AUCA the best 2

2024-04-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

Бишкекте 9-декабрь күнү “Орион” мейманканасында “ОRO JEWELRY EXPO” экинчи эл аралык көргөзмөсү ачылат. Аны утурлай иш-чарага катышып жаткан “Maxim Demidov” зер жасалгалар үйүнүн VIP бөлүмүнүн жетекчиси Дмитрий Демильченко менен жолуктук.

- Дмитрий, Maxim Demidov” бренди тууралуу айтып берсеңиз?

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйүнүн 20 жылдык тарыхы бар. Биздин өндүрүш Россияда: Екатеринбургда жана Уралда жайгашкан. Биздин бренддин негиздөөчүсү – Максим Васильевич Демидов. Ал кесипкөй геммолог, асыл таштарды коллекциялаган адис. Максим Васильевич таштарды жакшы түшүнөт жана аларга болгон чексиз сүйүүсүн компанияга жана кызматкерлерге сиңире алган. “Maxim Demidov” зергер үйүндө дүйнөнүн төрт бурчунан алынып келген асыл жана баалуу таштардын уникалдуу коллекциясы бар. Бул Россия боюнча мыкты коллекция саналат. Биз ар адамды таң калтырган, кардарлардын статусун жана ишенимин бекемдей турган таштарды тандайбыз. Мисалы, Параиба турмалини же зымырыт кайсы мезгил болбосун, жакшы инвестиция болуп кала берет. Себеби булар жылдан-жылга кымбаттай бере турган таштар. 

- Кайсы өлкөлөрдөн кайсы таштарды алып келесиздер?

- Жогоруда айтканымдай, зер жасалгаларды жасоо үчүн асыл таштарды ар кайсы өлкөлөрдөн, түрдүү континенттерден тандап алганга аракет кылабыз. Мисалы, зымырыт. Биздин коллекцияларыбызда Урал зымырыттарынан (Малышевский кенинен) тышкары Замбия, Бразилия, Колумбиядан келген таштар бар. Биздин зер буюмдар 750чи жогорку пробадагы алтындан жасалат. Бишкекте 9-15-декабрда өтө турган көргөзмөгө сейрек кездешүүчү – Мексиканын опалы, Бразилиянын лаванда аметисти, Кытай берметтери, Австралия опал арлекини коюлат. Булар чындап эле дүйнөнүн эң асыл жана жарым асыл таштары. 

- Зер жасалгалардын жасалуу жолдору жөнүндө айтып берсеңиз?

- Кандай жасалга болбосун, тарыхы таштан башталат. Анын касиеттерине карап сүрөтчү жана дизайнер анын моделин иштеп чыгат. Ар бир зер буюмдун 3D модели түзүлгөндөн кийин тиешелүү адистердин сынынан өтөт. Ийне-жибине чейин каралып, бир чечимге келгенден кийин гана жасалга ишке берилет. Баары жеке жана колдо жасалат. Компаниянын зергерлери, сүрөтчүлөрү жана дизайнерлери ар бир ташка өзгөчө көркөмдүк берип, асыл буюмдарды дитин коюп жасашат. Ырас, айрым жасалгалар кайталанышы мүмкүн, бирок баары бир ташы өзгөчө болуп кала берет. Биздин компания сапатка абдан көңүл бөлөт: ар бир жасалга алгач заводдо, андан кийин кеңседе кылдат текшерүүдөн өтөт.

“Maxim Demidov” бардык зер жасалгаларга бүт өмүрлүк кепилдик бере алат. Бул абдан маанилүү. Биз өндүрүүчү компаниябыз – жасалганын өлчөмүн өзгөртүп же оңдоо биз үчүн кыйын эмес. Муну анча-мынча компаниялар кыла албайт.

- Зер жасалгаларды кайсы өлкөлөрдө сатып алууга болот?

- “Maxim Demidov” зер үйү - эл аралык компания. Биздин зер буюмдарды Израиль, АКШ, Белоруссия, Казакстан, Армениядан сатып алышат. Кыргызстандан дагы күйөрмандарыбызды табабыз деп ишенем. Көргөзмөгө катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Жаңы жыл майрамынын алдынан мындай саамалыктын болуп жатканы абдан маанилүү. Анткени, бул уникалдуу белектерди сатып алууга жакшы мүмкүнчүлүк.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2