөө керек.

 

- Стратегиялык программалар жөнүндө сизге суроо. Былтыр Өкмөт 2019-2025-жылдар аралыгында улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын кабыл алды. Мындай өзүнчө документтин кабыл алынышынын зарылчылыгы канчалык? 

- Жакшы суроо. Кыргызстан жаш мамлекеттердин категориясына кирет. Учурда калктын негизги бөлүгүн ишке жарамдуу жарандар, балдар жана өспүрүмдөр түзөт. Эмгекке жарамдуу жарандардан улуулар калктын 8% түзөт. БУУнун жаш өзгөчөлүк классификациясына ылайык, 65 жаштан өйдө курактагы жарандар 7%дан көп болсо, анда ал өлкөнүн эли улгайган деп эсептелет. Кыргызстандын калкы да акырындык менен карылыктын босогосуна жакындап баратат, бизде 65 жаштан жогору курактагы жарандар кыргызстандыктардын 4,7% түзөт. Ал эми кошуна Казакстанда бул көрсөткүч 7,3%га жетти. 2015-жылы жүргүзүлгөн улгаюу процесстерин улуттук деңгээлде изилдөөнүн жыйынтыгында, Кыргызстанда мындай тенденция болжол менен 2030-жылга барып жаралат. Анда жашы 65тен ашкандардын саны 7%га жетет. Демек, мындай божомолдор жана тенденцияларды талдап көрсөк, жакынкы жылдары өлкө калктын улгайышы жана демографиялык көйгөйлөргө туш болот. Улгайган жарандардын ден соолугунун абалы, жашоо образы, жыргалчылыгы, камсыздандырылышы жана бир топ башка маселелерди камтыган изилдөөнүн жыйынтыктарын жана божомолдорун, ошондой эле келечектеги ар түрдүү тобокелчиликтерди жана чакырыктарды эске алуу менен жогорудагы Иш-чаралар планы максаттуу түрдө кабыл алынган. Улгайган жарандар коомдун маанилүү бөлүгү болуп эсептелип, олуттуу жардамга, көңүл бурууга  жана алардын жашоо сапатын жакшыртууга муктаж. Мисалы, жадагалса, пенсиялык камсыздоосу, социалдык коргоо жана кызматтары жогорку деңгээлде болгон, бирок калкы улгайып баштаган өнүккөн өлкөлөр дагы бул маселеге өтө олуттуу мамиле кылышат.

- Эл менен жолугушуп, калктын аялуу катмары менен иштеп жүрдүңүз. Жарандарыбыз ар кандай маселелер боюнча кайрылышат. Көйгөйлөрдү чече албаган учурлар да болдубу?

- Туура, жарандарыбыз ар кандай меселелер менен мамлекеттик органдарга кайрылышат. Мыйзамдарга, мүмкүнчүлүктөргө жараша маселелердин баардыгын чечүү кыйын. Ар кандай тагдыр, көз караш, ой-пикирлер болот экен. Акыры адамбыз да. Элибизде айтат эмеспи: «Жылуу наның болбосо да, жылуу сөзүң болсун» же «Буудай наның болбосо да, буудай сөзүң жокпу» деп. Кайрылган адамдардын маселерин чечүүдө мүмкүнчүлүктөр болбогон учурларда алардын жашоо-шарты, жөндөмдүүлүгү, мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө толук угуп, колуман келген башка жардам жана кеңеш берүүгө, жылуу сөзүмдү айтканга аракеттеримди жумшайт элем. Ошондой учурларда адамдар кайра каниет кылып, кандайдыр бир жакшы үмүт менен ыраазычылыгын билдирип, рахматын айтып, батасын берип кетишет эле.  Айрымдары кайра келип же байланышка чыгып сүйүнүчү, жакшы жаңылыктары жана ийгиликтери менен бөлүшкөн учурлар дагы бар. 

Эл менен жолуугушууда дагы жарандарыбыз ар кандай маселелерди көтөрөт. Эсимде, 2016-жылы эл өкүлдөрү эл менен болгон жолугушууларда чогуу катышып калдым. Жарандарыбыз негизинен жөлөкпул, жеңилдиктер боюнча суроолорду беришти. Ошондо бийик тоолуу райондо болгон жолугушуудан кийин аксакалдар жаныма келип суроолорго так жооп, кеңири маалымат алгандары жөнүндө айтып, бирок жөлөкпул маселесин дагы бир карап көрүүнү сунушташты. Мен сунуштарды эске алабыз деп, бирок мамлекет тарабынан колдоо катары берилген жөлөкпул, жеңилдиктерден башка, келечекте көбүрөөк үзүрлүү жыйынтыктарды бере турган маселелерди көтөрүп, чогуу карап, тиешелүү иш-чараларды жасаш керек деген оюмду айттым. Кошумча дагы, ал жерде заманбап, жаңы жолдор курулуп, элдин жашоосу бир кыйла оңолуп жаткандыгы жөнүндө белгилеп, ошондой эле таза суу, ар кандай кызматтарды, анын арасында социалдык кызматтарды өнүктүрүү маселелердин бүгүнкү күндөгү маанилүүлүгү жөнүндө дагы айта кеттим. Себеби, социалдык кызматтар айрыкча бийик тоолуу, барууга кыйын болгон алыскы жана чек ара райондорунда жашаган жарандарыбыздын жашоо сапатын жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Аксакалдар кылдаттык менен угуп: «Туура айтасын, балам. Айтса-айтпаса, чынында эле жол оңдолгондон бери элдин жашоосу оңолду…» - деп бир топ жакшы сөз, каалоо-тилектерин айтышты.

- Жашооңузда өзгөчө таасир калтырган кездер барбы?

Ооба, ар кандай таасир берген учурлар, окуялар жана адамдар бар. Мага маанилүү таасир берген, албетте, менин ата-энем, жакын адамдарым, мугалимдерим, эмгек жолумдагы үлгүлүү устаттарым, досторум. Алардын арасынан көңүлдө өзгөчө из калтырган менин чоң атам Полотов Аттокур жөнүндө айта кетсем. Ал мен 9 жаш кезимде көз жумган. Чоң атам санжыра, тарыхты жакшы билген куйма кулак, сөздү таба жана ар бир муундун адамдарына сиңире алган чынчыл, кеменгер адам эле. Бала кезимде анын жанында жүрүп, балдарына, адамдарга, жеке мага айткан накыл кептерин угуп, ушул күнгө чейин эстеп, жаш өткөн сайын насаат сөздөрүнө кайтадан терең маани берип көп учурда тыянак чыгарам. Чоң атамдын мекенге болгон эмгеги ак ниеттүү, түшүнүгү таза жана ыйык болчу. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери.

Чоң атам өз ыктыяры менен согушка жөнөп кетип, ар кайсы фронттордо душман менен салгылашкан. Адамзат тарыхындагы эң кандуу согуш катары калган Сталинград салгылашуусунда Дон дарыясын биринчилерден сүзүп өтүп, пулемёт менен душмандарды тындырбастан атуу менен жоокерлердин өтүүсүнө шарт түзгөндүгү, көрсөткөн эрдиги үчүн полктун командири полковник Красс жоокерлердин алдында Советтер Союзунун Баатыры наамына көрсөткөн экен. Бирок, теңдешсиз кармашта чоң атам оор жарадар болуп табылып, аман калат. Ошентип, полк бүтүндөй катуу кыргынга учурап, ал баатырлыкка көрсөтүлбөй калган. Чоң атам Советтер Союзунун Баатыры наамын жана согуштан кайтып келгенден кийин мекенге жасаган күжүрмөн эмгектери үчүн эч кандай наам, сыйлык сурабастан, тиешелүү жеңилдектирди дагы пайдаланбай, «Нандан улуу тамак жок, адамдан улуу атак жок» деп, баардык нерсеге каниет, топук кылып өмүр кечирген.

- Азыркы учурда кандай иштер менен алексиз? Балдарыңыз кайсы кесиптин ээлери  болгусу келет?

Азыркы учурда социалдык маселелер боюнча долбоорлорго тартылып иш алып барып жүрөм. Ошондой эле социалдык коргоо, социалдык кызматтар жана мамлекеттик социалдык заказ боюнча тренинг, семинар, лекцияларды өткөрүүдөмүн.

Улуу кызым жогорку окуу жайын аяктап юрист кесибин тандады, уулум болсо экономика багыты боюнча магистратурада окуп жатат. Ал эми эң кичүү кызым быйыл мектепти аяктайт. Азырынча дарыгер болом деген ою бар.   

- Социалдык өнүгүү тармагында иштеген оор болуш керек. Кесиптештериңизге, алардын арасында жаш адистерге кандай каалоо-тилектериңиз бар?

Бул тармакта иштеген кызматкерлердин эмгеги заманбап жашоонун агымында абдан маанилүү жана зарыл. Социалдык туруктуулук - бул социалдык өнүгүү багытында эмгектенген адамдардын дагы кошкон чоң салымы. Калктын аялуу катмарлары менен иштөө – абдан олуттуу жоопкерчилик. Колдоого муктаж болгон жарандарга колдоо көрсөтүү менен алардын жакшылыктан болгон үмүтүн улап, чыныгы мээрман, ак ниет менен кызмат кылган адамдар гана чыдап, талыкпай аз маянага топук кылып эмгектенип келишет.

Мен биздин жаш адистерге: «Аз болсо жетээр, көп болсо кетээр»,- деп көп айтчу элем. Себеби, ак ниет менен кылган эмгектин үзүрү - балдардын күлкүсү, дөөлөттүү карылыкта өмүр кечирген жарандар, ынтымактуу үй-бүлө, баары менен тең укукта жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жакшы жашоосу менен кайтат. Ушундай ары жоопкерчиликтүү жана олуттуу, талылуу иштер болгон жерде сөзсүз түрдө сын-пикирлер болбой койбойт. Социалдык тармакта эмгектенген ар бир кызматкерге жоопкерчилик жана чыдамкайлык каалайм. Бул жооптуу аманатты аркалаган тажрыйбалуу адистердин арасында өзгөчө жаш кызматкерлерибиз тандап алган багытында татыктуу, үлгүлүү устаттарынан сабак алып, ак эмгекти абийир менен өтөйт деген ишеничтемин. Себеби «Эл эмгегин жер жебейт».

Кесиптештеримди, жалпы эле элибизди Жаңы жыл менен куттуктап, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана бекем ден-соолук тилейм! Ошондой эле, жаңы ийгиликтерди, биргелешкен күч-аракеттердин натыйжасында өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшү үчүн жемиштүү иштерди каалайм!

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2