2024-05-17
Чынарбек Изабеков: Күчтүүлөр эмес, акылдуулар жеңет
Кыргызстандык ардагер балбан Чынарбек Изабеков Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өткөн эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду. Ал буга чейин ардагерлер арасында өткөн дүйнөлүк биринчиликте эки жолу дүйнө чемпиону аталып, бир жолу коло, бир жолу күмүш медалдын ээси болгон.
Арменияда байыркы баатыр кыздын сөөгү табылды
Ал грек мифтик окуяларында кездешкен амазон баатыры болушу мүмкүн.
БААУнун Enactus командасы сыйланды
Бишкекте ишкердиктин Глобалдык жумалыгы өттү. Анын алкагында жаштар ишкердиги жана ишкердик багытында билим берүү боюнча фестиваль болду.
Француз тарыхчысы Ив Коэн Кыргызстанда лекция окуду
Париждеги социалдык илимдерди изилдөө жогорку мектебинин (École des Hautes Études études en Sciences Sociales) тарыхчысы, профессор Ив Коэн Борбордук Азиядагы Америка университетинде “XX кылым эмне үчүн жетекчилер кылымы деп аталган” темасында лекция окуду.
Орус драма театры оңдолот
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын оңдоп-түзөө долбоорунун сметасы даярдалып бүттү. Ремонт иштери жакында башталарын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.
БААУнун китепканасы Seniors' night иш-чарасын өткөрдү
Алгач китепкананын жетекчиси Жылдыз Бекбалаева сүйлөп, андан ары тематикалык презентациялар болду. Бир жарым сааттын ичинде дипломдук иш жазуу учурунда студенттер кабылган көйгөйлөр талданды.
Эл аралык семинарлардын жыйынтыгы
Өткөн жумада БААУда Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын суу ресурстары тармагында илим жана техника боюнча кызматташуусунун алкагында “Суунун сапаты” деп аталган эл аралык тематикалык семинар өткөн. Семинарда агынды суулар, суу менен камсыздоо жана суунун сапаты жөнүндө талкуу болгон. Ар өлкөдөн келген адистер өз ара тажрыйба алмашып, Европадагы суу менен камсыздоо багытында конкреттүү мисалдар келтирилген.