AUCA the best 2

2024-04-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Интервью

Азиза Турдуева: “Өз Мекенинин, элинин келечеги үчүн ак кызмат өтөө менен өз ысымын тарыхта калтыруу - эч нерсеге алмаштыргыс чексиз бакыт

Турдуева Азиза Суюмбаевна – тарых илимдеринин кандидаты, саясат таануучу, дипломат, кезинде Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Прагадагы баш кеңсесинде жана Бишкектеги өкүлчүлүгүндө, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы долбоорлорунда, Тышкы иштер министрлигинде, Улуу Британиянын Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институтунун Бишкектеги кеңсесинде иштеп, Ош облусунун губернаторунун орун басар кызматын аркалап келген. Учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын алдындагы Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фондунда эмгектенет.

 

Азиза Суюмбаевна, Кытайдагы кыргыздардын тарыхы боюнча  алгачкылардан болуп изилдеген элеңиз, бир эки ооз сөз айта кетсеңиз?

- Студент кезимде Генерал Ысакбек Монуй уулу тууралуу дипломдук иш жазып калдым. 1944-жылы Шинжаңда көз карандысыз Чыгыш Түркстан Республикасы түзүлгөндө Ысакбек Монуй уулу анын Улуттук армиясынын башында турган. Ал Кытайдагы кыргыздардан чыккан мыкты саясий, коомдук ишмер, аскер башчысы болгон.  Ошол дипломдук иштен улам, Кытайдагы кыргыздардын тили, маданияты, үрп-адаты, жашоо-шарттары кандай болгондугу маселеси айрыкча кызыгуумду жаратты. Ал кезде Кытайдагы боордошторубуз жөнүндө маалыматтар аз эле. 

Жалпысынан, кыргыздар Шинжаң аймагында көөнө доордо жана андан соң IX кылымдын ортосунан тарта жашап келгендиги кытай, фарсы тилиндеги жазма булактарда белгиленген. Бир топ окумуштуулар кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоо аймагында орто кылымдарда IX-X-кылымдардан тарта байырлаганын иликтешкен. Тарыхчылар ошондой эле Хун доорунда эле кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоо аймагында жашагандыгы тууралуу да жазышат.  

1884-жылы Орусия менен Кытайдагы Цин (Чың) империясынын ортосунда кайрадан чек ара бөлүнүп, натыйжада кыргыздардын негизги бөлүгү Орусияга, экинчи бөлүгү Кытайга карап калган. Ошол мезгилден тарта кыргыз тарыхында кытай букаралыгын тааныган боордоштурубуз “кытайлык кыргыздар” деген термин менен шарттуу атала баштаган. Кыргызстандагы 1916-жылдагы көтөрүлүштүн кесепетинен да бир ууч кыргыздар Мекенинен ажырап, Кытайда  түбөлүккө калууга мажбур болгондугу маалым. Андан соң, 1920-1930-жылдары да, совет бийлигине каршы турган “”басмачылык кыймылдын” учурунда, коллективдештирүү жылдары аларды кулакка тартуу мезгилинде да, кыргыздардын жоон тобу Кытайга качууга аргасыз болгон.

1949-жылы Кытай Эл Республикасында коммунисттик ыңкылап жеңишке жетип, 1955-жылы Шинжаң аймагында Кызыл-Cуу кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн. Кытайдагы башка аз улуттардын катарында кыргыз элинин да тилин, адабиятын, маданиятын андан ары өнүктүрүүгө өлкөдөгү улуттук саясат жол берген. Учурда Кытайда 202 миңден ашуун  кыргыз жашайт.

Белгилүү болгондой, Кытайдын акылман жана даанышман мамлекет лидери Дэн Сяопин өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салымын кошту. Ал “кытайлык өзгөчөлүктөрү менен социализмди куруу” концепциясын андан ары реформалап, заманбап  реформаларды жүргүзүүдө коммунисттик идеологияны базар экономикасы талаптары менен айкалыштыруу концепциясын иштеп чыккан.

Кытайдын идеолог-реформаторлору социализмдин социалдык багыттагы жетишкендиктерин сактап калуу менен катар, базар экономикасынын механизмдерин элдин кызыкчылыгында иштетүүнү жолго койо алышты. Алар өлкөнүн келечегине байланыштуу реформаларды чоң жоопкерчилик менен ишке ашырышкан.           1980-жылдары башталган экономикалык реформалардын натыйжасында, Кытай кыска мөөнөттүн ичинде мурдагы артта калган агрардык өлкөдөн саясий жана экономикалык жактан кубаттуу мамлекетке айланды. Ошондуктан, мамлекеттин өнүгүү жолдорун аныктап, реформаларды улуттук кызыкчылыкта жүргүзө ашыра алган Дэн Сяопин, Цзянь Цземинь өңдүү көсөм башчыларын кытай эли ар дайым аздектеп келет. 

Кытайдагы кыргыздар жалпы кытай эли сыяктуу эле, өлкөдөгү экономикалык реформалардын үзүрүн көрүп, Кызыл-Суу Кыргыз облусундагы өнөр жай, айыл чарба, курулуш, тейлөө, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана башка тармактар өнүккөн. Буга байланыштуу боордошторубуздун социалдык жашоо шарттары да кыйла жакшырган.   

- Кытайдагы кыргыздар Сизди эмнеси менен таң калтырды? 

- Эң биринчиден, боордошторубуздун Кыргызстанга болгон чексиз сүйүүсү, эгемен Кыргызстан бар экендигине айтып бүткүс сыймыктануусу мени кубантты. Ал жактагы кыргыз боордошторубуз тарыхы бизге белгилүү болгон уйгур туугандар менен кылымдар бою жанаша жашап, мамлекеттүүлүк, эгемен өлкө, өз алдынча мамлекетке ээ болуу кандай бакыт экендигин терең түшүнүшөт экен. Ошол 1990-жылдардын башында кызыл-суулук кыргыздар таңыркап кызыгып сурап калышаар эле, Кыргызстандын эли  мамлекеттин эгемендигин кандай шаан шөөкөт менен тосуп алды? деп... Көрсө, алар, эгемендиктин жарыяланышын зор тарыхый окуя катары кабыл алышып, ар кимиси короолорунан малын алып чыгарып, курмандыкка чалышып,  абдан кызуу белгилешиптир.  Аларды угуп, биз, Кыргыз эли, бактылуу элдердин катарына кирээрибизге, өзүбүздүн Мекенибиз, көз карандысыз Мамлекетибиз бар экендигине абдан башкача кубанганым эсимде. 

1990-жылдардын башында Кытайдагы кыргыздар бизге келип кеткенге мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болчу. Ар бир боордошубуздун көзүнөн Кыргыз жери өтүп, Ата Мекенимди бир көрүп келсем, бул дүйнөдө арманым жок эле деп көп айтышат эле.  

Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз облусунда  мектептерде сабактар кадимки кыргыз тилинде өтүп, сабактар боюнча окуу китептеринин баары араб ариби менен кыргыз тилинде Үрүмчү, Артыш шаарларындагы Кыргыз басмаканасынан чыгарылчу. Кыргыз радиосу жана кыргыз тилинде телекөрсөтүүлөрдүн болгондугу,  “Шинжаң кыргыз адабияты”, “Тил жана котормо” аттуу журналдардын кыргыз тилинде жарык көрүшү, “Манас” эпосун изилдөө коомунун алгылыктуу ишмердүүлүгү да таң калтырган.         

Өзгөчө туугандарыбыздын кыргыз тарыхына, дастандарына, адабиятына, маданиятына болгон кызыгуусунун жогорулугу, ар бир үйдө комуз бар экендиги, балдар чекеден кыргыз күүлөрүн черткени, төкмө акындар, өлөңчү, жамакчылар, обончу, ырчылар арбын экендиги, “Манас” эпосун жана башка кыргыз дастандарын айткан таланттуу өнөрпоздорго кытай өкмөтү тарабынан ай сайын атайын стипендия төлөнөөрү да жагымдуу көрүнүштөрдөн болгон. 

Кытайга барган сапарларымда элибиздин залкар манасчысы Жусуп Мамай менен бир нече ирет кездешип, ал өзүнүн манасчылык өнөрү тууралуу кеп салып берээр эле. Маектеринин биринде Жусуп Мамай Кыргызстандагы боордошторуңүзга кандай каалоо айтмаксыз деген суроомо мындай жооп айтты эле:

Кыргыз эли чачыранды болуп жашап келген эл. Азыр карасанар, саны 80 миллионго жеткен күрттөр, саны 30 миллионго жакындаган уйгурлар өз мамлекеттүүлүгүнө ээ болбой жүрүшөт. Саны алардан кыйла аз кыргыз элинин  өз Дөөлөтү, эгемен Мамлекети бар экендигине өтө сүйүнөм, кубанам. Ушул Дөөлөттү барктап, сактап, кыргыздар ынтымакта, биримдикте болушун каалайм, - деген манасчы. 

- Бирок, бүгүнкү күндө Кытайдагы боордошторубуздун абалы опурталдуу болуп калды...?

Жакынкы эки-үч жылдан бери биз да Шинжаңдагы абал тууралуу маалымат каражаттарынан гана окуп, угуп  калдык. Ал жактагы кыргыздар дээрлик байланышка чыкпай калышты. Кыргыз интеллигенциясынын негизги бөлүгү “саясий тарбиялоочу жайларында” ар кандай мөөнөт ичи отуруп чыгышканы тууралуу айтылууда. Кытайдагы кыргыз окумуштуулары мурда Кыргызстанга байма-бай келип, “Мурас” Фонду тарабынан өткөрүлгөн илимий жыйын, конференцияларга жигердүү катышып, илимий макалаларын сунуштап турушчу. Көп жылдар бою, алар менен биргеликте иликтөөлөрдү жүргүзүп, бир нече китептерди жарыкка чыгарып келдик. 

- Учурда Сиз иштеп жаткан “Мурас” фонду кандай иштерди аткарып жаткандыгына кыскача токтоло кетсеңиз. 

- “Мурас” Фондунун негизги максаты –– Кыргыз тарыхын жаңыча изилдөөгө, окутууга арналган илимий иштерди жүргүзүү. Маалым болгондой, Кыргызстандын жарандарын, өзгөчө жаш муундарды мекенчил жана мамлекетчил маанайда тарбиялоодо тарыхтын орду өтө маанилүү. Фонд Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых комиссиясы тарабынан кабыл алынган планды жүзөгө ашырат. Фонд менен Тарых комиссиясы тарабынан илимий-методологиялык ж.б. жыйындар системалык негизде өткөрүлүп келет. 

Өзгөчө инсан таануу, Кыргыз каганатынын тарыхына, манасчылык өнөрүнө байланыштуу, советтик идеологиянын мезгилинде изилденип келген улуттук-боштондук көтөрүлүштүн  тарыхы, совет мезгилинин жана пост-советтик доордун урунттуу окуяларына арналган талкуулар, жыйындар өткөрүлдү. Алардын жыйынтыктары көп томдуу Кыргыз тарыхын жазууда, орто мектептерде жа жогорку окуу жайларында  тарыхты окутууда колдонулуп келүүдө. Бүгүнкү күндө тарыхчылар жалпы коомчулук, эл менен тыгыз иш алып барууда. Фонддун кызматкердери Кыргыз тарых комиссиясынын мүчөлөрү менен бирдикте жер-жерлерде тарых мугалимдери менен жаңы стандартта жазыла турган окуу китептери боюнча да талкууларды жүргүздү. Тарых сабагын окутуунун жаңы стандарты иштелип чыгып, бүгүнкү күндө республиканын орто мектептерине киргизүү чаралары сунушталган. 

“Мурас” Фонду тарабынан Кыргызстандын жана кыргыз элинин тарыхына арналган 40тан ашуун китеп жана жыйнак жарык көрдү.  Белгилей кетчү жагдай, иликтөөлөрдүн баары жаңы тарыхый булактарга, жаңы архивдик маалыматтарга негизделип, жаңыча илимий көз караштар менен жазылды. 

2019-жылы Фонду менен Бээжин шаарында жайгашкан Кытай Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун ортосунда кызматташуу жөнүндө Келишимге кол коюлган. Өткөн жылы Байыркы Кытай тарыхы боюнча чыгаан окумуштуу, профессор Ю Тайшан көөнө кытай жазмаларында кыргыздар тууралуу биздин заманга чейин 10-кылымга байланыштуу окуялар чагылдырылган уламышта жазылып калган уникалдуу маалыматты жарыялады. Бул жаңы маалыматка ылайык, Кытай жазма булактарында байыркы кыргыздар тууралуу маалыматтар мындан 3000 жыл мурдагы заманга таандыктыгы белгилүү болду. Кытайлык булак таануучу кесиптештер менен биргеликте кыргыз тарыхы жаатында көөнө жана орто кылымдардагы ханзу (кытай) жазма булактарынын оригиналдуу маалыматтарын иргеп, топтоп, жарыялоо иштери быйыл да улантылууда. Ошондой эле учурда Орусия, Казакстан, Өзбекстандагы архивдерде сакталган кыргыз тарыхына байланыштуу документтер иликтенүүдө. 

Келечекте кыргыз элинин байыркы мезгилден тартып бүгүнкү күнгө чейинки тарыхын изилдөөдө жаңы толуктоолор, ачылыштар күтүлүүдө. Алар тарыхчылардын архивдик изилдөөлөрү, археологиялык иликтөөлөрү, жазма булактардын үстүндө талыкпай эмгектенүүсү, этнографиялык табылгалары ж.б. менен тыгыз байланыштуу болот. 

- Тарыхчы катары пикириңизди айтсаңыз, кандай инсандардын тарыхта орду калат? 

Негизи, биз, кыргыз эли эң байыркы, түптүү, уюткулуу, уңгулуу эл болуп келгенбиз. Кыргыз эли турк маданиятынын түптөлүшүнүн башында турганбыз. Кыргыздын узун тарыхында ар бир доор өзүнүн баатырларын чыгарып келген. Кыргыздын улуу баатырлары, мекенчил даанышмандары Барсбек, Алп Сол, Тагай бий, Шырдакбек, Тайлак баатыр, Алымбек Датка, Курманжан Датка, Кубат бий, Эр Солтоной, Бердике баатыр, Жайыл баатыр, Байтик баатыр, Шабдан баатыр, Балбай баатыр, Пулат хан, Ормон хан, Байзак баатыр сыяктуу улуу эр жүрөк инсандар кыргыздын азаттыгы, келечеги үчүн кан жанын аяган эмес. Алардын ысымдары түбөлүк элдин жүрөгүндө жана тарыхта калды. Өз Мекенинин, элинин келечеги үчүн ак кызматын өтөө - эч нерсеге алмаштыргыс чексиз  бакыт. Негизи тиги же бул мамлекеттин тагдыры, анын өнүгүшү, элинин жашоо деңгээли бийлик башында турган инсандарга, алардын алдына койгон максат-мүдөөлөрүнө, билим деңгээлине, ниетине байланыштуу экендиги таасын. 

Мына, 1920––30-жылдардагы кыргыз интеллигенциясы, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Иманаалы Айдарбеков, Баялы Исакеев,  Касым Тыныстанов, Абдыкерим Сыдыков жана башкалар өз элинин келечеги үчүн жан үрөп иштеп, алардын ысымдары тарыхта, эл оозунда түбөлүк калды. Бүгүнкү күндө бул инсандарды элибиз аздектеп, аларга тасмалар арналып, китептер, илимий диссертациялар жазылып атат. 

1940-жылдардан тарта республиканын башында турган жетекчилер  Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Төрөбай Кулатов, Турдакун Усубалиев, Апсамат Масалиев өңдүү инсандар тууралуу да элибиз жылуу сөзүн айтып, алардын мамлекет үчүн жасаган эмгектери  жогору бааланып келет.  Демек,  мамлекеттин келечеги, элдин кызыкчылыгы үчүн ак кызматын өтөгөн гана инсандардын ысымдары тарыхта түбөлүк калат. (Цитата:“ Мамлекеттин келечеги, элдин кызыкчылыгы үчүн ак кызматын өтөгөн гана инсандардын ысымдары тарыхта түбөлүк калат

Мисалы, Кыргызстандын эгемендигинен кийинки мезгилде бийликте тургандардын арасынан кимдир бирөөнүн ысымы эл оозунда, тарыхта калышы мүмкүнбу

- СССР ыдырагандан кийинки эгемендүү Кыргызстанды алсак, тарыхый кырдаал бир топ лидерлерди саясий аренага алып чыгып, элине ак кызмат өтөөгө, Мекенин өнүктүрүүгө, калктын бакубат жашоосун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берди. Бирок, бийлик башында тургандар колдорундагы саясий карт бланшты, демократиялык өзгөрүүлөр көзүнөн учуп турган ошол кездеги коомдун активдүүлүгүн, жалпысынан республикадагы абдан чоң саясий, экономикалык жана социалдык  ресурсту пайдалана алган жок. Ага баарыбыз күбө болдук. Жогоруда айтылгандай, кайсы мамлекет болбосун, анын өнүгүшү адам факторуна тыгыз байланыштуу экендиги белгилүү. Кыргызстандын да эгемендиктен кийинки өнүгүшү, элибиздин бакубат турмушу  көбүнесе, дал ошол эгемен жылдары бийликте тургандардын колунда эле. Бирок, алардын жасаган иш-аракеттери өз элинин кызыкчылыктарына каршы болуп, мамлекетти  талап-тоноо, алсыратуу күчөп, бийликтин саясий ресурсу толугу менен деградацияланды. 

Тилекке каршы, Кыргызстанда эгемендиктен кийин, үй-бүлөөлүк жана кландык топтор тарабынан бийликтин менчиктештирилип алышынын,  шашылыш түрдө ойлонулбай жасалган радикалдуу экономикалык реформалардын айынан, Кыргызстандын эл чарбасынын көпчүлүк бөлүгү таланып тонолуп, бир бөлүгү ар кандай мыйзамсыз жолдор менен менчиктештирилди.

Көпчүлүк кызматта турган азаматтар мамлекеттин карамагындагы көптөгөн объектилерди, тейлөөчү жайларды, базарларды, жада калса, бала бакчага чейин арзан баада  өздөрүнө каттатып, кийинчерээк, чет элдик инвесторлор менен бирдикте жер байлыктарына көздөрү кызарып, жапырт өтүштү. Аларды көрүп, эгерде эгемен Кыргызстандын башында А.Орозбеков, Ж.Абдрахманов, Б.Исакеев, А.Сыдыков, И.Айдарбеков, И.Раззаков, С.Ибраимов өңдүү таза, ак ниет, чынчыл, элдин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан жогору койгон инсандар, чыныгы мамлекеттик ишмерлер турганда, бүгүнкү күнү өлкөбүз чыныгы өнүгүү жолунда болмок деген ойго келесин. 

Айтор, 1990-жылдары башталган Кыргызстандагы башаламан реформалардын натыйжасында, экомикалык ресурстарга күмөндүү жолдор менен ээ болуп алган күчтөр кийинчерээк өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга да таасирин көрсөтө баштады. Натыйжада, республикада 2005- жана 2010-жылдардагы элдик ыңкылаптар орун алды. Ошондуктан, эгемен жылдары бийликте турган саясатчылардын арасынан кимдир бирөөсүнүн ысымы кыргыз тарыхында даңазаланып калууга татыктуу деп так кесе айтуу кыйын. Тилекке каршы,  алардын көпчүлүгү эл ичинде жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга, өздөрүнө гана байлык топтоого бүтүндөй акыл-эсин жумшаган адамдар катары белгилүү болуп калышты. 

- Он жылдан ашуун мезгил ичи Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде кызмат өтөпсүз. Россиянын Сибир Федералдык округу боюнча Кыргызстандын консулдугун жетектедиңиз. Сибир округу жөнүндө, мигранттарга байланыштуу көйгөйлөр тууралуу айта кетсеңиз? 

Сибир Федералдык округу жөнүндө айтсак, ага Орусиянын 12 субъектиси кирет. Бул округ менен Кыргызстандын ортосунда соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактардагы алакаларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү абдан жогору. Анын үстүнө географиялык жактан жакындыгы, логистикалык шарттары да ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу. Кыргызстан үчүн Сибирь региондору менен кызматташуунун негизги багыттары орто жана кичи бизнес, инвестициялык жана инновациялык, эмгек жана окуу миграциясы,  өнөр жай, айыл чарба, медицина, инновациялык жана жогорку технологиялар тармактарындагы тажрыйба алмашуу түзөт. Сибир округу Орусиянын башка региондорундай эле, эмгек мигранттарына муктаж. Тилекке каршы, Орусияга Кыргызстандан көпчүлүк эмгек мигранттар эч кандай адистиги жок эле келишет. Анын үстүнө, бизде мугалимдердин жетишсиздигинен, айрым мектептерде орус тили да окутулбай жатат.  Бирок, 2010-2013-жж. Сибир регионундагы бир нече орто кесиптик окуу жайлары менен  өз ара сүйлөшүп, көптөгөн мигранттарды кыска мөөнөттө бериле турган адистиктерге (повар, парикмахер, сатуучу, тигүүчү ж.б.) окутканбыз. Ал эми ошол окуу жайлары өздөрү эле биздин бүтүрүүчүлөрдү жумуш орундары менен камсыздап турушкан. Негизи, Орусияга атуулдарыбыз орус тилин бир аз болсо да өздөштүрүп, жок дегенде бир кичинекей кесиптин ээси болуп барышса, ал жактагы жашоо шарттары кыйла жакшы болот. 

Албетте, сырткы миграцияда жүргөн атуулдарыбыз жана алардын жакындары бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп, жапа чегип  келишет, көпчүлүгү ден-соолугунан ажырайт. Муну ар бир үй-бүлөө башынан кечирип атат. Ата-энелердин сыртка кетиши коомдун эң башкы баалуугу болгон үй-бүлө институтуна терс таасирин тийгизүүдө. Балдардын эмгегинин эскплуатацияланышы, аларга карата зордук-зомбулуктун орун алышы, өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштардын көбөйүшү да бир четинен ата-энелердин аргасыздан сыртка кетүүлөрүнө байланыштуу. Кыргызстандын экомикасы өнүгүп, жумуш орундар пайда боло баштаса,  айласыздан сыртта жапа чегип жүргөн атуулдарыбыз, миңдеген ата-энелер мекенине, үй-бүлөөсүнө кайтмак. 

- Азыркы парламенттин сапаттык курамы боюнча кандай пикирдесиз? Жыл аягында Кыргызстанда парламенттик  шайлоо өтөт. Бул шайлоо мурдагы шайлоолордон айырмалынышы мүмкүнбү?

- Тилекке каршы, мамлекеттеги саясий системанын негизги институту болуп эсептелген саясий партиялар Кыргызстанда өнүккөн жок. Алардын көпчүлүгү бүгүнкү күнгө чейин партиялык идеология, өлкөнү өнүктүрүү боюнча концепция, программалары аркылуу бийлике келүү жолун өздөштүрө элек. Кыргыз парламентинин кийинки чакырыштарынын курамы, анын ичинде азыркы Жогорку Кеңештин сапаттык курамына карата да коомчулук тарабынан нааразылыктар айтылып келет. Депуттардын дээрлик көпчүлүгү бизнес тармагынын өкүлдөрү. Бирок, албетте, тажрыйбалуу, акыйкаттыкка умтулган депутаттар да жок эмес. 

Жыл аягында өтө турган шайлоо деле мурдагы шайлоолордон көп айырмаланбайт, демек, анын курамында да өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Анткени, шайлоонун өтүшүн, парламенттин сапатын, аны менен бирге анын ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн, тиешелүү мыйзамдарга орчундуу өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Административдик-территориалдык реформаны жүргүзүү да учурдун талабы. Мисалы, пропорционалдык шайлоо системасы менен катар, мажоритардык шайлоо системасын колдонууну туура көрөм. Парламенттин курамы партия лидерлери тарабынан түзүлгөн тизмеге түздөн түз байланыштуу эмеспи. Ошондуктан, партия лидеринин жооперчилигин күчөтүү, партиялык тизмелерге кошумча талаптарды мыйзам чегинде киргизүү, преференциалдык шайлоону киргизүү, шайлоо учурунда добуштарды сатып алуу үчүн жазаны күчөтүү маселелерине да көңүл бурулушу керек. Учурда саясий партиялар үчүн шайлоого катышуу босогосуна байланыштуу  маселе да коомчулукта кызуу талкууланууда. Мунун баары атуулдардын шайланууга жана шайлоого болгон укуктарын кеңейтип, парламентке көз карандысыз, принципиалдуу, билимдүү, күчтүү инсандардын келишин шарттамак. Ошону менен бирге, депутаттардын жоопкерчилиги да жогоруламак. Бирок, шайлоочулар да өз жоопкерчилигин сезип, татыктууларды тандоодо калыстыгын көрсөтө алышы чоң мааниге ээ. 

Негизи, Кыргызстандагы парламенттик башкарууну эске алганда, өзгөчө жаңы чакырылыштагы Кыргыз парламентине мамлекеттин, элдин келечеги алдында өз жоопкерчилигин терең сезген, элдин кызыкчылыктарын жеке кызыкчылыктарынан жогору койгон мыкты инсандар келиши зарыл. (Цитата: “Өзгөчө жаңы чакырылыштагы Кыргыз парламентине мамлекеттин, элдин келечеги алдында өз жоопкерчилигин терең сезген, элдин кызыкчылыктарын жеке кызыкчылыктарынан жогору койгон мыкты инсандар келиши зарыл”).

- Аялдардын саясаттагы ордуна кандай карайсыз? 

- Менин жеке пикиримде, аялдар саясатка,  мамлекеттик кызматтарга көбүрөөк аралашканы мамлекетти артка түртпөйт, тескерисинче, алдыга жылдырат. Муну бийликте аялдардын саны 50 пайыздан кем эмес Скандинавия өлкөлөрү кандай         өнүгүп жаткандыгы тастыктап турат. Билими, акылы, тажрыйбасы жетиштүү, өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган айымдарга жол ачып, мүмкүнчүлүк түзүш керек. Анын үстүнө, кыргыз коомунда аялдар илгертен сый урматка ээ болгон, алардын пикири тигил же бул маселелер боюнча эске алынып келген. Азыр Европада гана эмес, Азия өлкөрүндө, мусулман мамлекеттеринде  да аялдардын укуктары абдан кеңейип, алардын саны парламентте жана аткаруу бийлигинде көбөйүп жатат. КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Беларуста бийликтеги аялдардын саны 50 пайызга жакындады. Негизи, аялдарга көбүрөөк таянган саясатчы, лидерлер арбын ийгиликтерге жетишет. Анткени, айымдар аракетчил, мээнеткеч, өжөр жана жоопкерчиликтүү келишет. Бийликке айымдардын көбүрөөк келиши мезгилдин жана коомчулуктун талабы,  бул келечектин да кызыкчылыгында. Жыл аягында боло турган парламенттик шайлоого аялдар жигердүү катышып, парламентте алардын саны көбөйүп, алар өлкөнүн, элдин тагдырына, келечегине байланыштуу оорчундуу маселелерге жоопкерчилик менен мамиле жасашат деп ишенем. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2