2024-12-30
Интервью
Улугбек Ормонов: Өндүрүштү өнүктүрүүгө көңүл буралы
Биз Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов менен маектештик. Улугбек Ормонов мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер. Кыргызстандын финансы-экономикалык кызматынын отличниги.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине 70-жыл”, Орус суу алдындагы флотунун 100-жылдыгына арналган, КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттери аралык Ассамблеясынын 15 жылдыгына арналган медалдары менен, ошондой эле Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгына, достугуна чоң жеке салым кошкондугу үчүн Улуу Петр II даражадагы Ордени менен сыйланган.
- Саламатсызбы, Улугбек Зулпукарович. Учурда кайсыл мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп жатасыз?
- Саламатчылык. “Коопсуз шаар” долбоору иштеп баштагандан бери жол эрежесин бузгандарга салынып жаткан айып пулдун кымбат экендиги боюнча нааразычылыктар көп айтылды. Элдин талабын эске алып, айып пулдун баасын төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Аталган мыйзам долбоору парламенттин окуусунан өттү, эми өлкө башчыбыз кол койсо күчүнө кирет.
Андан сырткары, туризмди өнүктүрүү жана мамлекеттик казынаны толтуруу максатында аба майданынын айланасында казино ойнотууга уруксат берүү жөнүндөгү мыйзамдын үстүнөн иштеп жатам. Казино бир гана чет элдик туристтер үчүн болот. Бул практика башка өлкөлөрдө ийгиликтүү ишке ашып келе жатат. Ошондуктан, Ысык-Көлдөгү жана Бишкектеги аба майданынын айланасында казино курууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатам. Мисалы, Ысык-Көлдөгү аба майданын курууга 2 миллиард сом сарпталган. Биз каражат табуу булактарын издебесек, аэропорт 50 жылда да өзүн актабайт. Салынган каражат - элдин акчасы. Ошондуктан, жоопкерчилик менен мамиле кылуубуз керек.
Мисалы, “Манас” аба майданына мейманкана курууга 300 миллион сом жумшалган. Бул объект учурда иштебей турат. Аба майданынын айланасындагы объекттерди жандандырып, андан каражат табуу үчүн казинолорго уруксат берилиши керек. Чет өлкөлүктөр келип ойноп, эс алса Кыргызстандын казынасына каражат түшө берет. Андан сырткары, жумуш орундары да пайда болот. Мыйзамды парламентке, коомчулукка алып чыкканда көп сын-пикирлер болот. Аны түшүнүп турам. Бирок, туризмди өнүктүрүү жана казынага каражат салуу максатын көздөгөн мыйзам долбоору кабыл алынат деп үмүт кылам.
- 20 жылдан ашык убакыт өндүрүш тармагында иштедиңиз. Бул багытта азыркы учурда кандай аракеттер болууда?
- Мен Бишкектеги прибор чыгаруучу заводдо жөнөкөй мастерден баштап, жетекчилик кызматка чейин көтөрүлдүм. Жогорку Кеңеште дагы өзүм көп жыл эмгектенген өндүрүш тармагын өнүктүрүү максатында иш-аракеттерди жасап келем. Учурда ири мамлекеттик өндүрүш ишканаларынын иштебей турушу кейитет. Анткени, өндүрүштү өнүктүрбөсөк, экономика алга жылбайт. Убагында Бишкектеги Ленин атындагы заводдо 12 миң, айыл чарба шаймандарын чыгаруучу Фрунзе заводунда 15 миң, азыркы “Дастан” заводунда 8,5 миң киши иштеп турган. Жалпысынан Бишкектин өзүндө эле 100 миңден ашык киши жумуш менен камсыз болгон. Эгемендүүлүк алгандан кийин анын баарын чакан ишканаларга айлантып салдык. Заводдор жабылды. Түштүктөгү текстиль комбинатынын ордунда азыр базар жайгашкан. Жибек комбинатынын имаратында “Таатан” базары. Кыргызстан чоң базарга айланып калды. Учурда мына ушул заводдордо иштелип чыккан товарларга болгон суроо-талап да күч. Ошондуктан, өндүрүш тармагын жандандырып, өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатам. Бул тармакты өрүш алышына аракеттенип, жумуш орундарын түзүп экспортко иштешибиз керек.
- Эл менен канча убакытта жолугуп турасыз?
- Мен VI чакырылышка үчүнчү жолу депутат болуп шайланып келдим. Алгач, 2005-жылы бир мандаттуу тартип менен шайланып келгем. Андан кийин партиялык тизме менен келдим. Партиялык тартипке өткөндөн кийин депутаттар эл менен көп жолукпай калды. Эл өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги да бир аз төмөндөдү. Бир мандаттуу тартип менен шайланып келгенде ай сайын барып, эл менен жолугуп турчубуз. Азыр андай болбой калды. Буга байланыштуу парламент өкүлдөрүнө карата сын-пикирлер дагы күч алды.
III чакырылышта депутат болуп иштеп жүргөндө райондун акимчилигинин имаратынан атайын бөлмө алып, өкүлүбүз иштеп турчу. Айылда болуп жаткан бардык жагдайлар боюнча маалымат алып турат элек.
Азыр болсо кичи мекеним Өзгөндө элдин суроо-талабы менен жылына бир жолу чоң жыйын курабыз. Анда райондогу кырдаалды талкуулап, чечүүгө муктаж болгон көйгөйлөрдү карап чыгабыз. Бул иш-чара 3 жылдан бери салтка айланып калды. Негизи эле, кичи мекеним Өзгөнгө бат-баттан барып турганга аракет кылам.
- Сиздин дарегиңизге айтылган сын-пикирлерге кандай карайсыз?
- Туура сын-пикир болсо, албетте туура кабыл алып оңдогонго дайыма ашыгам. Тилекке каршы, орунсуз сын-пикирлер көп болгондуктан, кулактын сыртынан өткөрүп жибергенге туура келет. Себеби, ар бир негативдүү пикирлерге көңүл бура берсең, иш калып калат.
- Өзгөн жергесинде жыл сайын спорттук иш-чара өткөрөсүз. 17 жылдан бери салтка айланып калды. Баары эмнеден башталды эле?
- 2003-жылы чакан волейбол оюнунан башталган. Аймактагы жаштар бул оюнду абдан жакшы көрүшөт жана чыдамсыздык менен күтүшөт. Азыр болсо өзүнчө бир чоң майрамга айланып калды. “Өткөрбөй эле койсокпу” деген оор жылдар да болду. Бирок, жаштардын бул оюндарга болгон мамилесинен улам кандай кырдаал болбосун өткөрүүгө аракет кылып келем. Мында бир туугандарымдын салымы көп. Анүстүнө атамдын атында болгондуктан, жоопкерчилик дагы чоң.
- Өзүңүз спорт менен машыгасызбы?
- Окуучулук жана студенттик күндөрдө волейбол ойноп жүргөм. Мектептин курама командасынын капитаны да болчумун. Студенттик кезде да машыгууну таштаган жокмун. Азыр болсо денени тарбиялап, ден соолукту чыңдоо үчүн спорттук аракеттерим күч.
- Маанилүү маек үчүн чоң рахмат, ишиңизге ийгилик каалайбыз!