AUCA the best 2

2024-03-29

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Жибек Шарапова: Өзгөчө балдарга билим берүүдө убакыттан уттурбашыбыз керек

Жибек Шарапова “Звёздочки” балдарга билим берүү борборлорунун, “Тенсай” кыргыз-жапон мектебинин жана  Кыргызстандагы алгачкы инклюзивдик мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Аталган мектепте балдар АКШ жана Жапон мамлекеттеринин программасынын негизинде окутулат, анткени бул өлкөлөр инклюзивдик билим берүү боюнча дүйнөдө лидер болуп эсептелет. Учурда “Сезимтал” инклюзивдик мектебинде 24 бала билим алат. Жибек Шарапова биздин журналга инклюзия тууралуу маек курду.

 

- Инклюзияны тандап алганыңызга караганда, абдан таасирленген көрүнөсүз. Анткени, мындай жоопкерчиликти моюнга алуу оңой эмес. 

- Туура айттыңыз, таасирим абдан күч. Бишкекте “Тенсай” кыргыз-жапон мектебин Ниязова Айпери курбу кызым менен чогуу негиздегенбиз. Жапония инклюзия боюнча дүйнөдө лидерлердин бири болгондуктан, өзгөчө балдардын ата-энелеринин кызыгуусу да күч болду. Мисалы, Жапон өлкөсүндө инклюзивдик билим алган көптөгөн өзгөчө балдар ири компанияларда иштешет, алар мамлекеттен жана ата-энесинен көз каранды эмес. Натыйжа абдан жогору. 

Быйыл “Тенсай” мектебинде жайкы лагерь уюштуруп калдык. Биздин лагерге майып балдар дагы келишти. Өзгөчө балдардын апалары аларды коомчулукка көрсөтүүдөн айбыгышат, лагерге да албай койбосун деп, дайындабай эле берип кетип калышты. Жайкы эс алуу учурунда мен бул балдардын тагдыры тууралуу абдан көп ойлондум. Анүстүнө өзүм да кош бойлуу болгондуктан энелик сезимдерим ого бетер күчөп, лагерде иштеп жүрүп аларга өзгөчө мээрим төгүп калган элем. Балдардын бирөөсү мени “апа” деп атай баштаганда, ансайын жүрөгүм элжиреп кетти. Ошол күндөн баштап, өзгөчө балдардын тагдыры менин жумушума айланды. Интернет булактарында жазылгандай, статистика боюнча 13 жылдын ичинде Кыргызстанда майып балдардын саны 55%га көбөйүптүр,  алардын бештен бир бөлүгү гана билим алат экен. Бул көрсөткүч мени абдан чоочутту. Ал кезде ийгиликтүү иштеп турган “Тенсай” кыргыз-жапон мектебин башка имаратка көчүрүп, ал жерде өзгөчө балдарды окутуучу мектеп түптөйбүз деп чечтик. 

Алгач кадамдарды таштап жатканда, жагымдуу окуя болду. Жараткандын буйругу менен инклюзияны дүйнөгө даңазалаган, өзгөчө балдар менен иштеген, Билим берүү министринин кеңешчиси, атайын педагогиканын доктору, АКШдагы Конверс университетинин профессору Гионис Елена мага телефон чалып калды. Ал өкүл баласын “Тенсай” мектебине алышыбызды өтүндү. Көктөн издегеним жерден табылып, инклюзия боюнча профессор менен жолугуп, биргеликте көптөгөн пландарды түздүк. Өнөктөшүм Айпери да бул демилгени колдоду. Ал эми Елена айым күчтүү дефектолог адиси Анжелика Паризованы сунуштады. Ошентип, Елена жана Анжелика айымдар дагы мектепти түптөөчүлөрдүн бири болуп калышты. Ал эми мектебибизди “Сезимтал” деп атоону чечтик. Анткени, биз окуткан балдардын көпчүлүгүнүн кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү, өзүн алып жүрүүсү өзгөчө, айлана-чөйрөнү башкача сезип туюшат.

Инклюзия – бул майып балдар менен алты саны аман балдардын чогуу билим алуусу жана мамиле куруусу. Биздин мектепте башка мектептерден айырмаланып, өзгөчө шарттар түзүлдү. Мисалы, күнүгө дефектолог, логопед, психолог менен тыгыз иштешүү, салттуу мектептегидей билим берүү программасы, 3 маал тамак-ашы, музыка, флай йога сабактары бар. Бардык сабактар майып балдардын коомго толук аралашуусун камсыздоого багытталган. Бул балдарды өстүрүүдө убакыт чоң роль ойнойт. Уттурбаш керек! 

Ал эми өзгөчө балдардын энелери дагы колу-буту тушалып калат. Бардык аракетин баласына жумшап, күнү-түнү анын тагдырын ойлонуп атып, бат эле карылыкка алдырып коюшат. Башка балдарга окшобогон наристелердин айынан ажырашып кеткен үй-бүлөлөр дагы көп. Көбүнчө балдар жалгыз эненин колунда калат. Өкүнүчтүү. 

Биздин мектеп эртең мененки саат 8ден кечки 18ге чейин иштейт. Муну менен биз ата-энелерге шарт түзүп берүүнү көздөдүк. Учурда биздин апалар өзү сүйгөн жумушу менен алектенип, башка балдарына да көбүрөөк мээрим төгүп, жылмайып, маанайлары көтөрүлүп калды. Өзгөчө балдардын ата-энелери да психологдордун жардамына муктаж, өз баласы менен кызматташуу жолдорун үйрөтүүчү тренингтерди өтүү зарыл. Биз мунун баарын мектепте уюштурдук.

- Жогоруда белгилеп кеттиңиз, мектептеги окутуу программасы башка окуу мекемелериникиндей эле деп. Бирок, инклюзивдик билим берүү салттуу билим берүүдөн баары бир айырмаланса керек... Педагогикалык жана психологиялык жактан дегендей...

- Эгер жөнөкөй мектепте класстагы бардык балдардын мүмкүнчүлүктөрү бирдей болсо, биздин класста отурган 8 баланын мүмкүнчүлүгү ар башка. Коомдо өзүн алып жүрүү тажрыйбасы аз. Биздин мектепке алгач эч качан көпчүлүккө кошулбаган балдар келип, 3 айдан бери билим алып жатышат. Башында мектепте ызы-чуу көп угулуп турса, азыр кадимки мектептей эле тынч. Балдар сабак менен алектенип калышты. Дисциплина, коңгуроо, кол көтөрүп жооп берүү адатка айланды. Биздин окуучулардын 70 пайызы аутизмге чалдыккан балдар. “Күн балдары” өзүмчүл келишет. “Сезимталдын” мыкты адистеринин аракети менен учурда балдарыбыз досторду таап, жашоосунан башка кишилерге ишеним көрсөтө башташты, мектеп дубалдарында алгачкы сөздөрүн айта башташты. 

- Өзгөчө мектепти ачууда кандай кыйынчылыктар болду?

- Кыйынчылыктар деп айта албайм, бирок бир канча маселелер болду. Эң эле биринчи инклюзия боюнча Кыргызстанда усулдук материалдардын жетишсиздиги көйгөйүнө кабылдык. Бизде инклюзивдик билим берүү боюнча бирдиктүү программа түзүлө элек. Ал эми эски китептер совет доорунан бери жаңылана элек.  Жакында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев инклюзия боюнча атайын концепцияга кол койду. Бул багытта алгылыктуу иштер аткарылышына үмүт пайда болду десем болот.

- Адистер жана педагогдор жөнүндө айта кетсеңиз...

- Азыр атайын квалификацияга ээ болуп, майып балдар иштейм деген жаштар жокко эсе. Инклюзия эмес, жөнөкөй мектепте мугалим жетишсиз. Баары саясатчы, стоматолог, юрист, ырчы болгусу келет. Мугалим болуу, тилекке каршы, жаштар арасында популярдуу эмес. Мындан улам албетте, адистердин жетишсиздиги курч маселе бойдон калууда. Биздин мектепте учурда Кыргызстандагы эң алдыңкы дефектологдордун бири Анжелика Паризова, атайын өзгөчө балдарга спорт боюнча методикасын жазган флай йога мугалими, педиатр, педагогика илимдеринин кандидаты Владимир, күчтүү логопед Александра жана башка көптөгөн адистер, олигофрен-педагогдор, психологдор,музыкант күндөн-күнгө балдардын өнүгүшүнө салым кошуп келишет. Алдыга коюлган максаттардын аткарылышы үчүн мына ушундай күчтүү адистер менен иштөөнү туура көрөм. 

- Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жагы кандай болууда? 

- Заман өзгөрдү, технология болуп көрбөгөндөй өнүктү. Педагогикада да чоң өзгөрүүлөрдүн болушу табийгый көрүнүш. Балдарга мезгилден артта калбай билим берүүдө биздин педагогдор үчүн көптөгөн тренингдерди жүргүзүп турабыз. Заманбап усулдук материалдарды колдонобуз. Ушул айдын башында АКШ мамлекетинин алдыңкы программисттери менен психологдору иштеп чыккан аутист балдарга арналган “Майло Роботун” Елена Гионис алып келди. Дүйнө жүзү боюнча АКШдан кийин эң биринчи биздин мектепте ушундай укмуштуудай робот колдонулуп баштады. Андан тышкары ILs, математика боюнча  touch Math жана башка методикалар Кыргызстан боюнча алгач биздин мектепке алып келинди. "Сезимталда" бир да мугалим “бул балада үмүт жок” деп айтпашы керек. Тескерисинче, ал баланын талантын ачып, эч кандай тоскоолдуктарга карабастан мугалимдик милдетти так аткаргандарды чыныгы агартуучу деп тааныймын. Алдыда, эч кандай кыйынчылыктан качпай, “мен жеңемин, балдарды коомдун толук кандуу мүчөсү кылып тарбиялайм” деген мугалимдер менен иштөөнү көздөйм.

- Инклюзивдик билим берүү – билим берүүдөгү революциябы же эволюциябы?

- Инклюзивдик билим берүү – бул замандын негизги талабы, жаратылыштын логикалык мыйзамы жана планы десем жаңылышпайм. Бул албетте коомдун эволюциясы, ал эми эскирип калган билим берүү системасында революция! Биздин мамлекетте 180.000 мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашаса, алардын 31.000 балдар.  Өнүккөн мамлекет жана коом гана бул балдарды инклюзия аркылуу катарга кошуп алып кетет. Адам техника жана материалдык жактан өнүгүп, адамдык аң-сезимин жоготпой, моралдык жана гумандык жоопкерчиликти сезген жана өз балдарынын келечегине кайдыгер эмес киши албетте инклюзияны колдойт деп эсептейм жана өз балдарын да ушул жолдо тарбиялайт. 

Мен эки жыл мурда Жапонияга барып, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар дүйнөлүк “Омрон” компаниясында иштеп жатканын көрүп таң калгам. Алар “Бул кайрымдуулук эмес, бул шанс!” деген девиздин астында эмгектенишет экен. Ал эми мындай ири компаниялар мамлекет тарабынан салыктан арзандатуу алышат экен. Демек, бул менчик компаниялар менен мамлекеттин инклюзияга болгон оң мамилеси. Мен мындан абдан таасирленип, жүрөгүмдө үмүт пайда болду. Ар бир бала коомго аралашып, жашоосу үчүн өзү жоопкерчилик алып, бир кесиптин ээси болуп, өзү тандаган чөйрөдө ийгилик жаратса экен деп тилейм. Нобель сыйлыгынын ээси болсо экен деген эң эле позитивдүү оюм да бар. 

Ал эми биздин мамлекетте жөнөкөй пандустарды орнотуп, майыптардын күнүмдүк жашоосуна шарт түзүү, окуу программаларын иштеп чыгуу – учурдагы коомубуздун, биздин негизги максаттарыбыздын бири, мамлекеттин өнүгүү программасынын көйгөйү. Татыктуу жашоодо баарыбыздын мүмкүнчүлүктөрүбүз бирдей болушу керек! Өзгөчө адамдарды өзүбүздүн катарыбызга кошуп алуу - бул биздин түздөн-түз парзыбыз!

Интервью

 

Жаңылыктар

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2