AUCA the best 2

2023-03-25

Интервью

Чолпонбек Жээналиев: Согуштан соо келүү мүмкүн эмес...

23-февраль – Мекенди коргоочулар күнүнө карата Баткен согушунун ардагери Чолпонбек Жээналиев “Kereez” редакциясына интервью берди. Ал 1971-жылы Ош облусунун Ленин районуна караштуу Советское айылында туулган. Үй-бүлөлүү. 3 уул, 2 кыздын атасы. Учурда Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде, Бишкек компьютердик система жана технология колледжинде “Аскерге чейинки даярдык” боюнча сабак берет.

- Баткен окуясы башталганда канча жашта элеңиз?

- 1999-жылы мен 28 жашта элем. Мекенимдин бүтүндүгү үчүн өз каалоом менен Жалал-Абад шаардык аскер комиссариатына келип, Ош шаарындагы 36806 мотоаткычтар аскердик бөлүгүнө кошулдум. Колго курал алып, мекенди коргоого кеттик. Алгач, душман менен Чоң-Алай багытында, “Абрамов” муздугунда кармаштык.

Мекендин ар бир ташы ыйык болот экен. Карыш жери үчүн кашык каныбыз калганча күрөштүк. Душманды жерибизден сүрүп чыгарып, аталар калтырган журтубуздун бүтүндүгүн сактап калдык. 

- Баткен согушунун ардагерлер кеңеши кандай иштерди аткарып жатат?

- Баткен согушунун ардагерлер кеңеши 2008-2009-жылдары түзүлгөн. Кеңеш бүгүнкү күнгө чейин өзүн-өзү каржылап, ардагерлерге кам көрүп келе жатат. Өзүбүз демилге көтөрүп, жер-жерлерге барып Баткен согушу жөнүндө айтып берип, жаштарды мекенди сүйүүгө үндөп келебиз. Аракет кылып, согушта курман болгон жигиттерге арнап эстеликтерди орноттук. Кечээ эле Ысык-Ата районунун Туз айылында 2000-жылы курман болгон Туратбек Осмонов деген баатыр жигиттин өзү окуган мектебине мемориалдык тактасын коюп келдик. Апасы Үмүт апага II даражадагы “Айым” төш белгисин ыйгардык.

- Билишимче, мамлекет тараптан колдоо жакшы эмес...

- Туура айтасыз. Баткен согушунун ардагерлерине жакшы көңүл бурулбай келет. Медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү – биз үчүн эң маанилүү. Согуштан соо келүү мүмкүн эмес. Ооругандар көп. Көпчүлүк ардагерлер ижара батирде жашашат. Алардын мамлекет турак үй жагынан жардам берсе деген үмүттөрү дагы эле өчө элек. Материалдык жардам да канчалык көңүл жубатаар эле...

- Чыныгы патриот ким?

- Эл-жерин сүйүү – чыныгы патриот үчүн жетишсиз. Ага кам көрө билиши керек, аны коргой билиши керек, аны көздүн карегиндей сактай билиши керек.

- Жаштарга кандай насаат айтаар элеңиз?

- Жаштарды дайыма билим алууга чакырып келем. Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат. Билим алууга умтулгула. Көп китеп окугула, мекенге кызмат кылууну ошол китептер үйрөтөт.

Мектеп

Жалал-Абадда ишкердикти өнүктүрүү боюнча эл аралык конференция өттү

Жалал-Абадда 14-15-сентябрь аралыгында Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасынын жана BOOST программасынын алкагында “Регионалдык кызматташтык — Фергана диалогу” аталышындагы эл аралык конеренция өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күздө Sinopharm жана Pfizer вакциналары келиши күтүлүүдө

Күздө Sinopharm жана Pfizer вакциналары келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдиргендигин коронавируска каршы Республикалык штаб маалымдады.

Орхан Инанды Кыргызстандын да, Түркиянын да паспортторун колдонуп жүргөн

Бишкек ШИИББдин тергөө кызматы Орхан Инандыны уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Тележурналистика курсу

Тележурналистика курсу:

☑️ Телевидениеде иштөөнүн өзгөчөлүктөрү⠀
☑️ Сюжет жана репортаж даярдоо⠀
☑️ Текст менен иштөө⠀
☑️ Үн коштоо, сүйлөө техникасы⠀
☑️ Интервью⠀

Конвергенттүү журналистика

Конвергенттүү журналистика - бул мультимедиалык контентти түрдүү медиаплатформада таратуу🤯 Бул түшүнүк журналистика кесибинин универсализацияланышына байланыштуу пайда болгон. "Универсал" деген сөзгө маани бериңиз 👆 Конвергенттүү журналистикага кросс-журналистика, мультимедиа түшүнүктөрү синонимдешип келет. Демек, "Конвергенттүү журналистика" курсунда эмнелерди үйрөнө аласыз.

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2