AUCA the best 2

2025-10-16

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

Эл аралык семинарлардын жыйынтыгы

Өткөн жумада БААУда Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын суу ресурстары тармагында илим жана техника боюнча кызматташуусунун алкагында “Суунун сапаты” деп аталган эл аралык тематикалык семинар өткөн. Семинарда агынды суулар, суу менен камсыздоо жана суунун сапаты жөнүндө талкуу болгон. Ар өлкөдөн келген адистер өз ара тажрыйба алмашып, Европадагы суу менен камсыздоо багытында конкреттүү мисалдар келтирилген.

БААУнун атынан катышкан “Колдонмо геология” департаментинин жетекчиси, доцент Жеенбек Куленбеков семинар тууралуу кеп курду.

- Жеенбек Эшмуратович, семинардын тематикалары бири-бири менен тыгыз байланышып турат. Эмне үчүн бир багыттагы иш-чара эки бөлүккө бөлүнүп өткөрүлдү?

- Чындыгында, семинарлардын тематикасы бир багытта болду. Биринчиден, суу – өзүнчө, кенен изилдене турган объект. Ошол эле учурда суу экосистемасы да бар, мисалга суу саздактарын алсак болот. Эгер суу булганса, анда жашаган бардык микроорганизмдерге абдан чоң таасирин тийгизет. Ошондуктан, суунун сапаты өзүнчө тема катары каралды. Андан сырткары, суунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири абдан чоң, суусуз эч кайсы экосистема жашай албайт. Ошондуктан, сууну ар багыттан талкуулап, семинарды экиге бөлүп өткөрдүк.

- Семинардын жыйынтыгы кандай болду?

- Бул сыяктуу эл аралык иш-чараларда катышуучулар өздөрүнүн изилдөөлөрү жана анын жыйынтыктары менен бөлүшүшөт. Башка окумуштуулар менен тажрыйба алмашып, изилдөөнүн жаңы багыттарын үйрөнүүгө далалаттанышат. Борбор Азия өлкөлөрү менен Афганистандан келген окумуштуулар көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алып, жакшы жыйынтыкка келишти деп ойлойм. Мындай семинарлар илимий коомчулуктун биргеликте иш алып баруусуна жана алардын тыгыз кызматташуусуна өбөлгө түзөт.

Экинчиден, учурда изилдөө иштеринин дээрлик баары эле эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылат. Тандоодогу негизги критерий – бул долбоорлордун практикалык реализациясы. Жыйынтыгында, илимий-изилдөө иштерине берилүүчү гранттар коюлган максаттардын аткарылышына шарт түзүү менен калктын көйгөйүн чечүүгө түрткү берет.

- Изилдөөлөр тууралуу кененирээк айтып берсеңиз...

 - Учурда климат планетардык масштабда өзгөрүп жатканы баарына белгилүү. Глобалдык жылуулук тууралуу көп угуп калдык. Бул өзгөрүүлөр эң эле биринчи айыл чарбага таасирин тийгизет. Окумуштуулар жаңы ыкмаларды колдонуу менен мына ушул өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жолдорун издеп жатышат. Мисалы, тамчылатып сугаруу. Бул ыкма сууну үнөмдөөгө жана айыл чарбасын эффективдүү өнүктүрүүгө багытталган. Андан сырткары, илимий кызматкерлер дарыя сууларынын көлөмүн эсептеп бериши ыктымал. Мындай эсептер жергиликтүү калктын сууну үнөмдөп иштетүүсүн камсыздап берет. Жерди туура пайдаланууну да илимдин тили менен айтып берүүгө болот.

-Сиздин оюңузча, семинар өз максатына жеттиби?

- Ооба. Коюлган тапшырмалар 97-98 пайызга аткарылды деп ойлойм. Илимий кызматкерлердин байланышын чыңдоо – иш-чаранын максаттарынын бири болчу. Биз бул байланышты түзө алдык деп ойлойм.

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2