AUCA the best 2

2024-04-19

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Жакшылык Матанов: Максатым - билимдүү муунду өстүрүү

Жакында эле “Россия” телеканалынын “Удивительные люди” көрсөтүүсүндө эсепке жөндөмдүү Арсен Рахымбеков көпчүлүктү таң калтырды. Ал эми Максим Галкиндин “Лучше всех” телешоусунда Альбина Орозакунова стекинг боюнча өнөрүн көрсөттү. “Интеллект” окуу борборунун зирек балдары “Борбордук Азия таланттарды издейт” долбоорунда финалга чейин жетип, мыктылыгын көрсөтүп билимдүү Кыргызстандын имиджин калыптандырууда. Мына ушунун баары Жакшылык Матанов жана анын командасынын эмгеги. Бир эле учурда бир канча долбоорду ийгиликтүү ишке ашырып келе жаткан Жакшылык Матанов менен маектештик.

- Учурда канча долбоор менен иштеп жатасыз? Көбүнчө агартуу жагынан иш алып барып жатат окшойсуз?

- Учурда биз 3 долбоор менен иштеп жатабыз. Алардын бири “Интеллект” окуу борбору, аны 4 жыл мурда түптөгөнбүз. Кыргызстан боюнча 15тен ашуун филиалдарыбыз бар. Ошондой эле, Ташкентте, Франциянын Страсбург шаарында да ачылган. Биз билим сапатына басым жасайбыз. Жакында эле Орусиянын телекөрсөтүүсүнө катышып келген “эсептегич балабыз” муну далилдеп турат. Андан сырткары, 2019-жылдын жыйынтыгы менен математика боюнча дүйнөлүк олимпиаданын тизмесинде биздин окуучулар 8-орунда турат. Азыр келерки жылы 130 мамлекеттин катышуусунда өтүүчү дүйнөлүк олимпиадага даярданып жатабыз.

Экинчи долбоор – “Айыл кэмп” этно лагери. Бул долбоор 3 жыл мурда иштеп баштаган. Негизги өзгөчөлүк - лагердин программасы улуттук баалуулуктарга негизделген: балдар кыргыз тилинде сүйлөшүп, окуп, үрп-адат, каада-салтты терең үйрөнө алышат. Жыл сайын үч агым болуп, ар бир агымда 100дөн кем эмес бала топтолот. 

Үчүнчүсү – стекинг спорту. Биз бул оюнду Кыргызстанда жайылтуу максатында федерация түптөгөнбүз. Тарыхына көз чаптырсак, 1980-жылдары Америкада пайда болгон интеллектуалдык оюн. Ал шахмат сыяктуу эле балдардын аң-сезимин өстүрөт. Европа жана Чыгыш өлкөлөрүндө дене тарбия сабагынын программасына киргизилген. Кыргызстан дүйнөдө элүү бешинчи, ал эми Борбордук Азияда биринчилерден болуп расмий өкүлчүлүгүн ачты. Учурда бул багытта да кызуу иш алып барып жатабыз.

 

- "Удивительные люди" көрсөтүүсүндө элди таң калтырган Арсен Рахымбековдун арты менен "Интеллект" окуу борбору тууралуу бүт Кыргызстан кабардар болуп турат. Окуу борбору жана Арсен тууралуу айтып берсеңиз...

- Ал көрсөтүүгө түрдүү өлкөлөрдөн өзгөчө талантка ээ болгондор барат эмеспи. Катышуучуларынын бири менен олимпиадага бирге катышып калып, ал көрсөтүүгө бизди сунуштаптыр. Андан соң, “Россия” телеканалынын “Удивительные люди” көрсөтүүсүнүн редакциясы мага көрсөтүүгө катышуу тууралуу сунуш жиберишти. Биз жалпы жамаат менен бир бүтүмгө келип Арсенди тандап алдык. Анткени, Арсен телеге көп чыгып, эфирде өзүн алып жүрүшү жакшы, сүрдөбөй сүйлөп үйрөнүп калган эле. Арсен баргандан кийин “Удивительные люди” көрсөтүүсүнүн редакциясы кызматташуу тууралуу сунуш берип, учурда кийинки жылга балдарды даярдап жатабыз. Алар менен 4 жылга кызматташуу боюнча келишим түздүк. Андан сырткары Максим Галкиндин “Лучше всех” телешоусунда Альбина Орозакунова өнөрүн бүткүл континентке тартуулады. Кызыбызга Галкин өзгөчө баа берип, көпчүлүк таң калды.

Федерация тууралуу айтып берсеңиз?

- Федерациянын түзүлгөнүнө жарым жыл болду. Кыска аралыкта жакшы ийгиликтерге жеттик. Биз алып келгенден кийин Бишкектеги менчик мектептер спорттун бул түрүн дене тарбия сабагынын программасына киргизип алышты. Стекингди “жарыш” деген бренд менен тааныталы деп жатабыз. Чет өлкөлүктөр Кыргызстанга “жарышка” барабыз, - деп турса кандай сонун!

Буюрса, Кыргызстанда “Жарыш - 2020” 24-25-26-мартта өтөт. Баш байгеге 10 миң доллар коюлган. Андан сырткары, ар бир категорияда жашына жараша 500 доллар, 300 доллар, 100 доллар акчалай сыйлыктар каралган. Учурда бул мелдешке катышуу тууралуу 56 өлкө кат жиберди. Стекинг – адамдын аң-сезимин өстүрөт. Ал эми улгайган кишилер ойносо, муун ооруларын дарылайт. Бул оюндун пайдалуулугу тууралуу америкалык окумуштуулар эчак эле изилдеп чыгышкан. Учурда стекинг абдан популярдуу оюн эсептелүүдө. Ошондуктан, жалпы билим берүү мектептеринин окуу программасына киргизүү тууралуу сунушумду Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге айттым. Ал киши да колдоорун билдирип, бул багытта да иштеп жатабыз. 

- Саресеп салсак, жалаң эле балдар менен иштейт экенсиз. "Айыл кэмп" долбоору качан, кантип башталды? Лагерге балдар көп эле топтолдубу? Негизи, ата-энелер кандай кабыл алышты? Аталган лагерде шарттар тууралуу айтып берсеңиз?

- Абдан сонун суроо болду. Бул долбоордун идеясы Стамбул шаарында пайда болду. Ал жакта конференцияга катышып, психологдордун “гаджет” деген оору пайда болду дегенин угуп калдым. Түркияда “гаджет” дартынан айыктыруучу атайын ооруканалар да ачылыптыр. Абдан таасирлендим. Кыргызстанга келсем, “Айыл кэмп” тасмасы чыгыптыр. Кинону көрүп, лагерь ачууну чечтим. Тасманын режиссёру менен жолугуп, “Айыл кэмп” деген атты расмий түрдө сатып алып ишке кириштим. Лагерь 2017-жылы ачылды. Бул жерде балдар 10 күн бою эч кандай гаджети жок эс алат. Ата-энелер менен да ушул шарттардын негизинде келишим түзөбүз. 

Лагерде психологдор да иш алып барышат. Балдардын бош убактысы жок болот. Кыргыздын көрөңгөсүн, маданиятын улуттук оюндар, тамак-ашы аркылуу сиңиребиз. Мисалы, кыздар курут, талкан жасашат, жарма салышат, эт, боорсок бышырышат, от жагышат, беш бармак жана башка улуттук тамактарды жасап отуруп бош убактысы калбай калат. Негизги максатыбыз “гаджет” дартынан арылтуу менен кыргыздын дүйнөсүн таанытуу. Долбоор жакшы жыйынтык берди. Быйыл эл аралык деңгээлге чыгууну мерчемдеп турабыз. Бул багытта Түркия, Азербайжан жана Казакстан менен кызматташуу боюнча аракеттер жүрүүдө. 

- Кыргызстандын негизги байлыгы - анын адамдары. Дегеле, бардык өлкөдө ушундай. Адам ресурсун өнүктүрүү үчүн мамлекет эмнелерге көңүл бурушу керек деп ойлойсуз? 

- Ооба, ар бир эле мамлекеттин негизги байлыгы – бул анын адамдары, алардын да каймактары – балдары. Эгерде мамлекет балдардын жетилүүсүнө көңүл бурбай, капитализмдин артынан кууп жүрө берсе, бул эртеңки келечек коркунучта калганынан кабар берет. Учурда бала бакчалар, мектептер керектүү билимди бере албай жатат. Буга мектептердин саны аздыгы да терс фактор болуп кошулат. Мисалы, бир класста 50нүн тегерегинде бала окуп жатат. Алардын баарына мугалим көңүл бура алабы? Ата-энелер материалдык баалуулуктарга көбүрөөк көңүл бурушат. Баланын жан дүйнөсү, билими жана тарбиясы менен иши жок. Советтер союзу учурунда билим берүү тутуму жакшы иштеген дешет. Туура, жакшы иштеген. Бирок азыр заман башка. Технология өнүккөн доордо жашап жатабыз. Бул система менен биздин билим берүүбүз эл аралык майданга чыга албайт. Эгер мамлекет билим берүү тутумун оңдоп, заманбап окууга өтпөсөк жаркын келечек жөнүндө сөз кылбай эле коёлу. 

- Кыргызстан билим жагынан канткенде эл аралык деңгээлге чыга алат? Сиздин оюңуз?

- Кыргызстан бүгүн англис, кытай тилдерин балдарга бакчадан үйрөтүп башташы керек. IT тармагын колго алып, олуттуу мамиле башталганда гана эл аралык деңгээлге чыга алабыз. 

- Азыр XXI кылым. Технологиянын заманы. Бирок, мектептер сиз айткандай XIX кылымдагы форматы менен калып кеткен. Азыр балдарга мектепте окуу кызыксыз. Анткени, 19-кылымга караганда 21-кылымда адамдын маалымат алуусу триллион эсеге көбөйдү. Мектептерди заманбапташтырууда эң эле биринчи эмнеге көңүл бурулуш керек? 

- Мисалы, мектепте эң чоң байт – бул мегабайт деп окутат. Көчөгө чыксак, элдер терабайт колдонуп жүрөт. Билим берүү заманга шайкеш болушу керек. Финдердин системасы жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө. А биз окуу программасын жаңылоо ары турсун, мектептерге дурустап даараткана куруп бере албай жатабыз. Ата-энелер деле айрым шарттарды түзүп берүүгө кудурети жетет. Бирок, каражат чогултуп берүүдөн чочулап калышкан. Анткени, коррупция өрчүп турган мезгил. Элдин өкмөткө ишеними солгун. 

- Келечекке койгон пландарыңыз? Сиздерден кандай уникалдуу долбоорлорду күтсөк болот?

- Азыр бир чоң долбоордун үстүнөн иштеп жатабыз. Коомго жарыялаган учурда биле аласыздар. Ал эми өзүм жөнүндө айтсам, мен билим берүү тармагына салым кошуп, балдарды өстүрүү менен алектенем деп көп жылга пландагам. Саясатка барбайм, депутат же министр болгум келбейт. Жашоодогу негизги максатым - дүйнөгө таанылган Оксфорд, Кэмбридж сыяктуу окуу жайларды түптөп, тарыхты өзгөрткөн окумуштууларды, профессорлорду даярдоо.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2