2024-12-21
Билим
ЧЫҢГЫЗ ШАМШИЕВДИН БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА АЙТЫЛГАН ЦИТАТАЛАРЫ
Жакшы билим берүү деген эмне? Ушул жана башка билим берүүгө тиешелүү темалардын айланасында Борбордук Азиядагы Америка университетинин вице-президенти, БААУнун Инновациялык колледжинин башкы директору, Франциянын экономика илимдеринин доктору, профессор Чыңгыз Шамшиевдин учкул сөздөрүн топтодук.
© ️ Ооба, бизде ар бир экинчи адам экономист же бухгалтер дешет. Эгерде ар бир экинчи адам ЖАКШЫ экономист же ЖАКШЫ бухгалтер болсо, анда эмне үчүн мыкты адистер жок? Эгерде бухгалтер чындыгында мыкты адис болсо, анда ал мыкты финансисттин, мыкты менеджердин ж.б. кесиптердин да жумушун алып кете алат. Маселе адистикте эмес, маселе билим берүүнүн сапатында.
© ️ Жакшы билим берүү мекемелери сапаттуу адистерди даярдайт, алар кийин каалаган тармагында өзүн таба алышат.
© ️ Жакшы билим берүү - бул тез, күтүүсүз өзгөрүүлөр жана чоң көлөмдөгү карама-каршылыктуу маалыматтар шарттарында маселелерди чечүү чеберчилигин камсыз кылган билим.
© ️ Эгерде буга чейин билим берүүдөгү көйгөй маалыматтарды таап, аны студенттерге берүү болсо, азыр маалыматтардын ашыкча көптүгү кыйынчылыктарды жаратууда. Маалыматтын ашыкча көп болгону маалыматты жок кылат. Башкача айтканда, ашыкча маалымат билим берүү процессин татаалдаштырат. Бүгүнкү күндө жакшы билим берүү - бул маалыматты талдай билүүгө, чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүүгө, булактарды туура тандап, аны иштете билүүгө үйрөтүү болуп саналат.
© ️ Билим берүү системасынын миссиясы - биринчиден, адамдарды бактылуу болууга, ар кандай тармакта өзүн табууга, тагдырдын соккуларына туруштук берүүгө, ар дайым өзгөрүп турган шарттарга көнүүгө, жаңы идеяларды жаратууга жана аларды турмушка ашырууга, башка адамдар менен оңой байланышууга, кырдаалга жараша пландарды өзгөртүүгө жана өзгөрүүдөн коркпоого үйрөтүү болуп саналат.
© Адамдарды башкача ой жүгүртүүгө, оор шарттагы көйгөйлөрдү чечүүдө стандарттуу эмес мамиле кылууга, алар иштеп чыккан чечимдерди ишке ашыра билүүгө, каталар менен иштей билүүгө үйрөтүү керек. Булар мектептерде, колледждерде жана университеттерде окутулушу керек болгон негизги компетенттүүлүктөр.
© Мурда экономиканын жөнөкөй түрлөрүндө, коомдук уюмдун анча татаал эмес формаларында колдонулган "кесиби боюнча иштөө" деген түшүнүктөн акырындап баш тартуу керек. Кесиптик адистештирүү, тармактык билим берүү кала бериши керек, бирок универсалдуу компетенттүүлүктөр менен бышыкталышы керек. Тагыраак айтканда, тармактык компетенттүүлүк универсалдуу компетенттүүлүктү колдонуу чөйрөсү катары окутулушу керек.
© Алгач экономиканы математиктер жана инженердик персонал менен камсыз кылып, андан кийин гана санариптештирүү жөнүндө кеп кылса болот.
© ИДПнын 24-27%ын билим берүү тармагына жумшалат дегени – бул статистиканы манипуляциялоо. Бул каражаттардын бардыгы мугалимдердин эмгек акысына, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнө жана коммуналдык кызматтарды төлөөгө жумшалат. Жада калса өлкөдөгү мектептердин жана университеттердин оңдоо иштерин жүргүзө албайбыз. Демек, бул чыгымдар инвестиция эмес, мурдагы чыгымдарды жабууга кеткен чыгашалар. Биз билим берүүнү өнүктүрүүгө каражат бөлбөйбүз жана ансыз экономикалык өнүгүүнүн кандайдыр бир программалары жөнүндө сөз кылуунун эч кандай мааниси жок.
© Экономика үчүн билим берүү системасынын ролу өтө маанилүү - бул өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн эң керектүү болгон фактор.
© Бизде IT - индустриясында жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок, биз программалоо менен математиканын ажырагыс байланышын түшүнүшүбүз керек. Математиканы мектепке чейинки мекемелерде окутууну баштоо керек. Физика жана математиканы тереңдетип окуткан, адистештирилген мектептердин санын көбөйтүп, сапатын жакшыртуу керек. Ошондой эле колдонмо математиканы өнүктүрүү керек. Себеби, колдонмо математиканын ролу экономиканын бардык тармактарында өсөт берет.
© Биз логикалык ой жүгүртүү, кырдаалды реалдуу баалоо, узак мөөнөттүү максаттарды коюу, көйгөйлөрдү логикалык түшүнүү, жашообузду рационалдуу уюштуруу, ар кандай маселелерге критикалык көз караш менен мамиле кылуу жана башка адамдардын көз карашын сыйлоо жөндөмүн өрчүтүүбүз керек.
© Тилекке каршы бизде, көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдүүлүгү, критикалык ой жүгүртүү жана маалымат менен иштөө окутулбайт. Биздин мектеп окуучулары жана студенттер логикалуу ой жүгүртүп, жаза алышпайт. Демек, алар окуй алышпайт жана логикалык, структуралык ой жүгүртө да алышпайт. Ошондуктан жазуу жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүү маанилүү. Бирок буга карабастан, биздин билим берүү мекемелерибизде тесттер жана сынактын оозеки түрлөрү басымдуулук кылат.
© Кыргызстандын билим берүү жаатында лидер болууга жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар. Биздин республиканын негизги фундаменталдык атаандаштык артыкчылыгы - кимдир бирөөгө канчалык таң калыштуу көрүнбөсүн – бул өлкөдөгү коомдук-саясий контекст. Биз салыштырмалуу демократиялык коомду түзө алдык жана бул билим берүү тармагын өнүктүрүүдөгү эң мыкты ресурс болуп саналат. Анткени, эркин ой жүгүртүлбөгөн, саясий эркиндиги жок өлкөдө жакшы университет болушу мүмкүн эмес.