AUCA the best 2

2024-05-02

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Түрк Соода-өнөр жай палаталар биримдигинин ишкер айымдар комитетинин мүчөсү болгон 8 өлкөнүн өкүлдөрү Стамбулда жолугушту. Ага: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия менен байкоочу мүчө болгон - Венгрия жана Түркмөнстандан ишкер айымдар чакырылган.


Форумда Түркия палаталар жана биржалар биримдиги менен Түркиянын соода-өнөр жай палаталары биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу акыркы 15 жылда ишкер айымдардын саны эки эсеге өсүп, 6 пайыздан 12 пайызга жогорулаганын айтты: 

"Биз аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз. Анткени биздин доордо мамлекеттердин байып кетүү жолу - ишкерлердин көп болушу менен байланыштуу. Күчтүү мамлекеттер өздөрүнүн ишкерлеринин күчү менен алдыга чыга алды. 

Акыркы 15 жылда ишкерлердин арасында аялдардын үлүшү эки эсеге өсүп, 6 пайыздан 12 пайызга чейин өстү. Эми бул көрсөткүчтү дагы да көтөрүүнү максат кылып жатабыз. Биз аялдардын ишкердигинин өнүгүшүн - маанилүү фактор деп эсептейбиз”. 

Стамбул Соода палатасынын төрагасы Шекиб Авдагич түрк дүйнөсүндөгү айымдардын ордун белгилеп, салттарды сактап калуунун маанилүүлүгүн белгиледи: 

“Түрк аялдары менен эркектери инновацияда, өндүрүштө, алдыңкы технологияларды өнүктүрүүдө жана ойлоп табуучулукта бирге болушу абзел. Түрк кылымынын максатына ишкер түрк аялдары менен гана жете турганыбызды абдан жакшы билебиз”.

Бизнес-форумга Кыргызстандан Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри, “Эко Деми” коомдук фондунун президенти жана Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын аялдар комитетинин жетекчиси Айжан Чыныбаева катышты. Ал заманбап чакырыктарга каршы туруу жана өз ара пайдалуу кызматташтык маселелерин чечүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууда бардык мүчөлөрдүн биргелешкен кызматташтыгынын маанилүүлүгүн баса белгиледи: 

“Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы өнүгүү жолун үлгү кылып алган. Анткени союз мезгилинде палатанын миссиясы башкача болчу. Биздин мамлекеттин жетекчилиги палатанын динамикалык өнүгүшүн колдоп, өнүгүү стратегиясын өзгөрткөн. 

Мен Соода-өнөр жай палатасынын айымдар комитетинин төрайымы катары аялдардын бизнестеги орду абдан маанилүү экенин баса белгилеп айткым келет. Бүгүнкү күндүн чакырыгы - бул аялдын сүйүктү жар, мээримдүү эне же жөн гана ишкер болбостон - позитивдүү өзгөрүүлөргө себепчи болушу абзел. 

Бул форум - мамлекеттер аралык диалогдун башаты болуп калышы керек деп ойлойм: анткени бизди бириктире турган жагдайлар абдан көп. 

Казакстандагы абалды мисал катары айткым келет. Мына ушундай кырдаалдарда биргелешип, туура чечим кабыл алуу үчүн кандайдыр бир аянтчанын болушу зарыл. Биз жөн гана ишкерлик менен алектенип калбай, глобалдуу маселелерди чечүүгө катышуубуз керек. Анын ичинде экологиялык көйгөйлөр да бар”, - деди Чыныбаева. 

Түркиянын соода-өнөр жай палатасынын аялдар комитетинин жетекчиси Хатидже Гунер аталган палатанын тарыхына токтолуп, анын ишмердүүлүгү жана аялдардын ишкерликтеги орду тууралуу сүйлөдү:

“17 жылдан ашык убакта 700дөй киши катышты. Биз - аялдар ишкерлигин колдогон жалгыз эл аралык уюмбуз. Айымдардын дараметин баалап, алардын ийгиликке жетишинде ар тараптан колдоо көрсөтүп келебиз. Ошондой эле жаштардын бизнес жүргүзүүсү үчүн да алгылыктуу иштерди жасап жатабыз”. 

Азербайжандан келген өкүл Сакина Бабаева эң эле биринчи өлкө башчыларына ыраазычылык билдирди:

“Айымдардын биргеликте иш алып барышына шарт түзүп берген мамлекет башчыларына терең ыраазычылыгымды билдирем. Түрк соода-өнөр жай палатасынын аялдар комитети айымдардын ишкерлигин колдоо боюнча абдан маанилүү чечимдерди кабыл алып, жемиштүү иш-чараларды өткөрүп келет. 

Биздин жолугушуубуз да жоогазындар ачылган мезгилде болуп жатканы жөн жерден эмес. Бул өзгөчө символикалуу форум болуп жатат”. 

Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысынын орун басары Мерей Мукажан да түрк мамлекеттериндеги ишкер аялдардын улуттардын келечегин калыптандырууда жана маданий мурастарды байытууда абдан маанилүү роль ойнорун айтты:

"Бул жолугушуу ишкер аялдарды шыктандырган кызматташтык, инновация, инвестиция жана бир туугандык рухунун күчтүү далили. Бул иш-чара - тажрыйба алмашуу жана чектерди жакындаштырууга мыкты мүмкүнчүлүк”.

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары - мамлекеттердин мамилесин чыңдоочу, экономикалык өсүүгө түрткү боло ала турган чоң күч экени талашсыз. Форумдун натыйжасында жакынкы келечекке пландар түзүлүп, айымдар ортосундагы бекем кызматташтыкка жол ачылды. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2