2024-04-27
Коом
“Эко Деми” коомдук фонду окуучуларга таштанды иргөөнү үйрөтөт
“Эко Деми” коомдук фонду Билим берүү жана илим министрлиги, БААУнун Инновациялык колледжи, ЕРӨБ, “Шоро” компаниясы, “Бакай банк”, жана “Энергетикадагы айымдар” менен өнөктөштүктө “Жер Эне” долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы сегиз мектепте таштанды иргөө маданиятын жайылтуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди.
"Жарандык платформа" ишкер айымдарды колдойт
2024-жылдын жаз мезгилинин биринчи күнү “Шератон” мейманканасында “Биздин айымдар” коомдук кыймылы тарабынан уюштурулган кайрымдуулук форуму өттү. Форумга "Жарандык платформа" коомдук фонду өнөктөш болуп, ишкер айымдарга колдоо көрсөттү. Ошондой эле иш-чараны уюштурууда USAID жана “Ага Хан” фонду биргеликте каржылаган “Жергиликтүү билим берүү” долбоорунун алкагында Accelerate Prosperity да көмөктөшкөн.
Бишкекте Green Office жашыл кеңсе долбоорунун презентациясы болду
Бишкекте эко-директорлор жолугуп, “Green Office” жашыл кеңсе концепциясын презентациялады. Green Office – бул кеңселерде таштандыны иргөө маданиятын калыптандыруу кызматы. Бул долбоор Казакстандын 200дөн ашык ишканаларында ийгиликтүү ишке ашырылган. Ал эми долбоорду Кыргызстанда ишке ашырууну “Эко Деми” коомдук фонду колго алды.
Мекенди коргоо - эң ыйык милдет!
Мекенди коргоо эң ыйык милдет! 2023-жылдын 17-ноябрь күнү Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигине караштуу ок атуучу машыгуу полигон талаасында мектеп окуучулары арасындагы «Мыктыгер» аскердик-патриоттук, спорттук жана тарбиялык мелдеши болуп өттү.
Ошто окуучулар арасында аскердик-патриоттук жана спорттук мелдеш өттү
Мекенди коргоо эң ыйык милдет! 2023-жылдын 17-ноябрь күнү Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигине караштуу ок атуучу машыгуу полигон талаасында мектеп окуучулары арасындагы «Мыктыгер» аскердик-патриоттук, спорттук жана тарбиялык мелдеши болуп өттү.
Базар-Коргондо тааныштарын 1,5 млн сомго алдап кеткен аял кармалды
Базар-Коргон милициясы 1,5 млн сомдон ашуун акчаны алдап кеткен аялды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Акыйкатчы сабалган эгиз кыздардын укугун коргоону өз көзөмөлүнө алды
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева видеодо энеси сабаган эгиз кыздардын укуктарын коргоону жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйткачы институтунан билдиришти.
Кийинүү жана сакал коюу маданияты тууралуу Аалымдар кеңеши эмне дейт
Жогорку Кеңешинин депутатынын бетти жапкан кийим жана көлөмдүү сакал үчүн айып салуу сунушуна байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши билдирүү таратты.
Эртең Кыргызстан боюнча телекөрсөтүүлөр 8 саатка өчүрүлөт
Кыргызстан боюнча 14-ноябрда телекөрсөтүүлөр эртең мененки саат 8:00дөн 16:00гө чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу "Кыргызтелекомдон" кабарлашты.
Таштанды челектен табылган ымыркайдын энеси тергөө абагына киргизилди
Бишкекте таштанды челектен табылган ымыркайдын энеси №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук сотунан билдиришти.
Бишкектин мэри көчөлөрдө башталган оңдоо иштерин тездетүүгө чакырды
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы тротуарлардын курулуш иштерин текшерди.
Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады
Бишкекте туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн 1-ноябрдан тарта баш калкалоочу жайлар иштей баштады, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. Алар 2024-жылдын 1-апрелине чейин иштейт.
Полковник Жеңишбек Жоробеков эң мыкты жетекчи катары бааланды
"Турмуш" маалымат булагы "7 облустун милициясын жетектеген генерал-майор жана полковниктер: кимиси мыкты?" деген сурамжылоо жүргүзүп, 1-ноябрь ИИМдин кесиптик майрамына карата жыйынтыгын чыгарды. Сап башына Ош ОИИБ начальниги Жеңишбек Жоробеков озуп чыгып, эл тарабынан жогору бааланды. Экинчи орунду Баткен ОИИБ башчысы Мурат Боронов багындырса, үчүнчү тизмеге Жалал-Абад ОИИБ начальниги Жеңиш Абитов илинген. Албетте, бул көрүнүш коомчулуктун тандоосу. Бийликте бел боло турган жетекчилер эмгектенсе, алар бааланышы шарт.
Ош шаарына бүгүн жылуулук берилет
Ош шаарында 4-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Оштогу муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасынан билдиришти. Мындай чечим 2-ноябрда кабыл алынган. Жылуулук берилгенден кийин 3-4 күн аралыгында шаардын бардык аймагына толук жылуулук жетет.
Салымбеков той-аштардагы ысырапкерчилик боюнча ой бөлүштү
Коомдук ишмер жана меценат Аскар Салымбеков той-аштардагы чыгымдарды кыскартуу боюнча сунушун Facebook баракчасына жазды. Ал үйлөнүү тойлорун баса белгилеп, анын форматын да өзгөртүү жөнүндө сунушун берди.
Элдик тандоо: Жеңишбек Жоробеков мыкты милиция башчысы деп табылды
Акипресс Turmush басылмасынын окурмандарынын сурамжылоосунун негизинде ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында өткөрүлгөн «Мыкты милиция башчысы» сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. 6611 упай менен Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков алдыга чыкты.
Кой-Ташта 75 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди
30-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында “Ак-Бермет” бала бакчасынын жаңы имаратынын ачылышы болду. Бала бакчанын мурдагы имараты 60 жыл мурда курулуп, эскилиги жеткен эле. Жаңы имарат 75 орунга ылайыкталган.
Бишкектин Свердлов районунда айыл чарба жарманкелери өтүүдө
Бишкектин Свердлов районунда салттуу айыл чарба жарманкелери өтүүдө, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.
Бишкекте 31-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт
Бишкекте 31-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
Жапаров Түп районунун алыскы айылында жаңы чек ара бекетин ачты
Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Каркыра айылында жайгашкан жаңы "Чаар-Кудук" көзөмөл-өткөрмө пунктун ачты.
Кыргызстанда жыл башынан бери 54 миңге жакын жаранга пенсия чектелди
Социалдык фонд үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында 53 миң 432 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
Кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 60 млн сомдон ашык салык түштү
Кыргызстанда 2023-жылдын 9 айында кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 60 млн сомдон ашык салык түштү. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчисинин орун басары Айнура Муртазаева билдирди.
15 жылдан бери Казакстандан келе албай жүргөн КР жарандары мекенине кайтты
Тышкы иштер министрлиги КР Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте Казакстандын Алматы облусунун аймагында 15 жыл бою документи жок жүргөн, эки кыргыз жаранын мекенине кайтарып келүүгө жардам берди.
Бишкекте жол кирени көтөрүү сунушталууда
Бишкекте коомдук транспортто накталай эмес төлөмдүн баасын 20 сомго көтөрүү сунушталууда. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Милиция эл менен: Маңгыт айылында милициянын таяныч пункту ачылды
Ош облусунун Араван районунун Маңгыт айылында милициянын таяныч пункту ачылды. Бул жерде милициянын аймактык тескөөчүсү, балдар иштери боюнча инспекциясы жана кылмыштуулуктун алдын алуу борбору иш алып барат.
Эркечтам жолунда киши коюп кеткен чет элдик айдоочу кармалды
Апрель айында Эркечтам-Ош жолунда 38 жаштагы жаранды сүзүп, качып кеткен оор жук ташуучунун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Бишкекте тоннасы 4 миң 700 сомдон көмүр сатыла баштады
"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы учурда калкка жана Бишкек ЖЭБге көмүрдү үзгүлтүксүз ташуу иштерин графиктин алкагында жүрүгүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Ишкерлерден акча алып жүргөн салык кызматкери кармалды
Салык кызматынын кызматкери ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Улуттук банк жарандарды каржы пирамидаларынан сак болууга чакырат
Улуттук банк жарандарды каржы пирамидаларынан сак болгула чакырат. Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, финансылык пирамида – бул акча салымдын жогорку пайыздык үстөк убадасы менен көп сандагы жарандардын акча каражаттарын тартуу аркылуу жеке адамдарды байытуунун алдамчылык жолу.
Бишкекте таштанды музейи ачылат
«Булгануунун тарыхын түшүнүү – Арт проспект & Трэш-5» экологиялык искусство фестивалынын алкагында Бишкекте таштанды таштоочу жайдын жанында музей ачылат.